РАК ЭМНЕДЕН ПАЙДА БОЛОТ?

Рак – бул организмдин каалаган бөлүгүн дартка чалдыктыруучу 100дөн ашык оорунун жалпы аталышы. Шишик кайсы органда пайда болгонуна карап, ошол органдын рагы деген аталышка ээ болот. Мисалы, теринин рагы, кандын рагы, ашказандын рагы. Оорунун аталышы шишик рактын буттары сымал тегерегиндеги клеткаларды да чапчып, жайылып өскөндүгүнөн улам аталган.
Ракты онкология илими изилдейт. Статистикага таянсак, жыл сайын дүйнө жүзү боюнча болжол менен 10 миллионго жакын адам рак менен жабыркап, алардын 8 миллиону бул оорудан көз жумат.

РАК БИР ГАНА КЛЕТКАДАН ӨСҮП ЧЫГАТ
Адамдын организми болжол менен 15 миллион клеткадан турат. Нормалдуу клеткалар мыйзам ченемдүүлүк менен өсөт, бөлүнүп, көбөйөт жана убактысы келгенде өлөт. Клетканын бөлүнүп, көбөйүшү клеткалардын өлгөн санына жараша болот. Бул процесс организм тарабынан катуу көзөмөлгө алынып турат. Ал эми клетканын бөлүнүп, көбөйүүсү жана өлүүсү бир органда тезирээк, экинчисинде жайыраак жүрөт. Өзгөчө териде, ичегиде, лимфатикалык системада, сөөктө клеткалардын өсүп, бөлүнүп, көбөйүшү батыраак жүрөт. Бирок, физикалык (мисалы, күндүн ультра-фиалетивдүү нурлары, радиация), химиялык фактор (канцерогендүү кошундулар: түтүн, ыш, асбест ж.б), билогиялык (мисалы, вирустар) факторлордун таасири менен дененин бир жериндеги клетканын түзүлүшү өзгөрүп, клетка көзө­мөлсүз бөлүнүп, көбөйө баштаган учур кездешет. Дал ушул мезгили жетсе да өлбөй бөлүнүп, көбөйө баштаган клетка рак клеткасы деп аталат. Мындай клетка бөлү­нүп, көбөйүп отуруп, шишикти пайда кылат. Шишик коңшу органдарга жайылып кеткенге чейин жетет. Ушинтип болгону бир гана өзгөрүүгө туш келген клеткадан шишик келип чыгаары түшү­нүктүү болду окшойт. Кээде иммунитеттин төмөн­дөшүнөн да рак клеткасы пайда болот.

РАКТЫН БӨЛҮНҮШҮ
Рак залалдуу жана залалсыз болуп экиге бөлүнөт. Залалдуу шишик залалсыз шишикке караганда бат өсөт жана дарылоо кыйынга турат. Залалсыз шишикке кабылгандардын 95 пайызынын заманбап дарылоо ыкмаларынын арты менен толук сакайып кетүүгө мүмкүн­чүлүктөрү бар.
Рак узак стадиялуу оору. Өпкөдөгү, ашказандагы, сүт безиндеги (эмчектин) шишиктин диаметри жагынан 1-1,5 сантиметрге өсүп жетилиши үчүн 5-10 жыл керектелет.

ОРГАНДАР КӨБҮНЧӨ РАККА ЭМНЕ СЕБЕПТЕН КАБЫЛАТ?

Ашказан алдындагы бездин рагы
Бул адамдар тамак-ашка малдын этин жана алардын майын көп колдонгондо келип чыгат. Андыктан, эт-майды азыраак колдонуу керек экендигин унутпаңыз!

Жатындын моюнчасынын рагы
Бул жыныстык жашоо менен түзмө-түз байланыштуу. Кү­йөөлүү аялдарга караганда бойдок бийкечтер бул ооруга аз кездешет. Анткени, изилдей келгенде бул оору эркектердин жыныс органдарын таза алып жүр­бөгөндүгүнөн жыныс органдары сезгенүүгө чалдыгып, анан эркек оорусун аялына да жуктура тургандыгы менен түшүндүрүлөт.

Табарсыктын рагы
Окумуштуулардын изил­дөө­сүнө караганда, бул оорунун келип чыгышынын бир себеби тамекини көп чегүүдөн болот.

Ашказан рагы
Тамак-ашка крахмалды (нан, картошка, ун азыктары) көп колдонуп, ал эми жашылча-жемиштерди аз колдонгон жарандар ооруйт.
Тез даярдалуучу азыктар, мисалы, чизбургер, хот-дог жана куурдак, шишкебектер да ашказанды дүүлүктүрүп, бул тамактарды көп колдонуудан рак келип чыгышы мүмкүн.

Боордун рагы
Боордо рактын пайда болушуна “афлатоксин” уусу себепкер. Аталган уу организмге “грибок” оорусуна чалдыккан дан өсүмдүктөрүнөн жасалган тамак-аштан жана жер жаңгактардан (арахис) кирет. Мындан тышкары, боордун рагына өттүн оорусу да алып келээрлиги далилденген.

Урук чыктагыч безинин рагы
Рактын келип чыгышынын башкы себеби – малдын майын көп колдонууга ыктоо. Анткени, малдын майы кандагы жыныс гормонунун деңгээлин жогорулатып, рактын чыгышын шарттайт. Андыктан, оорунун алдын-алуу үчүн тамак-ашка өсүмдүк майы менен балыктын майын көп колдонуу туура.

Сүт безинин (эмчектин) рагы
Рактын бул түрүнүн пайда болушун жыныс гормону эстроген шарттайт. Аял кеч төрөсө эмчектин рагына кабылышы мүмкүн. Мисалы, 18 жашында төрөгөндөргө караганда 30 жашында төрөгөндөрдө бул оору 3 эсе көп кездешет. Мунун себеби, курсактагы түйүлдүк аялды рактан сактоочу белокту иштеп чыгара тургандыгы менен түшүндүрүлөт.

Жумуртка безинин рагы
Көбүнчө өнүккөн өлкөлөрдүн эркектери оорушат. Оорунун эмнеден келип чыгаарлыгы али толук изилденип чыга элек.

ДАРЫЛАП АЙЫКТЫРУУ
Дарылоо комплекстүү түрдө жүргүзүлөт. Дарылоонун бир топ ыкмалары бар:

Нур терапиясы
Бул шишикти рентген нурлары менен нурдандыруу. Мында рак­тын клеткалары өлүп, организмдин клет­калары зыянга учурабастан калат.

Химия терапиясы
Бул шишикти химиялык дарылардын таасири менен шишиктин өсүү­сүн басаңдатып, токтотуп, жок кылуу.

Гормон терапиясы
Эмчектин рагы менен урук чыктагыч безинин рагын айыктырууда гормоналдык дарылар кеңири кол­донулат.

Операция
Шишик кесилип, алынып салынат.Операциядан соң адам айыккыча дарыгердин кө­зө­­мөлүндө болот.

РАККА ЧАЛДЫККАНДАГЫ БАШКЫ БЕЛГИЛЕР
Рак клеткалары адамдын абалын начарлатып, шалдыроого, табиттин жоголушуна, арыктоого алып ке­лүүчү уу заттарды бөлүп чыгарат. Ошондуктан, адам жогорудай аталган абалга кабылса, сөзсүз дарыгерге кайрылып текшерилүүсү керек. Бул адамда рак оорусу бар болсо, убакытты өткөрбөй дарылоо үчүн мүмкүндүк керек.

РАКТЫН АЛДЫН-АЛУУ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР
Тамак-ашка жашылча-жемишти, өзгөчө алманы, күрүчтү, капустаны, пиязды көп колдонуп, тамеки тартуу, ичкилик ичүү сыяктуу жаман адаттарды таштоо зарыл. Терини күндүн зыяндуу нурларынан коргоо кажет. Ал үчүн күнгө күйүүнүн ченемин билип, ачык күн алдында денени узакка алып жүрбөө зарыл.

Даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
satiev87
2017-11-03 14:48:31
кудай сактасын жаман ооруу
0
№ 232, 13-19-апрель, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан