Аргентинанын Леоне шаарында Памела Вильярюэль аттуу келин жашайт. Ал 17 гана жашта экенине карабай 7 балалуу болгон. Балдарынын бири эркек, алтоо кыз. Учурда ал балдарын жалгыз өзү чоңойтууда. Алгачкы баласын 14 жашында төрөгөндүгүн чет элдик басылмалар жазат. 14 жашында аны жигити колундагы баласы менен таштап кеткен. Мындан кийин ал башка бирөөгө жолугуп мамиле түзө баштайт. Кийинки кош бойлуулугунда ымыркайлары 3 эм экендиги аныкталган. Үч эмди жарык дүйнөгө алып келген Памеланы экинчи түгөйү да таштап кете берген. 4 баланы багуу жалгыз бой жаш келин үчүн оорчулукка турган. Ал дагы бир жигит таап, аны менен да мамиле түзүп, натыйжада андан да боюнда болуп калган. Бул жолу да Кудай ага 3 эмди буюрган. Ошентип 3 жолку кош бойлуулуктун жыйынтыгы менен Памела 7 балалуу болгонго жетишкен. Күйөөдөн жолу болбогон жаш энени үчүнчү жигити да таштап кеткен. Бирок мамлекет жалгыз бой көп балалуу энеге жардам иретинде жөлөк пул чектеп берген. Ал азыр өзү жалгыз иштеп балдарын багат. Памеланын апасы врачтарга кайрылып кызынын жатын түтүктөрүн буудуруп салууну суранган. Бирок Аргентинада 21 жаштан өткөн аялдарга гана бул процедураны жасоого уруксат. Ал эми аны таштап кеткен 3 жигит тең жашы жете элек болгондуктан, мыйзамдуу жоопкерчиликке тартууга жол берилбейт.
Памеланын тагдыры тууралуу угуп-билгендер ага ар түрдүү жардам көрсөтүп келишет. Коомчулукта аны жаштык менен өз тагдырына шалаакылык мамиле кылып алды деп колдогондор да бар.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg