Үстүбүздөгү жылдын 9-октябрь күнү Бишкекте милиция кызматкери 25 жаштагы жигитке ок чыгарды. Маалыматка караганда, окуяга кадимки эле жол талашуу себеп болгон. Жабырлануучу милиция кызматкерине доо артпайм деп жатат. Мындан көп өтпөй ушундай эле көрүнүш 12-октябрда орун алды.
ИИМДИН ВЕРСИЯСЫ: “МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ ӨЗҮН КОРГОГОН”
9-октябрь күнү орун алган окуя боюнча Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы айдоочу жана милиция өкүлүнүн ортосунда жол талашуудан улам чыр чыккан деген маалымат таратты:
– Эртең мененки саат 08:20 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө Масалиев жана Алымкулов көчөлөрүнүн кесилишинде жаңжал болуп жатат деген билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, чырдын себебин такташкан. Анда айдоочулар жол талаша кетип, Тойота Камри үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу өзүн Бишкек ШИИББинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Амангулов деп тааныштырган. Милиция кызматкери жол талашкан айдоочуга шашып жатканын билдирген. Ал эми 25 жаштагы А.Ж. унаасынан түшүп келип, кызматкер менен айтыша кетип, колундагы белгисиз нерсе менен Амангуловду бетке чаап жиберген. Кызматкер өзүнүн коопсуздугу үчүн куралын алып чыгып, асманга ок чыгарган. Жаран буга дагы баш ийген эмес. Мындан улам Нурлан Амангулов А.Ж. тарапка экинчи жолу ок чыгаргандан кийин ал унаасына отуруп, белгисиз тарапка кетип калган. Тергөө иштеринин алкагында А.Ж. Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна кайрылганы белгилүү болду. Анын сол колуна ок тийген. Мындан тышкары, ал Ленин РИИБине арыз менен кайрылган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Бейбаштык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары улантылып жатат.
“ЖАБЫРЛАНУУЧУ ТОЛУК ДАРЫЛАНГАН ЖОК”
Жабырлануучу А.Ж. алган жаркатынан улам ооруканага кайрылган. Окуянын эртеси күнү аны белгисиз адамдар ооруканадан алып кеткени тууралуу маалымат тарады. Аталган оорукананын дарыгери Бакыт Исаков бул маалыматты четке кагып, аны алып кеткендер таякелери деп билдирди.
– 9-октябрь күнү бейтап билегине ок тийген абалда келген. Абалы орточо туруктуу болчу. Бирок 10-октябрь күнү жакындары келип алып кетишти. Бир күндүн ичинде толук кандуу дарыланып бүтпөйт. Дарылануу курсу бүтө элек болчу. Бирок стационардык дарыланууга калабы же жокпу бул бейтаптын өз эрки болгондуктан биз токтотуп калган жокпуз. Таякелери жана достору болобуз деп келгендер менен чогуу кетти.
“КОЛУМДА ЭЧ НЕРСЕ ЖОК БОЛЧУ”
Жабырлануучу А.Ж. менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Ал окуя болгон күндүн эртеси “Кактус Медиага”буларды билдирген.
– Мен ал күнү эртең менен өзүмдүн иштерим менен кетип бараткам. Масалиев жана Алымкулов көчөлөрүнүн кесилишинде Тойота Камри үлгүсүндөгү унаа менин алдымдан жолду кесип чыкты. Айдоочусу биринчи сөгүнүп баштады. Ооба, ал өзүн шаардык Ички иштер башкармалыгында иштээрин айтып, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысымын деп тааныштырды. Бирок үстүндө формасы жок болчу. Мага кыйкырып сүйлөп, жалаң уят сөздөр менен сөгүнүп жатты. Жол эрежесин бузганга күнөөлүү ал болгондуктан, иштеген жери, ээлеген орду ага жардам бербестигин айттым. Кызуу кандуулукка алдырбаңыз деп жанына барсам, биринчи болуп өзү кол көтөрдү. Мен ага жооп кылып чаап жиберсем жерге кулап түштү. Тура калып куралын алып чыгып мага ок атты. Жаракат алгандыктан ооруканага кетип калдым. Бирок айтылып жаткандай, менин колумда эч кандай чаба турган курал жок болчу. Ушуну баса белгилеп кетким келет. Азырынча тосмо арыз жаза элекмин. Бирок жакын арада тосмо арыз жазып берейин деп жатам. Себеби милиция кызматкерине доом жок.
“МИЛИЦИЯ КЫЗМАТЫНДАГЫЛАР ДАЙЫМА КОРКУНУЧТА ЖАШАШАТ”
Бишкек ШИИББинин маалымат катчысы Улан Жумаков бул окуяга байланыштуу өз пикирин социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
– Мен өзүм уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүндө иштегем. Дайыма кандайдыр бир коркунучту күтүп жашоо кандай экенин жакшы билем. Кайсы жактан жашооңо коркунуч чыга калышы мүмкүн экенин билбейсиң. Себеби сенин душмандарың жөнөкөй катардагы кишилер эмес, криминал дүйнөсүндө жүргөн, кармалган кезде “биз дагы кездешебиз” деп коркуткан кишилер.
Социалдык тармактын колдонуучуларынын көбү дароо эле милиция өкүлүн күнөөлөп киришти. Алар милиция кызматкерлери кооптуу жумушта иштээрин моюндагылары келбейт. Анын душмандары жөнөкөй кишилер эмес, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экенин унутушат. Кокусунан жолду кесип чыга калганда ага милиция кызматында иштээриңди айтып, өзүңдү тааныштырып, чыр чыгарбай тарап кетүүнү суранганыңа карабай келип жаакка чапса. Ал соккудан жерге кулап түшкөндө, албетте, биринчи эле кезекте атайын сени унаадан түшүрүү максатында уюшкан топтун кезектеги планы деген ой келет.
Ушул күнгө чейин канча деген ыкчам топтун кызматкерлери өз кызматтык милдеттерин аткарып жатып каза болушту. Алардын көпчүлүгү жаш кете беришти. Алар да узак жашагысы келген, алардын да артында балдары калган. Бирок бүгүнкү күндө милиция кызматкерин күнөөлөп кыйкырып жаткан кишилердин бири да ошол өз милдетин аткарып жатып каза болгон кызматкерлерди эскерип коюшпайт. Алардын эч бири каза болгон кызматкерлердин бала-чакасы кантип өсүп жатканына, үй-бүлөсүнүн абалына кызыгып коюшпайт.
“ОК АТУУГА АРГАСЫЗ БОЛУШКАН”
Мындан көп узабай эле, 12-октябрда Чүй облусунда милиция кызматкери айдоочуга ок чыгарган дагы бир окуя катталды. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы “жол эрежесин бузуп, рулда телефон менен сүйлөшүп бара жаткан айдоочуга милиция кызматкерлери ок чыгарууга аргасыз болушкан" деп маалымат таратты.
– Окуя 12-октябрь күнү болжол менен саат 18:15 чамасында орун алган. Алгач милиция кызматкерлери айдоочуну токтотууга аракет жасашкан. Бирок алардын аракетинен майнап чыккан эмес. Автоинспекторлор Лексус 470 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу телефон менен сүйлөшүп бара жаткандыктан унааны токтотуусун өтүнгөн. Бирок айдоочу эскертүүгө карабай бейкапар жолун улаган. Мындан улам кызматкерлер унаанын артынан кууп жөнөшкөн. Милиция кызматкерлери качып бара жаткан айдоочуну ашып өтүүгө аракет кылганы менен, ал буга жол берген эмес. Мындан улам инспекторлор тарабынан алгач асманды көздөй эскертүү огу атылган. Айдоочу аны эске албай милиция кызматкерлеринин куралын жулуп алууга аракет жасаган. Ушундан кийин айдоочуга карата ок атылып, ал далысынан жаракат алып ооруканага жеткирилген. Аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Унаанын айдоочусу 1991-жылы туулган М.Х. аттуу жаран экени аныкталды. Тартип бузган жарандын унаасы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында каттоодон өтпөгөнү белгилүү болду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Чүй аймактык ооруканасынын дарыгери Эркин Осмоналиев айдоочу М.Хнын абалы тууралуу буларды билдирди.
– Бейтап М.Х. кечки саат 20:00 чамасында келип түштү. Ок оң далысына тийген. 5-6 сантиметрдей тилип өткөн. Абалы туруктуу, өз алдынча сүйлөп, акыл-эси жайында. Орто эсепте 10 күндөй дарыланышы керек. Учурда тиешелүү дарылоо көрсөтүлүп жатат.
Биринчи окуядагы жабырлануучу милицияга доосу жок экенин билдиргенден кийин коомчулукта “милиция жабырлануучуну коркутуп койгон” деген пикирлер жаралды. Бишкек ШИИББи бул билдирүүлөрдү социалдык баракчалардагы фейк аккаунттар жазып, чагымчылдык уюштуруп жатышат деп бул пикирлерге комментарий берилбесин билдирди. Ошондой эле уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Амангуловдун үстүнөн кызматтык иликтөө жүрүп жатканын кошумчалады.
МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ТӨМӨНКҮ УЧУРЛАРДА ТАПАНЧА КОЛДОНО АЛАТ:
► Жарандын колунда зыян келтирүүчү белгисиз нерсе болсо;
► Жаран башка бир жарандын өмүрүнө коркунуч келтирип жатса (ок атканы жатса);
► Жаран милиция кызматынын кызматкерлеринин ишине тоскоолдук кылса (качса);
► Жаран жанында мыйзамсыз түрдө курал алып жүрсө.
Айпери Хожаева
koom@super.kg