«РОСИНБАНК» «КЕРЕМЕТ БАНК» ДЕГЕН ЖАҢЫ АТАЛЫШКА ЭЭ БОЛДУ

Кыргызстандагы коммерциялык банктардын ичинен уставдык капиталы боюнча биринчи орунда турган “Росинбанк” ААКсы аталышын өзгөртүп, “Керемет Банк” деген ат менен кардарларына кызмат көрсөтүүнү улантууда. Бишкекте аталган банктын жаңы атынын түшүндүрмөсү, логотибинин чечмелениши, банктык кызматтарды көрсөтүүдөгү өнүгүүлөр жана алдыга коюлган максаттар боюнча маалымат жыйын өттү.

2018-жылдын октябрь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы “Росинбанк” ААКсынын акциялар пакетинин негизги ээлик кылуучусу болду. Ал эми 2019-жылдын май айында Улуттук банктын "Росинбанктагы" үлүшү 95 пайыздан ашты. Улуттук банктын берген маалыматына караганда, банк каржы рыногунда башка банктарга жолтоо болбошу үчүн “Росинбанк” ипотека менен курулуш тармагын тейлөө кызматына дайындалган. Ал азыр Мамлекеттик ипотекалык компаниядай эле пайыздар менен насыя каражаттарын берип жатат. Дал ушундай мамлекеттик ишеним артылган банк керемет аталышка ээ болууда. Эми өлкөнүн бардык бурчунда кардарларын тейлеп жаткан “Росинбанк” “Керемет Банк” деген аталышта кызмат көрсөтүүнү улантат. Банктын атын алмаштыруу чечими акционерлердин августтагы чогулушунда кабыл алынган. Учурда өлкөнүн бардык аймактарындагы филиалдарда, сактык кассаларында ребрендинг иштери жүргүзүлүүдө. Банктын жетекчилиги бул процесс быйылкы жылдын октябрь-ноябрь айларында соңуна чыгарын билдирди.

Банктын жаңы логотиби нукура кыргыз колоритинде. Анын негизин байыркы оюм-чийимдер түзөт, алсак: ачылып келе жаткан гүл, боз үйдүн керегеси, үйдүн чатырынын символу жана кампанын метафорасы. Бир караганда тоону жана жашыл адырларды элестеткен логотип Кыргыз Республикасынын Гимниндеги "Ак мөңгүлүү аска-зоолор, талаалар..." деген саптар менен үндөшөт.

Банктын атын өзгөртүүгө эмне түрткү болгондугун “Керемет Банк” ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эркинбек Жумабаев айтып берди.

– 2013-жылы банк “Росинбанк” деген аталышта өлкө аймагында катталган. Ал кезде акциялар пакетинин 90 пайызынын негизги ээлик кылуучусу орусиялык холдинг болчу. Бүгүнкү күндө 95,07 пайызына Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ээлик кылат. Ишмердүүлүгү эл аралык стандарт менен Кыргыз жергесинин аймагында жүргүзүлөт. Эл аралык стандарт демекчи, биздин кардарларды тейлөө принциптерибиз, шарттарыбыз эл аралык стандарт менен жүргүзүлүп, заманбап тейлөө сапаты менен иш алып барабыз. Бул өлкөнүн бардык аймактарындагы тейлөө сапатын жакшыртууга өбөлгө болот. Ошондой эле биздин шарттар жергиликтүү калктын социалдык абалына ылайыкталып, банктык эсеп-кысаптарды, операцияларды жүргүзүүнүн жолдорун жеңилдетүүнүн үстүндө да иш алып барат. Мисалы, 2019-жылы 6 түйүнгө сактык кассасын ачтык. Мунун бешөө аймактарга ачылган. Жыл өткөн сайын банктык кызматтардын аймактарда жеткиликтүү болуусун камсыздайбыз. Өлкөдө инфраструктура канчалык жогору болсо, ошончолук банктык кызматтарга болгон талап да жогорулайт. Ошол себептен инфраструктуранын өнүгүшүнө банктар дагы кызыкдар.

Маалымат жыйындын алкагында ипотекалык насыя боюнча кызыгып суроо узаткандар болду. Бул боюнча төмөнкүдөй маалымат берилди:

– 2019-жылдын июнь айынан тартып өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 400дөн ашуун үй-бүлө турак жайлуу болуп калды. “Социалдык ипотека” – бул мамлекеттик мекемелердин кызматчылары үчүн маанилүү социалдык багыттагы кызмат. Үй алууну самаган жарандарга баштапкы төлөмдүн суммасына жараша жылына 6 пайыздан 8 пайызга чейинки (Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилген шарттары 7-9 пайыз) үстөк менен 15 жылга чейин берилет. “Социалдык ипотекага” насыя катары берилген 600 миллион сомдун 57 пайызы аймактардын жашоочуларына турак жай үчүн насыя иретинде берилди.

“Керемет Банк” ААКсы мурдагыдай эле кардарлары менен тыгыз иш алып барып, ишмердүүлүгүнүн алкагындагы бардык кызматтарды көрсөтүп, жеке же юридикалык жактарды тейлөөсүн улантат.

Гүлжан Асанкожоева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 885, 17-23-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан