МЭЭНЕТИ ДА, КИРЕШЕСИ ДА КӨП ТОПОЗЧУ

Топоздор өлкөбүздүн жайы салкын, кышы суук болгон аймактарында багылат. Анын эти, сүтү, териси, жүнү, ал тургай мүйүзү да пайда алып келет. Жайыттан өз жемин таап жеп, катуу кышта гана кол караган топозду багып келе жаткан алайлык фермер топоз багуунун машакаты жана пайдасы, сырлары менен бөлүшөт.

«50 ТОПОЗУМДУ КӨЧКҮ, 17 ТОПОЗУМДУ УУРУ АЛДЫ»

-Мен Эшмамат Патаев Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жар-Башы айылынын тургуну болом. 50 жаштамын. Учурда 200 топоз, 12 төө, 300 кой, 25 жылкым бар.

Биздин аймак бийик тоолуу болгондуктан топоз багууга ыңгайлуу. Топоз аба ырайынын катаал шарттарын оңой көтөрөт. Кар күрткүдө, башка мал учуп кете турган аска-зоолордон тумшугу менен карды түрткүлөп чөп таап жейт. 2000-жылы 10 топоз сатып алгам. Башын көбөйтүп отуруп 350гө жеткирдим. Бирок 2012-жылы кар калың жаап, кыштоодо 50 топоз көчкү алдында калды. Канча мээнет кетирип баккан малың заматта жок болуп калса, ичиң ачышып, зээниң кейийт экен. Четинен сатып үй салдым, машина, трактор алдым. Топоз багуунун кирешесин билип калган соң кайра көбөйтүүгө кириштим.

2017-жылы Алтын-Мазар жайлоосунан 17 топозумду уурдап кетишти. Нары-бери чапкылап таппай калдык. Короодо 50 эле топозум калды. Кайра көбөйтүп отуруп 200 башка жеткирдим.

Жайкысын көбүнчө Тараша жайлоосунда багабыз. Илгери Союз кезинде ошол жайлоодо райондун топоздору багыла турган кашар бар болчу. Азыр менин кашарым да ошол жерде.

Мал бакканга балдарым жардам берет.Топоз үчүн чабан жалдайм. Бизде 6 ай кыш болот. Кышында суук -40 градуска чейин жетет. Кыш оорлоп, карышкырлар кайра-кайра кол сала баштаганда кашарда багабыз. Аларга кышкыга деп жылда 5500-6000 түк чөп сатып алам, бир даанасы 130 сомдун тегерегинде. Чабанга бир топоз үчүн айына 250-400 сомго чейин айлык төлөйм. Өзүм 2 апта сайын барып кабар алып турам. Керек учурда кошо карап, багышам.

Бир жылда 2 жолу кара сан, шарп, бруцеллёз ооруларына каршы дарылатам. Ага 15 000 сомдой акча кетет.

Туут март айында башталат. 100 топоздон орточо 70тей мамалак алсак, анын 20-25тейин карышкыр жеп кетет. Өкмөт карышкырларды атайын аттырбагандыктан өзүмдүн жана айылдын малын, топозун жеп кетпесин деп мергенчилерди жалдайм. Алар атып келип көрсөткөн ар бир карышкыр үчүн 5000 сомдон берем. Былтыр 20 карышкыр атышты.

Чоң букалардын салмагы 600-800 килограммга чейин жетип, таза 300-400 килограмм эт берет. Чоң инектердин салмагы 300-350 килограммдын тегереги болуп, 120-160 килограмм таза эт берет. Союп сатсаң 1 килограммы 300 сомдон болот. Тирүү сатсаң букалары 70 миң, инектери 40 миң, 7 айлык мамалактары 20 миң сомго чейин сатылат. Көбүнчө кышында согумга деп алып кетишет. Дүңүнөн сатып алып кеткендер да көп.

«ЭТИ, СҮТҮ – ТАМАК, ЖҮНҮ – БУЮМ»

-Топоздор жайлоодо гүлүнүн жыты буркураган, дарылык касиети чоң чөптөрдү терип жешет. Башкача айтканда, кайберендер менен ырыскылаш болушат. Андыктан эти да, сүтү да дары. Эти узакка сакталат, жесең сиңимдүү. Этинде уйдукуна караганда темир 2 эсе көп. Андыктан каны аздар, операция болгондор жесе канын көбөйтүп, күчкө бат киргизет. Курсак ачпай, ток жүрөсүң. Врачтар топоздун этинде холестерин аз болгондуктан пайдалуу деп айтышат. Суукчан адамдар этин жесе башы айланганы басылат, уйкусу тынчыйт. Баш-шыйрагын куйкалап килкилдек жасагандар бар.

Этинен мурда да тилине кардарлар көп. Аны сонуркап жешет. Алдын ала буюртма беришет, мен сатпай, соопчулук үчүн деп бекер берем.

Инектерин сааса 1-2 литрге чейин сүт берет. Бизде мүмкүнчүлүк жок болгондуктан саабайбыз.Топоздун сүтүндөй майлуу сүт жок. Андыктан энесин эмген мамалактар бат торолушат, чыйрак өсөт. Туулгандан жарым сааттан кийин энесин ээрчип басууга жарап калышат.

Сүтүн ичкен адам кайраттуу, ток жүрөт. Сүтүнүн бетиндеги каймагы 2 элиге жетет. Айраны коюу, кашык сайсаң тик турат. Табыптар сүтү көп ооруга дары дешет. Каймагын чогултуп сызгырып сары май алууга, сүзмөсүнөн курут кылууга болот. Биздин айылда курут кылгандар жок, аны бизден ары чоң тоолорду өрдөп кеткен айылдагылар жасашат.

Өтүн эмчи-домчулар элдик медицинада кургатып пайдаланышат.

Жүнү май-июнь айында кыркылат. Бизде адам жетишсиз болуп кыркпайбыз. Жүнү менен кылынан кийме чач, аркан, боз үйдүн курчоо жиптери, кулундарды байлаганга желе, аттын жүгөнү, басмайыл сыяктуулар жасалат.

Сөөгүнөн, мүйүзүнөн сувенирлерди, бычактын саптарын жасап жүрүшөт. Терисин иштетип бут кийим чыгарса болот деп угам. Тезеги болсо отун. Топозду көлүк катары пайдаланса болот, чоңдору 100 килограммга чейин жүк көтөрө алат. Кыскасы, эти, сүтү, айраны тамак, жүнү буюм, жүк артсаң көлүк боло турган жаныбар.

Канчалык азабына чыдап баксаң, кирешең да ошончолук көп болот. Мээнетиңди көп эселеп актайт. 6 баламды мектепте, жогорку окуу жайда окутканга да топоздордун акчасы керекке жарады.

«ТАЗА ЖАНА АШЫКЧА ЧӨП ЖЕБЕГЕН ЖАНДЫК»

-Кар бир аз эригенден кийин үстүнө кайра кар жаап койгон учурлар болот эмеспи. Андайда топоздорго тумшугу менен карды түртүп чөп таап жеш кыйынчылык жаратып, жер сүзгүлөй берип тумшуктары жара болуп кетет. Андай учурда ачуулуу болуп калышат. Мамалактарын жырткычтардан коргоп, топтун ортосунда алып жүрүшөт.

Топоз уйга караганда таза. Эч качан алды чыла болбойт. Чөптү аз жейт. 10 уй жей турган чөп 25 топозго жетет. Тойгондон кийин жатып алат. Адамдар мамалактарын сонуркап карап койсо көз тийип, ооруп калат. Көздөрү чылпактап, алсырай түшүшөт. Андыктан аларды элге көрсөтпөй ээн жерде багып чоңойткон жакшы. Топоз катуу уруп-согуп койгон адамды эстеп калып, ылайыгы келгенде андан өч алыш үчүн кубалашы да мүмкүн. Ит-куштан мүйүзү менен коргонот.

«КЫШЫНДА БОРООНГО КАЛЫП, КҮРТКҮГӨ ТЫГЫЛГАН КҮНДӨР БОЛОТ»

-Топозду багуу кыйын. Чөп кууп оттоп, бир күндүн ичинде 70-80 чакырым алыстыкка кетип калышы мүмкүн. Көзөмөлдөп турбаса, ар жакка бөлүнүп кетет. Издеп чыкканда 1-2 күндөп таппай тоо-ташта түнөп, кышында бороонго калып, суукка тоңгон, күрткүгө тыгылган, азыгың түгөнүп ачка калган учурлар болот. Көчкү алдында калуу, үшүккө жана карышкырга кабылуу, аскадан учуп кетүү коркунучу бар. Топоз багам деп жүрүп кырсыктап көз жумуп кеткендерди көрүп эле жүрөбүз. Кышында топоздор күрткүгө тыгылып калганда чөптүн гүлдүү жерин бөлүп алабыз да, коопсуз жер менен барып, аны топоздордун алдына чачып алдап бастырып кашарга алып келебиз. Мындай учурлар көп эле болот.

Мамалактары туулганда 10-13 килограммдын тегерегинде болот. Ноябрь айында мамалактарды энесинен өзүнчө бөлүп, кийинки жылдын май айында топоздор тобуна кошобуз.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
al-abu-kinesz
2019-10-14 12:19:59
Элдин ырыскысын жеп креслодо чалкалап отургандарга караганда адал мээнет кылып озунун тактысында отурганга не жетсин
+9
Tyty1990
2019-10-14 13:42:11
Чыныгы мээнет силердики экен. Акылдуу болуп жатат дебегиле бирок мал көбөйгөндө үшүрүн ( садака) берип турбаса карышкыр алып, уурдалмай, кар астында калмай деген кырсыктар болбойт иншаллах
+8
Kuban-1207
2020-02-16 15:34:35
Ишин илгери болсун орушун малга толсун
0
№ 884, 10-16-октябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан