Индиянын Хардвар шаарында өзүнө-өзү кол салып каза болгон кишинин аялы болом деп анын сөөгүн алып кеткени полицияга 5 аял келген. Маалыматты чет элдик басылмалар жазышты.
Паван Кумар аттуу 40 жаштагы тургун өзүнө-өзү кол салып каза болгон. Жансыз жаткан күйөөсүн аялы ооруканага алып барганда анын өмүрүн сактоого кеч болуп калган.
Врачтар маркумдун сөөгүн полицияга өткөргөн соң аны алып кетем деп кеминде 5 аял келген. Алардын баары маркумдун аялы экенин айтышып, бирок бири дагы никеси каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документ көрсөтүшкөн эмес.
Полициянын берген маалыматына караганда Паван Кумар каражат жагынан кыйналып жүргөн адам болгон, анын банктык эсептеринин баарында акча болгон эмес.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg