ӨЛКӨГӨ УНАА КИРГИЗҮҮ 11 ЭСЕ КЫМБАТТАЙТ

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматы 2019-жылдын 31-декабрында транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңилдетилген тарифинин мөөнөтү аяктай турганын эскертти. Мындан улам 2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз өлкөсүнө ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөрдөн ташылып келген автоунаалардын бажы төлөмү дээрлик 11 эсе жогорулайт. Бул кырдаал өлкөнүн авторыногуна канчалык таасир берет? Бул кадамга Кыргыз коомчулугу даярбы?


ЕАЭБге КИРҮҮ ҮЧҮН КАДАМДАР

Кыргыз өкмөтү Евразия экономикалык биримдигине кирүүнү максат кылып, ал уюмдун шартына ылайык келиш үчүн ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн ташылган автоунааларга бажы төлөмүн 2014-жылы көтөргөн. Ошол жылдын сентябрь айынан баштап сырттан алынып келген автоунаалардын бажы төлөмдөрү көлөмүнө жараша 10 центке көтөрүлгөн. Тагыраагы, орто эсеп менен кыймылдаткычынын көлөмү 2000 см3 болгон унаага бажы төлөмү 200 долларга кымбаттаган. Ал эми 2015-жылдын 1-январынан тарта бажы төлөмү дагы 50 центке өсүп, 2000 см3 көлөмдөгү унаага бажы төлөмдөр 1000 долларга чейин көтөрүлгөн. Ошентип Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык биримдигине 2015-жылы киргенден кийин чет өлкөлөрдөн ташылып келинген автоунаалардын бажы төлөмү жыл сайын көтөрүлө баштаган. Бийлик өкүлдөрү мындай кадам өлкөдө техникалык талаптарга жооп бербеген эски машиналардын азайышына алып келет дешкен.

Кескин түрдө бажы төлөмдөрүнүн жогорулап кетиши унаа сатып иштеген ишкерлерди кабатыр кылган. Атүгүл алар митингге чыгышып, бажы төлөмдөрүн төлөө оор болуп жатканын айтышып, жеңилдетилген мөөнөт берүүнү суранышкан.

2018-жылы 10-июлда өкмөт токтом кабыл алып, ага ылайык, сырттан ташылып келген автомобилдердин бажы төлөмү кайра азайтылып, 2014-жылга чейинки көрсөткүчкө түшкөн. Анда өкмөт бул жеңилдик 2019-жылдын 31-декабрына чейин иштейт деп айткан.

Мамлекеттик Бажы кызматынын басма сөз катчысы Жаманак Мусурканов 2020-жылдан тартып сырттан киргизилген автоунааларга бажы төлөмдөрү жогорулай турганы алдын ала эскертилген дейт:

– Кыргыз өлкөсү 2015-жылдан тарта ЕАЭБге мүчө. Мындан улам биздин өлкөдө уюмдун шарттарына туура келүү үчүн сырттан ташылып келинген унааларга бажы төлөмдөр көбөйгөн. 2018-жылдын 10-июлунан тартып Кыргызстанга ташылып келинген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмү убактылуу азайтылган. Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. ЕАЭБдин келишимине ылайык, Кыргызстан 2020-жылга чейин бажы жана салык төлөмдөрүн өзү каалагандай коюуга укугу бар. Мындан улам бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү тарифинин өлчөмү 2014-жылкы эсепке чейин төмөндөтүлгөн. Жаңы эрежелер 2019-жылдын 31-декабрына чейин иштейт. Мисалы, 2009-жылы чыккан 2500 см3 көлөмдөгү Toyota Camry автоунаасынын бажы төлөмү учурда 1250 доллар болсо, 2020-жылдан тартып 13 600 доллар болот. Ал эми учурда электромобилдерге эч кандай тариф жок болсо, жаңы жылдан баштап электромобилдердин бажы алымы унаанын баасынын 15 пайызын түзөт. Ал эми кошумча нарк салыгы 12 пайыз болот.

Ташылып келген автоунааларга бажы алымдарын учурдагы тариф менен сактап калуу мүмкүнчүлүгү бар экендигин экономика министри Санжар Муканбетов Жогорку Кеңеште билдирди. Ал Кыргызстанда Евразия экономикалык комиссиясына кайрылууга укук бар деди:

– Берилген жеңилдиктин мөөнөтүн узартуу боюнча учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Негизи азыр ЕАЭБге кирген мамлекеттердин соода-сатыгы бир болуп калды да. Ошондуктан ар бир мамлекет өз автопаркын колдогонго багытталган. Андыктан азыр бул боюнча чоң суроолор болуп жатат. Өкмөттө да кеңешип жатабыз. Буюрса, алдыга жылабыз.

Эгер өкмөт ЕАЭБ менен сүйлөшө албаса, анда 2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанга ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөрдөн ташылып келген автоунаалардын бажы төлөмү дээрлик 11 эсеге көбөйүшү мүмкүн. Ошондуктан мамлекеттик бажы кызматы жарандар менен ишкерлерге кайрылып, «чет өлкөдөн алынып келинген автоунааларды жаңы жылга чейин бажылык тариздөөдөн өткөрүп алсын. Автоунааны тыштан алып келүүгө буюртма бергендер, жогоруда көрсөтүлгөн убакытты эске алгыла» деп эскертти.

2019-жылдын 1-январынан 30-сентябрына чейин ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөрдөн Кыргызстанга 17 304 унаа ташылып келинип, бюджетке 1 миллиард 659 миллион 439 миң сом бажы алымы түшкөн.

Замир Кожашев, ишкер: “СЫРТТАН УНАА ТАШЫП КЕЛҮҮЛӨР КӨБӨЙДҮ”

Бажы төлөмү көбөйсө ишкерлердин абалы кандай болот деп бул тармакта бир нече жылдан бери иштеп келе жаткан жарандарга кайрылып көрдүк. 65 жаштагы Замир Кожашев 20 жылдан бери унаа сатып ишкерлик кылып келет. Анын айтымында, учурда унаалардын саны абдан көп, бирок ага карабай бажы төлөмү көтөрүлөт деп унааларды ташуу жанданды дейт.

– Учурда ишкерлер кредит алып машина ташып келип сатышат. Мен дагы мына эртең чет өлкөгө кетип жатам. Жакында эле 27 пайыз менен коммерциялык банктан насыя алдым. Машина алып келебиз, бирок эң түйшүктүүсү аны сатууда. Кээде бир нече айда эптеп 1 унаа сатасың. Анын үстүнө азыр техникалык жактан эскилиги жеткен унаалар дагы деле көп. Аларды азайтуу туура, анткени жол кырсыктары дал ушул эски унаалардын айынан көп болот. Бирок өлкөнүн автопаркын жаңылоого дагы убакыт керек.

Бажы төлөмүнүн көбөйүшү бир жагынан жакшы. Анткени жогоруда айтылгандай, унаалар өлкөдө абдан көп. Албетте, бул кырдаалда кээ бир ишкерлер зыян тартышы мүмкүн. Мен, мисалы, 2015-жылы оң рулдуу унааларды өлкөгө киргизүүгө тыюу салынгандан кийин ири чыгымга учурагам.

Марс Бакытбеков, ишкер: “ИШКЕРЛЕР СЫРТТАН УНААЛАРДЫ КИРГИЗИП АЛДЫ”

– 12 жылдан бери бул тармакта ишкерлик кылып келем. Ачыгын айтканда, 2020-жылы бажы төлөмү көбөйөт деп бир нече жыл мурун эле айтылган. Андыктан ишкерлер насыя алып машиналарды киргизип алган, азыр деле киргизип жатышат. 2015-жылы дагы бажы төлөмү көбөйөт дегенде чет өлкөлөрдөн машиналарды көп ташып келип алып, кийин сата албай көптөр банкрот болушкан. Эмдиги жылы кандай болот, айта албайм.

Учурда базарда машина абдан көп, баалары кымбат. Келерки эки жылга унаалар жетет. Экинчиден, сатуу абдан жай болууда. Көптөр нак акчага сатып алышпайт. Машиналарды бири-бирине алмаштырып же башка мүлктөргө бартер кылышат. Чет жактан алынган кымбат унааларды алганга жарандарда каражат жок. Ал машиналарды сатып алгандан кийин аны кармоо да оңой эмес. Ошондуктан андай автоунааларды чоңдор гана алат. Көпчүлүк эл
10 миң долларга чейинки унааларды сатып алышат.

Учурда ишкерлер Грузия менен Европадан унааларды ташыйт, себеби ал жакта унаалардын сапаты Орусияга караганда жакшы. Негизи Орусиядан деле Фольксваген, Тойота үлгүсүндөгү унааларды алып келсек болот, бирок абалдары начар. Ошондуктан ал жактан көбүнчө Жигули, Нива үлгүсүндөгү унааларды ташыйбыз.

Унаалар дагы деле эски, андыктан электромобилдерге жана гибриддик унааларга бажы төлөмдөрүн жеңилдетүү мөөнөтүн узартса жакшы болмок.

АЙДООЧУНУН КУЛАГЫНА КҮМҮШ СЫРГА

Эгер сиз машина сатууну же сатып алууну пландап жатсаңыз, сизге төмөнкү маалымат жардам болот. Кыргызстанда автоунаа тууралуу толук маалымат камтылган «Carcheck» деген жаңы кызмат ачылды. Бул кызмат аркылуу автоунаа күрөөдө же камакта эмеспи, жол эрежесин бузганы үчүн айып пулдары барбы, буга чейин унаанын ээлери ким болгон, техникалык мүнөздөмөлөрү кандай деген керектүү суроолорго жооп табууга болот.

Кубан Жумамидинов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Kalemkash
2019-10-21 10:30:32
Эми эмне демекчибиз? Баардык олколор онугуунун туу чокусуна жетип атышат. Жалгыз Кыргызстан тетири кетип атат. Башка соз айта албайм
+9
Gen_fanat
2019-10-21 14:08:20
Электромобилдер дагы кымбаттайбы же бекер бойдон калабы сурап бериниздерчи!?
0
Apyn8793
2019-10-22 14:48:13
Gen_fanat, электромобилдерге ошо машинан канчага алсан ошонун 15 процентин ещё кошумча 12 процент салык толойсун бажыга.
0
oshondoiraak
2019-10-22 15:02:46
Бул жөн эле бизнес машина өткөрүү максаты он алтынчы жылы шашып кымбат алган адамдар болгон ушундай кеп тарап , машина кымбаттаса ким алат эле Кыргызстанда ансыз деле кыйратып машина өтүп аткан жок
+2
Arman7
2019-10-23 04:37:27
Кымбаттатып кимге тенелгинер келди же озубуздон машина чыгабы
+2
Kombi
2019-10-24 04:48:15
Carchek туралуу кенери маалымат жазгыласы супер инфо.
0
admin_portal
2019-10-24 10:22:01
Kombi, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
Daniy
2019-10-25 10:56:08
Sss
0
Munarbek98
2019-10-27 17:42:25
Оа кымбаттата бергиле ун, бензин, машына, салыктар, штрафтар айдоочуларга баарын кымбататкыла. Айлык, пенсия, пособияларды которбой эле койгула жетет элге. Эл байкушту ойлогон адам жок жогоруда. Билип билбей далдырап ар нерсени суйлоп нормально туалет салганга акылынар жетпейт. Качан биздин пешенебизге жакшы падыша туш болуп мамлекетибиз онолот билбейм. Кундон кунго мамлекетибиз онолот деген умутум очуп баратат.
+1
fmbro
2020-08-12 12:43:17
Бул эмнеге алып келээрин билебиз Орус Автопромун кыргызстанга узгултуксуз ташылып тураарына кепилдик берем !!!
0
№ 885, 17-23-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан