Кубатбек Гайфулин, фермер: «БИЗ МАЛГА САПАТТУУ ЖЕМ ДАЯРДАЙБЫЗ»

Кыргызстанда эң көп ишмердүүлүк жүргүзүлгөн тармак – бул айыл чарба тармагы. Калктын басымдуу бөлүгү дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен алектенип киреше таап, күнүмдүк азык-түлүктү дагы өздөрү өндүрүп колдонот. Буга байланыштуу калк арасында мал багуунун жаңы ыкмалары, убакытты үнөмдөө малдын санына эмес, эт-сүт багытына карап багуу түшүнүгү акыркы жылдары жайыла баштады.

“МАЛДЫН ТҮРҮНӨ ЖАРАША ЖЕМ ӨНДҮРҮЛӨТ”

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарына жакын жерде өзгөчө үй-бүлө жашайт. Гайфулиндердин үй-бүлөсү малдын тоютун калориялуу кылып даярдап чыгышат. Иштелип чыккан тоюттун курамы эмнеден турарын фермер Кубатбек Гайфулин айтып берди:

– Бул жемге кадимки эле арпа, сулу, буудай жана бир аз улпак кошулган. Бул негизги курамы болсо, ага майын сыгып алгандан калган семичкенин, соянын, сары баштын күнжарасы (жмых) аралаштырылып иштелип чыгат. Бул азыктарды да туш келди кошо бербейбиз. Ар бир малдын түрүнө жараша тиешелүү рацион бар. Мисалы, уйга, койго, жылкыга өз-өзүнчө даярдалат. Анын ичинде эт багытындагы малга өзүнчө, сүт багытындагы малга өзүнчө жем чыгарылат. Мындан тышкары породалуу малга дагы ылайыктуу жем даярдайбыз. Азыр мал кармагандардын арасында убакытты үнөмдүү пайдаланууну, аз күч жана эмгек сарптап көп сүт же эт өндүрүүнү көздөгөндөр бар. Мындан тышкары мал семиртүү үчүн дагы жем даярдайбыз. Албетте, сапатына жараша жемдин баасы да кымбат болот. Бирок мунун сырын билип алгандар азыр бир гана биздин жем менен мал семиртип калышты.

“ЧИЙКИ ЗАТТАН КЕНЕДЕЙ КАЛДЫК КАЛТЫРБАЙБЫЗ”

Кубатбек мырзанын уулу Дениз Гайфулин бул өндүрүшкө баш-оту менен кирип кызыгып калган. Ал 2018-жылы “Кумтөр” компаниясы каржылаган Борбор Азиянын Евразия фонду (FECA) тарабынан 5 миң долларлык грант утуп алып ушул ишке сарптаганын айтып берди.

– Мен бул чарбаны нөлдөн баштагам. Өзүм ушундай тоют тармагына кызыгам. Интернеттен көп нерсени карап, ар кандай бирикмелердин маалыматтарын окуп жатып өздөштүрүп алдым. Өзүм Жаш ишкерлер ассоциациясынын мүчөсү болом. Ошол жактан “Кумтөр” компаниясы каржылаган фонддордун бири сынактарды жарыялап грант берери тууралуу угуп калдым. Мурда түптөлгөн ишмердүүлүгүмдү өнүктүрүү максатында сынакка катышып көрдүм. Ошентип грантты жеңип алдык. Азыр баш-отум менен ушул ишке киришип, элдин буюртмаларын тынбай аткарып жаткан чагыбыз. Башта семичке же соянын данынан май сыгып алгандан кийин калган күнжарасын сатканда абдан арзан бааланып калып жатты. Мындан улам майын сыгып алгандан калган күнжараны иштетүүнүн жолун издеп, жем даярдоо багытын таптык.

Бул жемди мал дагы шакелдебейт, калтырып салбайт. Ошондой эле мал жегенден кийин калтырган кыгын жер семирткич кылып пайдаланса отоо чөп чыкпайт экен деп жатышат.

Биз өндүрүлгөн тоютту алгач өзүбүз эксперимент кылып көрөлү деп атайын колго мал кармайбыз. Аны бир нече жолу текшеребиз. Жакшы жыйынтык берсе гана кардарларга сунуштайбыз. Ойдогудай болбой калса анда рациондорго климатка, суукка же ысыкка, жыл мезгилине карата өзгөртүүлөрдү киргизип кайра жасайбыз. Бирок биз чыгарган продукция бир топ эле убакыт менен сыналып калды. Кардарларыбыз тонналап буюртма берип кетишет. Мындан тышкары учурда балык чарбачылыгы менен алектенгендер үчүн балыкка жем өндүрүп жатабыз. Аны сынап көрүү үчүн кашардын четине атайын көлмө жасап, балык багып жатабыз.

“БАЗАРГА АЛЫП БАРГАН МАЛЫМДЫ УНААДАН ТҮШҮРӨ ЭЛЕКТЕ АЛЫП КЕТИШЕТ”

Дениз Гайфулиндин кардары Бахтияр Макиев учурда бодо мал багып сатат. Ал убакыттан утуп жатканын жана кардарлар малды базарга жетери менен алып кетерин айтты:

– Кубатбек байке чыгарган жемдин курамында малга керектүү бардык элементтер бар. Мен ага кардар болгондон тартып эле бардык тараптан утарымды түшүнгөм. Малды өтө тез арада семиртет. Базарга уйларымды алып барып машинадан түшүрө электе эле мен самаган бааны айтып сурашат. Базарда көпкө турбайм. Эттүү, көзгө көрүнүп зоот болуп турган малды калтырбай алып кетет. Ошондой эле бул ыкма менен семирткен малдын жүнү да жылтырап турат. Бул малдын саламаттыгынан кабар берет.

Кубатбек байкедей адамдар көп болсо бат эле өнүгүп кетмекпиз (күлүп). Менин короо-жайым тардык кылат. Ошого карабай 5 же 6 бир жылдык кунаажын, торпоктордон алып коём. Ал бат эле семирет дагы 10-15 уй баккан адамдардан көбүрөөк киреше алып келет.

Гүлжан Асанкожоева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 885, 17-23-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан