ХАЛИТ ЭРГЕНЧ & БЕРГҮЗАР КОРЕЛЬ. ЖАШООСУН ЖОМОККО АЙЛАНДЫРГАНДАР

“Бир инсан жашоосунда сүйгөн ишин аркаласа жана сүйгөн жарына жетсе ал бактылуу деп эсептелинет. Мен жашоомдун маанилүү бөлүгүндө Бергүзардын күйөөсү, Алинин атасымын, андан кийин элдин сүйүктүү актёрумун”. Бул баарыбыз кызыгып көргөн “Даңазалуу доор” сериалында султан Сулеймандын ролун аткарган Халит Эргенчтин 2014-жылдын жыл жыйынтыгында “Жылдын адамы” наамын алып жаткандагы сөзү. Алдыда Халит Эргенч менен Бергүзар Корелдин сүйүүсү тууралуу баяндайбыз.

“1001 ТҮН” ТАБЫШТЫРГАН АШЫКТАР

Түрк басылмаларында Халит Эргенч эң туруктуу эркек катары сүрөттөлүп келет. Деңиздин түсүндөй көздөрүнө ашык болгондор өтө эле көп болгонуна карабай бир гана аялынан көзүн албаганын репортаждардан көрүүгө болот. Мейли, туруктуу эркектер көп болсун, бирок мынчалык жүрөгүн ээлеген ким, ошол кызык. Бергүзар Гөкче Корель Эргенч (турмушка чыккандан кийин күйөөсүнүн фамилиясын да кошуп алган) 1982-жылы 27-августта Стамбул шаарында өнөрлүү адамдардын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасы Танжу Корель, апасы Хюлия Даржан мыкты актёр, актрисалар. Кызыгы, болочок күйөөсү, өзүнөн 12 жаш улуу Халит Эргенч Бергүзардын ата-энеси менен бир тасмага чогуу тартылган экен. Анда Бергүзар куурчак ойноп жүргөн кези, бул экөөнүн ортосунда чоң махабат жаралары ал учурда эч кимдин оюна келген эмес. Бою узун болгону үчүн (185 сантиметр) Бергүзар окуучу кезинде спорттун волейбол түрү менен машыккан. Ата-энеси аны спортту аркалап кетет деп ойлоп жүрүшкөнү менен, ал актрисалык жолду тандайт. Синан атындагы университетке тапшырып, атактуу Сьюзан Бастондон (убагында Голливуд жылдыздары Николь Кидман жана Том Хенкс сабак алган мугалим) сабак алган.

Актриса 2005-жылдан баштап сериалдарга, тасмаларга тартыла баштайт. Сулуулугу жана ата-энесинен өткөн таланты менен дароо оозго алынып, 2006-жылы “1001 түн” сериалына тартылат. Мына ушул жерден сериалдагы өнөктөшү Халит Эргенч менен жолугуп, экөөнүн ортосунда сүйүү башталат. “Бою, моюну узун, көздөрү капкара. Мен болочок жубайымды биринчи көргөндө чын эле жомоктон түшкөн пери деп ойлогом” деп эскерет маектеринин биринде Халит Эргенч.

“СҮЙҮҮСҮ ҮЧҮН КҮРӨШКӨН ТАШ БООР АДАМ”

Халит Эргенчтин атасы бир канча жолу үйлөнгөн. Муну оор кабыл алган актёр “мен эч качан атамдын жолун жолдобойм” деп өзүнө сөз берген экен. Бирок “эч качан, эч качан дебе” дегендей, Халит Эргенч үй-бүлөсү туруп сулуу бийкечти сүйүп каларын кайдан билсин? Бергүзарга жолугуп, сүйүү учкуну чачырап баштаганда Халит Эргенч Гизем Сойсалды менен никеде болгон. Ал эле эмес, экөө бала күтүп жатышкан эле. Халит Эргенчтин талабы менен (түрк басылмалары ушуга чейин Халит өз баласын таш боордук менен боюнан алдырганын жазып келишет) Гизем боюнан алдырат. Сүйүүсүнөн эч кандай баш тарта албаган Халит мурунку аялы менен тынч ажырашып кетүү үчүн сураган суммасын берген. Эркиндиктин баасы 180 миң доллар эле. 2008-жылы мурунку аялы менен ажырашып, 2009-жылы Халит Эргенч менен Бергүзар Корель түбөлүк чогуу болууга сөз беришип, расмий баш кошушкан. Бергүзар бул тууралуу маектеринде минтип эскерет: “Мальдив аралдарында Халит колумду сурады. Кайыкта экөөбүз эле болчубуз. Ал атактуу “Sensiz saadet neymis” (“Сенсиз бакыт мүмкүн эмес”) деген ырды ырдап туруп “мага турмушка чыгууга макулсуңбу?” деди. “Албетте, макулмун” дедим. Чындыгында, биз китептерде, тасмаларда боло тургандай сүйүштүк. Жомоктон башталган сүйүү жомоктой жашады”.

Экөө бактылуу жашап жатканы менен, коомчулук дагы деле Бергүзарды “бузуку” деп талкууга алып келет. Буга карата Халит Эргенч көп жолу анын үй-бүлөсүнүн бузулушуна Бергүзардын тиешеси жок экенин, аялын тынч коюуну суранып келет.

Ал эми Гизем Сойсалды өзүнүн бактысын таап, турмушка чыккан.

“ДАҢАЗАЛУУ ДООР” ЖУБАЙЛАР ҮЧҮН КЫЙЫН СЫНОО БОЛГОН

2010-жылы түгөйлөр уулдуу болуп, атын Али коюшкан. Ага удаа эле атактуу “Даңазалуу доор” сериалы тартылып баштап, Халит үй-бүлөсүнөн алыс калууга аргасыз болгон. Байкасаңыз, Бергүзар Корелдин бул сериалда эпизоддук ролу бар. Бул учурда жубайлар тууралуу эмне гана ушак чыкпады, ошентсе да алар үй-бүлөсүн сактап кала алышты. Бергүзар бул учурда “Карадайы” тасмасына тартылып, “Жылдын актрисасы” наамын алганга жетишти. Айрымдар анын жетишкендиги тууралуу "көлөкөдө калбоо аракети" деп жоромолдошту. Чындыгында, Халит Эргенчтин доору болуп жаткан учурда Бергүзар карьерасындагы эң чоң эмгектерди жасаганга жетишти. Табиятынан бийик үнгө эгедер актриса эски түрк ырларынан турган альбом чыгарды. Элдин баары анын ырчылык талантына суктанып бүтө электе ишкерлик да колунан келерин далилдеп, чакан ресторан ачты. “Даңазалуу доор” тартылып бүткөндөн кийин түгөйлөр дүйнөнү түрө кыдырып саякатка чыгышкан.

Ал эми 2016-жылы эч ким күтпөгөн окуя болду. Атактуу жубайлар бир тасмада күйөөсү менен аялынын ролун аткарууга макулдук беришти. “Vatanim sensin” (“Мекеним сенсиң”) тарыхый сериалында таланты жагынан да бири-бирине төп келген жубайлар экенин далилдешти. Патриот түрк эли үчүн Халит Эргенч жана Бергүзар Корель чыныгы сүймөнчүккө айланышты. Андан соң Бергүзар “Бир сүйүү, эки жашоо” аттуу тасмасына түрктөрдө учурдун эң мыктысы аталып жаткан Энгин Акйүрөк менен тартылды. Актриса ошентип элди таң калтырганды жакшы көрөт.

Кадимки жашоосунда алар табышмактуу түгөйлөрдүн катарын толукташат. Шаан-шөкөт, көңүл ачуучу иш-чаралардан экөөнү дээрлик көрүүгө болбойт. Элдин көзүнөн, журналисттерден мүмкүн болушунча качканга аракет кылышат. Андай аракетине карабай түгөйлөр экинчи перзентин күтүп жатышканы жакында белгилүү болду. Папараццичилердин торуна илинген Бергүзар Корелдин курсагын сумкасы менен жаап жаткан сүрөтү социалдык тармактарга тарады. Бул сүрөт талкууга түшкөндө түгөйлөр экинчи баласын күтүп жатышканын айтууга аргасыз болушту.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
momun74
2019-10-14 12:56:34
Эмнегедир окуп буткончо кыйналып кеттим...
+5
klarisa
2019-10-18 07:37:04
momun74, мен дагы. Коркому жок го
0
Mintip-menu-suybo
2019-10-14 14:33:41
Халит Эргенчти мурда эле жаман корчу элем, мерез адам турбайбы... Неге баласын алдырды десенер... Анын суйуусу учун бир адам курман болуптур да... 2чи аялына го соз жок...
+4
Aituwas
2019-10-14 19:13:22
Аялы туруп суйуп калдым дегендерден кудай озун сактай кор!
+8
assr
2019-10-18 18:33:04
кыскасы жакшы болуптур
0
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-10-18 23:30:56
Чын эле бузуку экен.
0
№ 884, 10-16-октябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан