ТҮРКИЯЛЫК “KUDRET GÖZ” ОФТАЛЬМОЛОГИЯЛЫК КЛИНИКАСЫ БИШКЕК ШААРЫНДА ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН БАШТАДЫ

Түркиядагы көздүн саламаттыгына басым жасаган атактуу медициналык борборлордун бири “Kudret Göz” медициналык тобу 2019-жылдын сентябрь айынан баштап Бишкек шаарында өз кызматын көрсөтүп баштады. “Kudret Göz Bishkek” кардарлардын сапаттуу, тажрыйбалуу, ишенимдүү медициналык кызмат менен камсыз болушун жеңилдетүү максатында иш алып бармакчы. Бул жакшы тилекти кыргызстандык пациенттер да жакшы кабыл алып, медициналык борборго кызыгуулары күндөн күнгө артууда.

“KUDRET GÖZ BISHKEK” КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АЛГАЧКЫ РЕТИНАЛДЫК ООРУКАНА

Клиника көз ооруларынын диагностикасы, көз торчосундагы ооруларды витреоретиналдык хирургия жолу менен дарылоо кызматтарын сунуштайт. Медициналык борбордо Түркияда витреоретиналдык хирургия тармагында белгилүү болгон адистер, андан сырткары Кыргызстандын тажрыйбалуу офтальмологдору да иштешет. “Kudret Göz Bishkek” диагностика тармагындагы жогорку технологиялык жабдыктарды колдонот. Диагностика учурунда УЗИ, Аргон жана YAG-лазер, ФФА (көздүн ангиографиясы), Хамфри көздүн көрүү талаасын өлчөгүчү, ОКТ (оптикалык когеренттик томография), авторефрактометр, тонометр жана башка аппараттар колдонулат. Бул аппараттардын бардыгы дүйнөгө белгилүү марка болуп эсептелет, алардын ишенимдүүлүгү бүт дүйнөдө далилденген. Операция залындагы дезинфекция системасы эң акыркы үлгүдөгү техникалык жабдыктар менен камсыздалган жана ошондой эле операция бөлмөсүндөгү желдетүү (вентиляция) системасы дагы эл аралык стандарттарга жооп берет.

Бардык башкаруу системасы сапатка, пациенттердин ыраазычылыгына, этика, ишеним жана кардарлардын ыңгайына карап негизделген. Бир кишилик номерлерде кондиционер, дистанциондук башкаруудагы керебеттер жайгашкан.

БИШКЕКТЕ ЭЛ АРАЛЫК СТАНДАРТТАГЫ КӨЗ КЛИНИКАСЫ АЧЫЛДЫ!

“Kudret” медициналык тобунун башкы директору Седат Бахадыр учурдагы ийгиликке жетүү үчүн узак жол басууга туура келгенин айтып өттү. 2001-жылы Анкарадан башталган жол көптөгөн эмгек сарптап отуруп 2019-жылы Бишкекке сапат менен келип жетти:

– 18 жыл мурун биз борбор шаарыбыз Анкарага эл аралык стандарттагы медициналык кызматты ар бир адам жеткиликтүү түрдө колдонууга укуктуу деген принцип менен жол тартканбыз. Болушунча көп сандагы пациенттерге эл аралык мыкты сапаттагы кызмат көрсөтүүнү жайылтуу биздин ишмердүүлүгүбүз башталган алгачкы күндөн азыркыга чейинки негизги максатыбыз болуп келе жатат. “Kudret Göz Istanbul” ушул максатта негизделген 2-клиника өзүнүн ишин 2004-жылы баштаган. Кийинчерээк пациенттердин муктаждыктары, талаптары бизди “Kudret International” борборун ачууга түрттү. Бул борбордо бардык тармакта кызмат көрсөтүүлөр сунушталат. Азыр биз 2019-жылдабыз жана мен сыймыктануу менен айтчу нерселер бар. Биздин медициналык топтордун ооруканаларында жылына орточо эсеп менен 22 000-28 000 адам текшерилүүдөн өтсө, 25 миңге жакын операциялар жасалат. Цифралардан да маанилүүсү, биздин пациенттердин реакциясы. Жүздөрүнөн жылмаюу түшпөй, ыраазы болгон адамдардын санын кол менен санап жеткире албайбыз. Алар жүздөгөн чакырым аралыкты басып келип Бишкек шаарына “Kudret Göz Bishkek” борборун ачууга мотивация беришти. Нурбек же Ахмет, Наргиза же Айше, бул ысымдар өзгөрүшү мүмкүн, бирок үмүт, керектөөлөр, жылмаюу дайыма бирдей.

“Kudret Göz” Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн 2014-жылы баштаган. Биз башкы директордун орун басары Акылбек Исаков менен биргеликте 5 жыл бою Түркияда Кыргызстандан келген пациенттерди дарылап жаттык. Пациенттердин талабы менен клиникабызды Бишкек шаарында да ачканга туура келди.

Эл аралык стандарттагы медициналык кызмат көрсөтүү үчүн “Kudret Göz Bishkek” клиникасы Бишкек шаарынын борборунда, тагыраагы, Чыңгыз Айтматов проспектисинде (“Asia Mall” соода борборуна 200 метр жакын аралыкта) ачылды.

“Kudret Göz Bishkek” клиникасын эл аралык сапаттагы медициналык кызмат көрсөтүү үчүн ачтык. Биз Кыргызстандын жарандары менен Түркияда 18 жыл аралыгында топтогон тажрыйба, принцип, технологияларыбыз менен бөлүшкүбүз келет. Дагы бир максатыбыз – Кыргызстан менен Түркиянын достук мамилелерин жана кызматташтыкты бекемдөө. Ажайып Бишкек шаары тууралуу бир гана Түркияга эмес, дагы башка коңшу мамлекеттерге жайылтсак дейбиз. Жергиликтүү элге жана мамлекетке бизди меймандостук менен кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Биз менен байланышуу үчүн төмөнкү номерлерге кайрылсаңыздар болот: (0312) 880088, 0706 885588, 0556 885588

Үмүт Ырысбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 884, 10-16-октябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан