КАСИЕТТҮҮ КЫЗ-КӨЛДҮН БАЯНЫ

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Кыз-Көл аттуу айылда Кыз-Көл деген чакан көл жана ага байланыштуу уламыш бар. Көл элге алдыда күтүлүп жаткан кырсык, жаман окуя тууралуу өңүн өзгөртүп белги берет дешет. Бул уламыш тууралуу аталган айылдын 62 жаштагы тургуну Үсөн Токтосунов айтып берди.

– Кыз-Көл чакан көлү биздин айылдын чет жагында жайгашкан. Ошондой эле айыл четиндеги Келин-Таш, Ак-Көйнөк деген жердин аталыштары да Кыз-Көл уламышына байланыштуу. Болжол менен көлдүн узундугу – 100 метр, туурасы – 70 метр. Суу агып чыкпайт. Көлдүн тегерегинде чие, мисте, камыш, кара жыгач өсөт.

Илгери өткөн заманда бир кыз ата-энесинен ажырап, бир тууган агасынын колунда калат. Тилдүү жеңеси кызды өгөйлөп кордук көрсөтчү экен. Бир күнү Айт майрамы (башка вариантында той) болуп калат. Айылдыктар жаңы кийимдерин кийип алып айттай башташат. Кыз түзүгүрөөк көйнөгү жок, жеңеси айттап кеткенде анын бир көйнөгүн уурдап кийип алат да, айттап чыгат. Баласын көтөрүп айттап жүргөн жеңеси кайын сиңдисин көрүп калып, элдин көзүнчө урушуп, “чеч көйнөктү” деп кубалайт. Буга арданган кыз жеңесинен качып айыл этегине барганда “ал көйнөгүңдү” деп чечип жеңесине ыргытып жиберет. Ошол жер Ак-Көйнөк аталып калат. Андан ары жүгүрүп баратып жеңесин “ташка айланып кал” деп каргап, көлгө чөгүп өлөт. Көлдүн Кыз-Көл аталып калышы ошондон улам дешет. Кайын сиңдисин кууп жүргөн келин көлгө жетпей баласы менен ташка айланып калат. Ошол жер Келин-Таш атка конуптур.

Көлдүн касиети бар. Союз кезинде айылда орустар да жашаптыр. Алар таруу, картошка эгип, аны сугарганга көлдүн суусун пайдаланмак болушат. Бир нече орус ошентип этек жагын ачышат, бирок көп өтпөй алар ооруп, кырсыктап каза болушуптур.

Көл айылга, элге келер каргаша, кырсыктарды алдын ала белги берип эскертип турат. Бети кызарып калат. Мен көлдүн касиетине 15 жашымда күбө болгом. Ошол кезде ага жакын мал сарай бар болчу. Андан чыккан кыкты колхоздогулар көлгө түрттүрүп салышты. Көп өтпөй көл күн чыгыш жагынан кара баткакты сыртка бүркүп салды. Башкача айтканда, кыкты, жаман нерселерди "кусту", өзүн тазалады. Кийин бир жолу суу бетинин кызарып калганын өз көзүм менен көрдүм. Ошондон көп өтпөй айыл четинен жер көчкү жүрдү.

Көлдүн дагы бир касиети – суусун алып барып жуунса денедеги жараларды кетирет. Бирок эл көлдүн сүрүнөн чочулап, ал жакка көп бара бербейт, суусуна түшпөйт. Анын үстүнө түштүк жагында эски мазар бар болгондуктан, тегерегин мал-кел баспасын деп тосуп коюшкан.

Коңшу Ак-Тоок айылынан чыккан жазуучу Шабданбай Абдыраманов убагында Кыз-Көл тууралуу жазган. Аны окуган башка бир жазуучу атайын келип Кыз-Көлдү көрүп кетет да, Шабданбайга жолукканда “саз немени укмуш мактап жазыпсың го” деген экен.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Tyty1990
2019-10-21 09:06:14
Тенирчилер барып сыйынчу жер деп уккамын
-8
madina.87
2019-10-21 11:02:54
Авысыным айтып берди эле, угуп таң калган элем. Чын турбайбы..
+3
Targarien
2019-10-22 00:44:30
Чын эле бир баткак экен го
-3
nur_kadyr
2019-10-22 01:40:49
Жанынан корсонор колдун суру бар...бир башкача...
+2
jemile
2019-10-23 12:11:07
Карасаңар...көлдөн суу агып чыкпаса, суу куйбаса эмгиче саз болуп, үстүн балыр каптап сасып кетиш керек болчу... көлмө экен бирок ыйык дегенине ишендим мен...
0
cholpon119966
2019-10-23 23:18:03
Колдун жанына барып корсонор бир башкача суру бар, дагы бир окуя бар, бир киши колдун камышын алып бир нерсесине иштетип койгон экен туну менен басырык басып, кайсы жерини алайын колуну алайынбы, бутуну алайынбы же башыны алайынбы деп корунбогон бироо аябай кыйнаган экен, эртеси эле иштеткенден калган камышын кайра алып барып таштаган деп айтып беришкен эле...
0
№ 885, 17-23-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан