Төкмө акындар арасында жаңы жылдыз жанып келе жатканына баарыбыз күбөбүз. Ал жаш Барпы атыккан төкмө Эламан Келдибеков. Өнөр барктаган элдин калың катмарынын кызыгуусун арттырган төкмөнү маекке чакырдык. Кызыгы, сахнадагы сөз чебери, абалга жараша уйкаштырып төккөн мырза чыныгы жашоодо көп сүйлөбөгөн адам экен.
– Салам, Эламан! Жакында Бишкекте өткөн эл аралык айтышта 3-орунду алдың, сыйлыгың кут болсун!
– Рахмат. Биринчи жолу эл аралык айтышка катышып, финалга чейин жетип, 3-орунду ээлегениме аябай кубандым. Бул мен үчүн жакшы жетишкендик. Казактын төкмө акыны Айнур Турсунбаева менен айтышканым кызыктуу болду. Залдагы көрүүчүлөрдүн колдоп отурганын көрүп “элге жаккан экен” деп сүйүндүм. Эмнегедир сахнада айымдар менен айтышканым дайыма кызыктуу болот.
– Айымдар менен кызыктуу айтышам деп калдың. Буга эмне себеп?
– Айымдар менен ырдаганда жакшы ачылам. Анда сүйүү темасын козгосоң болот да. Бул тема дайыма кызык. Айымдар мага эргүү берет. Жашоодо да сулуу кыздарды көргөндө оюма ыр саптар куюлушуп келет, аны кагазга түшүрүп коём.
– Изат Айдаркулова да сахнада сага жакшы эргүү берген окшойт, ошол айтыш менен жакшы таанылдың...
– Ооба, Изат эже менен айтышып элге таанылдым. Анда сахнада Изат эжеге тамашалап ырдап баштасам, ал да тамашаны күчөтүп койду эле айтыш кызыктуу болуп, ушул деңгээлге жетти. Тааныштарым же көчөдөн көргөндөр азыр да өрүк как, алма как тууралуу тамашаларды айтып күлүп калышат.
– Жылдызың жанып жатканы байкалып жатабы?
– Өзүм байкабай эле жүрөм. Бирок тааныштарымдан жылдыз болуп баратканымды угуп жатам. “Чалсак албай калдың, билдирүү жазсак, жооп бербей койдуң, жылдыз болуп баратасың” деп айтып калышат. Кээде коомдук транспорттон таанып, комплимент айткандар, сүрөткө түшүүнү сурангандар бар.
– Мындай жылдыз кайдан пайда болду?
– Мен 1993-жылы Лейлектин Маргун айылында туулгам. 6 бир туугандын эң кичүүсүмүн. 1 агам, 4 эжем бар. Атамды сүрөттөрдөн гана көргөм. Мен 1 жашка чыга электе эле анын көзү өтүп кетиптир. Бизди апам жалгыз багып чоңойткон.
Билимди айылыбыздагы орто мектептен, Кадамжайдагы кыргыз-түрк “Сапат” лицейинен алдым. Мектептен кийин Кыргыз Мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде компьютердик лингвистика багытында 2 жыл окудум. Жеке маселелерге байланыштуу сабактарга барбай жүрүп, окуудан чыгарып салышкан. Анын үстүнө апама оорчулук келтирбей, контрагымды өзүм төлөйүн деп борборго келерим менен тигүүчү болуп иштеп баштагам. Окуу менен жумушумду чогуу алып кете албай кыйналып кеттим. Буюрса, кийинки жылы жогорку окуу жайга тапшырайын деген планым бар. Учурда төкмөлүк менен алекмин. Жакында Казакстанда өтө турган айтышка даярдык көрүп жатам. 9-октябрда Каскелен шаарында Карасай районунун
90 жылдыгына карата республикалык айтыш өтөт. Бул айтышка кыргыздардан жалгыз мени чакырышты.
– Жакында төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр Казакстанда өткөн кыргыз-казак айтышына барып олжосуз кайтканы коомчулукта талкуу, нааразычылык жаратты. Бул окуя Казакстанда өтө турган айтышка баруу каалооңо таасирин тийгизген жокпу?
– Жеңишбек Жумакадырдын Казакстанга айтышка барарынан кабарым жок болчу. Мен чакырууну сентябрдын башында эле алгам, макулдугумду берип койгом.
– Төкмөлүк өнөрүң кичинекей кезиңден эле барбы?
– Жок. Кичинекей кезимде эч кандай “чымын” байкалган эмес, ыр да жазчу эмесмин. Мектепте жогорку класстарда окуп жүргөндө айтышка кызыгып, балдар ар кандай музыка угушса, мен жалаң айтыш угуп калгам. 2013-жылы “Айтыш” фондуна келип, ошол бойдон ушул чөйрөгө аралашып калдым. Төкмөлүк өнөр менде кандайча пайда болгонун түшүндүрүп айтып бере албайм.
– Мектепте кандай окуучу элең?
– Башталгыч класстарда жалаң бешке окудум. Кийин жаман окуп, тентек болуп кеттим. Дене тарбия сабагынан гана бешке татыктуу элем. Бирок коомдук иштерге активдүү катышчумун. Жаман окуганым менен, тест тапшырып кыргыз-түрк “Сапат” лицейине өтүп кеткем. Жакшы окуган окуучулардын баары тест тапшырышкан. Бирок биздин айылдан мен гана өткөм. Сынактан өтөм деп ойлогон эмесмин. Тобокелчиликке салып эле жоопторду белгилеп чыккам. Айрым суроолорду окуган деле эмесмин. Лицейде окуп жүргөндө шоктугум калып, токтолдум.
– Жакшы. Сени жаш Барпы дешет. Сыймыктанасыңбы?
– Барпы атабыздын стилинде комузу жок айтышканымдан мени эл ушундай атап алышкан. Бул стилди эскиртпей, кийинки муунга өткөрүп берсем деген ниетим бар. Жаш Барпы деген атты алып жүрүү мен үчүн сыймык, ошол эле учурда моюнумдагы жүк. Жакшы ырдаганга милдеттендирилип калгандай жоопкерчиликти сезем. Барпыдай болуш кыйын. Бирок ошол деңгээлге жеткенге аракет кылам.
– Кийингениң да башка төкмөлөрдөн айырмаланат...
– Айтыш үчүн атайын форма тиктирген эмесмин. Айылда эки чапаным бар эле. Бирөө эски. Ал жыртылып, кебездери сыртына чыгып калган. Аны мал караганда, үй иштерин жасаганда кийчү элем. Жакшы чапанымды айылга концерт келип калганда, аптада бир базар келгенде кийип барчумун. Азыр ошол жакшы чапанымды кийип сахнага чыгам. Ал эскире элек. Негизи мындай чапан биздин айылда көп кийилет.
– Сага карата мактоолор менен катар сындар да көп айтылат...
– Мага карата жазылган комментарийлерди окуп чыгуу мен үчүн кызык. “Азаматсың” деп колдогондорго рахмат. Сындап жазгандар да аз эмес. Көбүнчө "китеп окубайт экен" деп сындашат. Ооба, окуучу кезимде аз эмес, такыр эле китеп окучу эмесмин. Жылдын башында алган китептерди ачпай туруп жылдын аягында кайра тапшырып берчүмүн. Азыр жан дүйнөмдү байытып, руханий байлык топтоо үчүн китеп окуп баштадым.
Мындан башка да кызыктуу, күлкүлүү комментарийлерди жазышат. “Элмирбек, смешной сартты кайдан таап алгансың?", "Мал базарда отургандай отурасың”, “Кой багып жүрүп эле келип калганбы, муну айтышка ким кошту?” деп жазышат. Буларды окуп жинденбейм, жаман болбойм, кызыгып окуп чыгам, күлөм.
– Элмирбек байке кандай тарбиячы?
– Устатым жакшы адам, мыкты тарбиячы. Ал мага төкмөлүктү эле эмес, адамгерчиликтүү болууну да үйрөтөт. Ал адам мени, менин жашоого болгон көз карашымды өзгөрттү, кыргыз үчүн жашаганды үйрөттү. Ал шакирттери үчүн дайыма моралдык да, материалдык да колдоо көрсөтөт. Кумириме шакирт болуп калуу – мен үчүн сыймык.
– Кыздар темасын улай, “Молдо кыз” деген ырыңды көп жерден ырдап каласың. Кимге арналган?
– Тигүү цехинде иштеп жүргөндө хиджаб кийген бир кыз бар болчу. Ошол кызга арнап жазгам. Цехке иштегени көп кыздар келип-кетчү. Ал кыз да бир күнү жумуштан кетип калган. Мен болсо ыр жазган бойдон калгам. Ал кыз бул ыр өзүнө арналып жазылганын билбейт.
– Азыр жашооңдо эргүү берип турган кыз барбы?
– Учурда сүйлөшкөн кызым жок. Мурда бар болчу. Ал турмушка чыгып кетип, балалуу болуп калды. Үйлөнөйүн деп учурда кыз издеп жүрөм. Быйыл же эмки жылы үйлөнөм.
– Жыл бүтөйүн деп калды го. Сүйлөшкөн кызың да жок экен. Кантесиң?
– Табам деп издеп жүрөм. Таап үйлөнө калам, оңой эле го.
– Негизгиси бактылуу бол! Маегиңе рахмат.
Перизат Музуратбекова
star@super.kg