Британиялык турист кыз Мексикада экскурсияда жүрүп жол кырсыгына кабылып колу жок калды. Маалыматты жергиликтүү басылмалар жазды.
26 жаштагы Челси Велла аттуу кыз курбусу менен Багги (жеңил жол тандабас) айдап баратып кырсыкка кабылган. Алар куюн каптагандан кийин кыйраган аймакты кыдырып жүрүшүп оодарылып кетишкен. “Мен башымды сактоого аракет кылып жаттым. Бир маалда колум үзүлүп кетип, аны териси эле кармап калды”,- деген Велла.
Кыз ошол боюнча ооруканага барган. Врачтар анын колун үзүлгөн жеринен кесип салышкан. Учурда анын абалы жакшырууда деп билдирди дарыгерлер.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg