Мезгил үнү
Адатта кылмыштуу чөйрө же баңги бизнеси менен күрөшүүчү кызматкерлер оңой жол менен табылуучу акча, “крутой” машина, үй, дача өңдүү көр пенденин жыргалчылыктарынан баш тартуу сыноосуна туш болушат. Учурдун негизги баалуулуктарына айланган мындай азгырыктардын торуна түшпөй, мекен алдында берген убаданы таза сактап калуу оңой эмес. “Акчанын, кылмыштуу чөйрөнүн азгырыгынан кантип кутуласыз?” деген суроо менен жогоруда аталган кызматтын өкүлдөрүнө кайрылдык.
Курсан Асанов,
Ош ШИИБинин башчысы:
– Мунуңуз кызык суроо болду го... Билесизби, мен 1991-жылы милициянын атайын даярдыктагы бөлүмүнө катардагы сержант катары кызматка келгем. ОМОН деп атап койчу эмес беле, ошол бөлүмгө. Ал бөлүмдүн негизги милдети опертоптор менен биргеликте коркунучтуу, кооптуу кылмышкерлерди кармоо болчу. Муну түшүндүрүп айтып жатканым, ошентип 19 жылдан бери уюшкан кылмыштуулук менен алышып келе жатам.
Беш манжа тең болбогон сыяктуу эле пенденин баары бирдей эмес. Ооба, иш тажрыйбамда кылмышкерлер менен күрөшүп жүрүп жеңил келчү акчага, байлыкка азгырылып, коркунучтуу кылмышкерге айланып кеткен кесиптештерди көрдүм. Алыс кетпей, жакынкы эле заманда болгон окуяны айтайын. Кара-Суу райондук милиция бөлүмүн жетектеп турганымда бизде иштеген кылмыш иликтөөчү А.Абдуллаевге байланыштуу оор кылмыштын бети ачылган. Анын акча үчүн табелдик тапанчасы менен киши өлтүргөнү билинди. Милицияда иштеп, эс алууга чыккан ардагерди атып өлтүрүп, өзү бишкектик эле, өлүктү Бишкектеги үйүнүн короосуна көөмп салган экен. Ушул эле кызматкердин Кытай жаранынын өлүмүнө катыштыгы бар экени да аныкталган. Эми ал кызматкер соттолуп, өз жазасын алды деңизчи, бирок анын органда иштеп жүрүп жасаган жоругу бизге жаман таасир бербей койгон жок.
Бизде милиция кызматкерлеринин психологиялык абалын көзөмөлдөп, атайын сабактарды өтүүчү адистер деле жок. Курсанттар окуу жайында билим алып жүргөндө психологиялык жактан да даярдыктан өтүшөт. Бирок эч бир китеп же сабак турмуш сыяктуу тарбиялай албайт. Андыктан акча, байлык азгырыгынан ар бир кызматкерибизди өз абийири, анан мекен алдында берген анты сактасын дейм. Ийинине кызыл погон илип жүргөн адам өз кесибине чын дилден берилсе, “арам акча” деген тайкы жолго баспайт деп ойлойм.
Батмырза Жайлообаев,
Чүй облустук ИИБинин башчысынын орун басары:
– Милиция кызматына 1982-жылы киргенмин. Ошончо жылдан бери кылмыш иликтөө бөлүмдөрүндө, мыйзамсыз баңги бизнеси менен күрөшүү бөлүмдөрүндө иштедим. Албетте, далай окуялар баштан өттү. Чоң Алайда иштеп жүргөндө 129 килограмм баңгизатын алып келе жаткан топту кармаганбыз. Буга чейин ал аймактан андай ири партия кармала элек экен. Жашырганда эмне, өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлерди, ири өлчөмдөгү баңгизатын ташып бараткандарды кармаганыбызда чоң суммада акча сунуш кылгандар болгон. Андай азгырыкка алдырбаганым үчүн ушул күнгө чейин милиция кызматында иштеп келе жатам да. Булганыч акчага азгырылып, ошону менен тиричилик өткөргөндөргө көз карашым абдан терс. Ушул эле пикирди, жумушка болгон мамилемди милициянын катарына келип жаткан жаштарга жеткирип, түшүндүрүү аракетиндемин.
Руслан Алтыбаев,
Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин Мыйзамсыз баңги бизнесине
каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы:
– Биздин иште жеңил акча азгырыгы дайыма бар. Азгырыкка алдырабы, жокпу, ал, биринчиден, адамдын тарбиясынан көз каранды. Андыктан адам арам менен адалды ажырата билиши керек.
Чынында, биздин кызматта иштегендер каалайбы, каалабайбы баары бир баңги бизнесиндегилер аралашууну сунуш кылышат. Акча менен кызыктырат. Анткени кызматкерлердин алган айлыктары аз. Ал эми баңги соодада акча көп. Өтө көп. Ооба, кызматкерлердин арасында баңгизатын чек арадан өткөзүп берип, атүгүл шаарга чейин коштоп келип жүргөндөр да бар. Канчалык азгырыктуу, канчалык жеңил оокат болбосун, бул иштин кара экенин түшүнүп-билген адам мындай жолго барбайт. Бул иштерге аралашууга офицердик антыбыз жол бербейт.
Азыр жаштар арасында, айрыкча бардар үй-бүлөнүн балдарынын арасында баңгиликке берилгендер көп. Бала чөйрөсүнүн таасиринде алгач “слабый” баңгизаттарын пайдаланып көрөт. Күн өткөн сайын ага байланып, улам дозасын чоңойтуп, күчтүүлөрүнө өтө баштайт. Бишкекте азыр героиндин 1 граммы 500 сом турат. Эсептеп көрүңүз, күнүнө 500 сомдон кетирсе, айына баңгизаты үчүн эле 15 000 сом коротот. А студентте, мектеп окуучусунда анча акча кайдан? Албетте, ата-энесин, жакындарын кыйнайт. Акча сурап, уурдап, тоноп зар какшатат. Канчалаган балдар ушул заттын айынан өлүп кетип жатышат. Ошондуктан мен өзүмө деле, чогуу иштеген балдарга деле көп айтам: “Далай адамдын тынч уйкусун алып, ыйлатып, сыздаткан ушул жамандыкты сатып, ошондон байыган адам өзү жакшылык көрөбү? Акча бүгүн бар да, эртең жок. Бүгүн бирөөлөрдүн көз жашына калып жыргасаң, эртең ушул нерсенин кесири бала-чакага тийсе кантесиң? Андан көрө ачка болсок да кулагыбыз, уйкубуз тынч болгону жакшы”,- деп.
МААЛЫМАТ ҮЧҮН
Мыйзамсыз баңги бизнеси менен күрөшүүчүлөрдүн айтымында, сапаты жакшы героиндин килограммы Ооганстанда 600 доллар. Тажикстанга келгенде болжол менен 2000 долларга чыгат. Ошто 4000, Бишкекке жеткиче баасы 8000, Москвада 30 000 доллар, ал эми Кытайга жетсе 150 000 долларга чейин барат экен...
Адам баласы өзүн жан чыдагыс азаптарга, өлүмгө түрткөн затты ушунчалык кымбат баалаганына таң калбай коё албайсың. Турмуштун дагы бир мазагы...
Шаиста Шатманова
koom@super.kg