ЭКШН ЧЕБЕРИ ЖИ ЧАҢ УК

“Хилер”, “К2”... Бул дорамаларда баш каармандын ролун ойногон Жи Чаң Укту карап отуруп, ар бир эле кыз «жанымда ушундай келбеттүү, мыкты коргоочу болсо...” деп кыялданары шексиз. Бул ирет корей сериалдарын сүйүүчүлөргө “экшн чебери” атыккан таланттуу актёр, келбеттүү модель, мукам үндүү ырчы, анан да "красавчик" Жи Чаң Ук тууралуу баянды сунуштайбыз.

Туулган жылы –
5-июль, 1987-жыл

Туулган жери – Түштүк Корея, Анян шаары

Билими – Дангук университетинин театр жана кино факультети

Бою – 182 сантиметр

Учурда – Актёр, ырчы, модель

Агенттиги – Glorious Entertainment

Үй-бүлөлүк абалы – бойдок

ЖИ ЧАҢ УК ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА

► Мотоцикл айдаганды жактырат.

► Корей жылдыздарынан куралган “FC Men” футбол командасында чабуулчу.

► 2015-жылдан бери Кореянын эң көп каражат тапкан актёрлорунун катарында. Дорамадагы бир серия үчүн 40 миң доллардан жогору гонорар алат.

► Фортепианодо ойнойт, гитара черткенди үйрөнгүсү келет.

► “LAB Series” косметикалык брендинин жүзү.

“АЗЫР ДА АПАМДЫ ТААРЫНТКАНЫМ ҮЧҮН ЖАМАН БОЛУП КЕТЕМ”

1987-жылы Түштүк Кореянын Анян шаарында катардагы үй-бүлөдө наристе үнү жаңырып, жубайлардын кубанычында чек жок эле. Ата да, эне да бир чети кызыгуу, бир чети сонуркоо менен келечекке үмүт берген тун баласына үйрүлүп түшүп жатышты. Жи Чаң Ук ысымын алган бала шайыр, активдүү бала болуп чоңойду. Эч нерседен капарсыз жүргөн Чаң Ук 5-класста окуп жүргөндө атасы каза болуп калган. Бул жоготуудан кийин баары өзгөрдү. Ооба, антпеске арга жок болчу. Апасы үй-бүлө жүгүн жалгыз моюнуна артып, уулун жалгыз тарбиялады. Апасынын кыйналганын көргөн бала да тентектиги калып, токтоо, апасынын ар бир сөзүн мыйзам деп кабыл алды.

– Мен башынан окууга кызыккан эмесмин. Алган бааларым да көңүл жылытарлык эмес болчу. Бирок апам окуш керек деди, окудум. Менден "кичинекейиңде эле актёр болууну каалачу белең?" деп көп сурашат. Бирок башталгыч класстарда окуп жүргөндө келечекте ким болом деген ой такыр жок болчу. Актёрлук кесип түшүмө да кирген эмес. Кийин жогорку класска келгенде классташтарым ар кимиси мен бул болом” деп сүйлөшө баштаганда гана мен да бир тарапты тандашым керектигин түшүндүм. Тандоого келгенде апам “кеңсе кызматкери бол” деди. Бир күнү телевизор көрүп отуруп, экран артындагы жашоо кызык сезилди да, Дангук университетинин Театр жана кино бөлүмүнө тапшырып салдым. Меникиндей окуу көрсөткүчү менен кантип өтүп кеттим билбейм, бирок бир заматта студент болуп калдым. Апам абдан каршы болду. Таарынды... Бир да жолу каяша айтпаган уулу келечек жолун тандоодо тилин укпай койсо таарынат да. Азыр эстесем да апамды таарынтканым үчүн жаман болуп кетем. Бирок баары жакшы, учурда апам номер биринчи колдоочум,- дейт актёрдук кесиби тууралуу Жи Чаң Ук.

“ДАЙЫМА ӨСҮП ТУРГАН АРТИСТ БОЛСОМ ДЕЙМ”

– Университетке өтөрүн го өттүм. Бул жакта эми кантип окуйм деп көрүнгөндүн башын ойлоп жүргөнчө 1 жыл өтүп кетти. Сессиядагы бааларымды көрсөңүз жалаң "2", "3". Окууга илең-салаң келип жүргөн күндөрдүн биринде коридордо турсам жогорку курста окуган сонбэ (байке) “Чаң Ук, ордуңдан жылбай турчу” деди, “Эмнеге?” десем “ой, жылба” деп урушуп койду. Турган ордумда каттым, көзүмдүн кыры менен эмне кылып жатышат деп карап коём, камера менен бир нерселерди тартып жатышты. Тамга жөлөнүп турган ошол көз ирмемдер жакты. Кызыгуу ойгонду. Көрсө, студенттер эркин темада видео тартып жатышкан экен. Массовкага адам керек болуп мени да тартып алышыптыр. Изденүүдө жүргөн жаным ал байкелердин артынан ээрчип алдым. Экинчи массовка, үчүнчү, анан чакан сценкалар, театрда массовка, анан майда-чүйдө роль болуп жатып азыркы мен жаралдым.

Азыркыга чейин “жакшы ойнодумбу?” деп кыжалат боло берем. Айрыкча мюзикл же спектаклде ойноп жатканда далымдан ылдый тер шорголойт. Муну артисттер эмоционалдык басым деп коёбуз. Эл менен бетме-бет турганыңда киного тартылып жаткандай “бир аздан кийин уланталы” дей албайсың. Канчалаган көздөр сенин ар бир кыймылыңды таразага салып турушат. Бардыгы бүтүп, кол чабууларды укканда гана “өх” деп ысык дем чыгарып аласың. Кесибинен толкунданбаган адам жетер чегине жетти, болду өспөйт дегенди билдирет. Мен дайыма өсүп турган артист болсом дейм.

22 ЖАШЫНДА КЕЛГЕН АТАКТУУЛУК

Актёрлукка кадам таштаган алгачкы 3 жыл Чаң Ук үчүн ийгиликсиз болгон. Бул жылдар аралыгында актёр “бул кесипти таштасамбы, талантым жок окшойт” деп бир топ кабатырланганын эскерет. 2009-жылы экранга чыккан “Менин идеалдуу уулдарым” дорамасы жогорку рейтингге ээ болуп, анда тартылган актёр-актрисалардын баары популярдуу болуп чыга келген. Алардын катарында биздин бүгүнкү каарман да бар эле. Ошондон тарта эл сүймөнчүгүнө айланган Чаң Ук “Дон Хэ, жылмайсаң”, “Жоокер Бэк Дон Су”, “Императрица Ки”, “Хилер”, “Күмөн жараткан өнөктөш”, “К2” жана башка дорамаларды көркүнө чыгарды. Таланттуу актёр кино сынчылардын көз жаздымында калган эмес. Жи Чаң Уктун текчесинде “Жаңы жылдыз”, “Мыкты актёр”, “Эң таанымал актёр”, “Корея сыймыгы” жана башка көптөгөн наамдар орун алган.

Экшн жанрындагы тасмаларга тартылуу үчүн Чаң Ук уруш өнөрүнүн түрлөрүн үйрөнгөн. Ал каскадёр-дублёрдун жардамына көп кайрылбай, кооптуу сценаларды да өзү аткарганга аракет кылат. Мындан улам ал “экшн чебери” атыккан.

КАПРАЛ ЖИ ЧАҢ УК

2017-жылдын 14-августунда Жи Чаң Ук жарандык милдетин аткарып аскер кызматын өтөөгө кеткен. Артиллериялык бригадада кызмат өтөгөн ал мыкты жетишкендиктери үчүн алгач отряд командири, андан кийин капрал наамына чейин көтөрүлгөн. 2019-жылдын 27-апрелинде аскердик кызматын өтөп келген Чаң Укту жүздөгөн күйөрмандары тосуп алган. Ананчы, бир гана Кореяда эмес, керекпи Кыргыз өлкөсүндө да анын келишин күткөн күйөрмандар бар эле. Актёр көп күттүргөн жок, сентябрдын аягында ал башкы каармандын ролун ойногон “Мени эрит” дорамасы экранга чыкты. Эгер сиз бул дораманы көрүп жаткан болсоңуз, көрө электер үчүн биздин super_info_official Инстаграм баракчабызда ой бөлүшсөңүз болот.

Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
ainura220888
2019-10-21 18:41:29
Джи Чан Ук мой))) "Пожалуйста растопи меня нежно" деген дорамада главный ролдо Мадочандын ролун ойноп атат. Субота воскресенье кундору жаны сериялары чыгат. 8-сериясы кече чыкты. Субтитры же озвучкасы чыкыча корейче оргиналын коруп дорама аягына чыкыча кадимкидей тушунуп калат окшойм балее басып. Холосо дегени хорошо экен. Камсамида- спасибо. Сарани- любов кыскасы бир кыйла создорун билип калдым)
+2
Gul_gulum
2019-10-22 11:03:48
ainura220888, бир кездерде мен да ошентип корчу элем азыр балдар ме убакыт да жок
0
Altynbekova.01
2019-10-22 04:43:02
Императрица Деген киносу аябай жаккан.
+3
gulzat85
2019-10-27 00:08:38
Мен да растопи меня дорамасын коруп атам.сонун
+1
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-10-27 12:14:09
Эркекче кинобу? Болбосо кызтеке кинолордон аллергиям бар.
-2
Babee
2019-10-27 14:53:56
Менин суйгон актерум азыркы жаны сериалыны кутуп атам толук которулуп буто элек
+1
№ 885, 17-23-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан