YELLA, Сарышкин, Назгүл Токтакунова. Бул ырчы айымдын кайсы ысымы өзүңүзгө жакын болсо колдоно бериңиз. Кыскасы, Назгүл айым эки ай мурун музыкант Кубаныч Бакытовго турмушка чыкты. Ачык-айрым, бирин-бири толуктап турган жубайлардын маеги назарыңыздарда.
– Куттуктайбыз, үйлөнүү тоюңар ата-энеңердин каалоосу менен өткөнүн уктум. Өзүңөр эмне үчүн той өткөрүүнү каалаган жоксуңар?
Назгүл Токтакунова: – Такыр каалаган жокпуз эмес. Бирок биринчи кезекте ата-энебизди ыраазы кылгыбыз келди. Алар бизден той баштан-аяк кыргызча болушун суранышты. Атабыз (ред.: кайнатасы) “Чет элдик ырларыңарды азайткыла, нукура кыргызча ырлар жаңырсын” деди. Көптөр “силердин тоюңарда жар-жар айтылышын эч күткөн эмеспиз” дешти. Биз өзүбүз деле күткөн эмеспиз (күлүп). “Ак көйнөк кийгим келбейт” деп мурун пост жазганымдын себеби, жаш өткөн сайын бул нерсе кызыксыздай болуп калат экен. Үлпөт тойду жөнөкөй эле кийим менен, саналуу досторубуздун курчоосунда Ысык-Көлдүн жээгинде өткөргүбүз келген. Бирок ата-энебиз “элдин батасын алыш керек” дешкенинен кийин макул болдук. Менимче, кызыктуу өттү.
– Кубаныч мырза, баштаганда эле “нукура кыргызча кылып” ала качып кеттиң окшойт...
Кубаныч Бакытов: – Назгүлдүн мүнөзүн жакшы билгендер мени жакшы түшүнүшсө керек. Аны башкача жол менен жар кылуу мүмкүн эмес болчу (күлүп). Сүйлөшүп жүргөнүбүзгө эки жарым жыл болсо да, баш кошууну артка жылдыра берчү.“Кийинки жылы, аркы жылы” деген шылтоолору бүтчүдөй эмес, анан ала качып кеткенге аргасыз болдум.
Н.Т.: – Эми мурун күйөөгө тийип көрбөсөм корком да (күлүп). Ошол себептен жылдыра берсем керек.
К.Б.: – Мунун достору мага чалып “брат, красавчик, ала качып туура эле кылдың” деп аябай макташты.
– Үй-бүлө курууга чейин жеткен махабат кандай башталды эле? Сенден угайынчы, Кубаныч мырза...
К.Б.: – 2016-жылы таанышканбыз, бир досум жолугуп калып “Сарышкин деген кыз бар, жакшы ырдайт” деп айтып калды. Алгач кызматташуу максатында таанышканбыз. Ошол учурда чоң команда чогулуп студия ачып жатканбыз. Командада “иш менен жеке мамилени аралаштырбаш керек” деген жазылбаган мыйзам бар эле. Ошондуктан экөөбүз мамилебизди жарым жылга чейин жашырып жүргөнгө туура келди. Кийин “ушундай болуп калды, кечирип койгула” деп ачык айттык.
– Назгүл, жигиттерге талабың күчтүү экенин билебиз, Кубаныч жүрөгүңдү эмнеси менен багындырды?
Н.Т.: –Биздики бир көрүп сүйүп калуу болгон жок. Негизи эле мен бул нерсеге ишенбейм. Башында олуттуу мамиле курам деп деле ойлогон эмесмин. Жолугуп жүрүп бул адамдан башкача нерселерди таба баштадым. Кубаныч тырышчаак, көздөгөн максатына жеткен жигит. Экөөбүз бир толкундабыз. Баш кошконубузга эки ай болсо да кээде ишенбей “биз чын эле баш кошуп алдыкпы?” деп кетем. Оюма койсо 40 жашка чейин деле жүрө бермек окшойм. Кубаныч мени ишендирди, сүйдү. Турмуш курганда эркек киши аялын көбүрөөк сүйсө нике бекем болот дегенге ишенем. Аялдын сүйүүсү менен деле үй-бүлө кармалат, бирок эркек сүйсө жакшы тарабы көбүрөөк. Азыр экөөбүз бири-бирибизди бирдей деңгээлде сүйөбүз, бирок башында Кубаныч күчтүрөөк сүйгөн. Көбү жолдошумду атама окшоштурушат. Мени билесиңер, атамдын кызымын. Өзүм атама окшош адамды издеп жүргөн окшойм.
– Кубаныч мырза, келинчегиң апаңа окшошпу?
К.Б.: – Окшош жерлери бар. Экөө тең жүрөгү таза, ачык, максат койгонду, ага жеткенди да билген айымдар. Апам тыкан, чарбачыл, Назгүл дагы сонун тамактарды жасап коёт. Сүйлөшүп жүргөндө досторум “бул деги тамак жасаганды билеби?” дешчү. Көрсө, сонун жасайт экен. Үйдү, кийимдерди чыкыйтып тазалайт. Мурун бул сапаттарын билчү эмесмин, үйлөнгөндөн кийин ачылып жатат. Көз тийбесин.
Н.Т.: – Эми анын баарын сага көргөзгөндө эмне? Эч нерсе билбейт деп ойлосун дечүмүн да. Талап азыраак болуш үчүн (күлүп).
– Ала качуу кандай пландалды?
Н.Т.: – Бири-бирибиздин досторубузду жакшы тааныйбыз. Бул күнү Кубаныч досу аялы менен урушуп кеткенин айтып "сен аялын сооротуп тур, мен тиги досумду сыртка алып чыгып сүйлөшөйүн” деп калды. Курбум бар эле, аны кошо салып алдык. Сыртка чыксам эки машина туруптур. "Эмне болгон машина?" деп Кубадан сурасам “мончодон келе жатабыз” деп койду. “Кайдан келе жатабыз?” десем, “азыр үйгө кирип машинаны алмаштырып алайынчы” деди. Түшсөм эле көтөрүп барып үйгө киргизип койду. Дагы жакшы, ошол күнү узун көйнөк кийип алгам. Жоолук алып апалар, жеңелер мени курчап калганда эч нерсени түшүнбөй эле “саламатсыздарбы, кандайсыздар?” дей бериптирмин. Жанымда курбум ыйлап алыптыр, мен нес болуп эле бир сөздү кайталай бериптирмин. Көшөгөгө киргизип отургузуп коюшту. Куба болсо жок, киргизип туруп эле достору менен кетип калыптыр. Анан апама чалдым. Ал “дагы канча жүрөт элең, Кубаныч жакшы бала, адамдын шагын сындырбаш керек” деди. Бир сааттан кийин байкем менен жеңем кууп келишти. Жолдон байкем “көзүнөн жаш чыкса эле алып кетем” дей бериптир, жеңем аны урушуп “жинди болбочу, кыз күйөөгө барбаганда кайда бармак эле? Кайра күйөөгө тийди деп сүйүнбөйсүңбү” дептир. Көшөгөгө киргенде байкем көзүмдү эле карайт. “Жакшыбы?” десе мен “жакшы” деп коём. Көрсө, ыйлайбы деп көзүмдү тиктей бериптир.
– Жаңы бүлөгө бат эле көнүп кеттиңби?
Н.Т.: – Мени жакшы кабыл алышты. Үй-бүлөдө жалгыз бала болгон үчүнбү, атам-апам өз кызындай мамиле кылышат. Эч бир чектөө жок, аябай эркелетишет. Башында 3-4 күнчө таң атпай ыйлап алып жүрдүм. Өзүм негизи ыйлаак эмесмин, бирок эмне экенин билбей эле ыйлап жаттым. “Кандай болот, эми эмне болот?” деген коркуу беле же эркиндигимди сагындымбы, билбейм. Жаш өткөн сайын эркиндикти катуу баалап калат экенсиң.
К.Б.: – Кой эми, элдер үйгө камап коюптур деп ойлобосун.
– Ортоңордо жаш айырмачылык ойлондурдубу?
Н.Т.: – Кубаныч менден 4 жашка кичүү. Башында ойлондурчу, бир аз кысынчумун. Элдин сөзүнөн эмес, ата-энеси кантип кабыл алат деген коркуу бар болчу. Кыргыздарда “жаш баланын башын айлантып тийип алыптыр” деген да кептер айтылат го. Бул маселеде апам көп кеңеш берди. “Эч нерсе болбойт, көптөр эле бактылуу болуп жашап жатышпайбы” дечү. Эми биздики Максим Галкин менен Алла Пугачёванын ортосундагыдай чоң айырма эмес. Тескерисинче, мен шашмамын да, Куба көп жерден токтотуп, акыл айтып турат.
К.Б.: – Мени бул нерсе такыр ойлондурган эмес.
– Кубаныч музыка жазат экен, сен ырдайсың. Кимдин таланты күчтүүрөөк?
Н.Т.: – Мен мурун ырдын сөзүн, музыкасын жазчумун. Бирок Кубаныч жашоомдо пайда болгондон кийин ыр жазгандан уялып калдым. Анткени сапаттуу, жакшы ырларды жазат. Сөз байлыгы кенен. Казакстан, орусиялык ырчыларга ырларды жазып берип жүрөт. Мен катышып келген “ТНТ-muzik” долбоорунун жарым финалына чогуу өткөнбүз. Ошончо ырдын ичинен Кубанычтыкын өзгөчө экен деп баалашкан. Көп окуйт, изденет. Биздин тандемдин күчтүү тарабы Кубаныч деп ойлойм. Вокал жактан меники күчтүү, ошондуктан музыкалык мектеп ачып жатабыз.
– Кубанычты кыргыз сахнасынанбы же чет өлкөлүк сахнаданбы, качан көрүп калабыз?
Н.Т.: – Бул идеалист. Сапатын жакшы чыгарам деп тырышып отура берет. Сапатына иштеген жакшы, бирок өтө эле идеалдуу кылуу менен убара болбош керек деп айтып жеткире албай келе жатам. Бирок жакын арада экөөбүз жаздырган ырларды угуп каласыздар деп ишендирем. Сапаттуу клип тарттырабыз. Чет өлкөгө чыгууну да максат коюп жатабыз.
К.Б.: – Мен ырларды европалык деңгээлде чыгара албасам да, сапаты жагынан аларга жакын кылам деп көп ойлоном. Халтура менен алектенгим келбейт.
– Кызганыч кимде күчтүү?
Н.Т.: – Менде. Эзип кызгана берем деп айтпайм, бирок оозду ачып отура бербеш керек да. Бурчтардан кыздар чыга калбасын деп ар бир аял сак жүрүшү керек.
К.Б.: – Тасма көрүп отуруп “ушу актриса сулуу экен, ээ?” деп койсом деле жини келип кетет (күлүп). Мен деле кызганам, бирок жеңил-желпи эмес, олуттуу кызганам. Мисалы, өтө кыска кийсе, декольте өтө ачык болсо "бул болбойт, башканы кий” деп отуруп алам.
– Бул силер үчүн ыңгайсыз суроо болсо кечирим сурайм. Балалуу болууну пландап жатасыңарбы же заманбап жаштардай кийинкиге жылдырып жатасыңарбы?
К.Б.: – Назгүл мурункудай эле “коё турабыз” деп жатат. Мен муну угуп отурбай эле акырын өзүм каалагандай ишимди кыла берем го.
Н.Т.: – Жашоодо баары тагдырдын буйругу менен болорун сездим. Буюрса..
– Ачык маегиңер үчүн рахмат, бактылуу болгула. Силердей таланттуу адамдардан сонун чыгармаларды күтөбүз.
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg