ТӨРӨТТӨ БАЛАНЫН ТОНУ ЭМНЕГЕ ТҮШПӨЙ КАЛАТ?

«Учурда аборт жасатуу жана операциялык жол менен төрөө адаттагыдай көрүнүш. Буларды жеке клиникалар бизнес булагына айландырып алышты. Жатында аборттон калган жаракат, ошондой эле операциядан улам калган тырык кийинки кош бойлуулукта бойдон козголууга, тондун жатынга жабышып өсүп кетүүсүнө чейин жеткирет»,- дейт Кыргыз медициналык академиясынын акушердик жана гинекология кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор Макен Мусуралиев.

АБОРТ МЕНЕН БОЙДОН КОЗГОЛУУНУН БАЙЛАНЫШЫ

- Бала жатында өсүп чоңоёт. Анын чоңоюшу үчүн борпоң ткандардан турган, медицинада плацента деп аталган баланын тону керек. Плацента – латын сөзү, бизче «жалпак нан», «баланын орду» дегенди түшүндүрөт. Аталган орган бала жаралганда кошо жаралып, жатындын керегесинин (стенка) бетине жабышат. Түйүлдүк өсүүсү жана жетилүүсү үчүн кычкылтекти, сууну, азык заттарды, витаминдерди энесинен тону аркылуу алып турат. Тон жатындын керегесинин арткы же төбө жагына, сол же оң капталына же ылдыйкы жагына жабышуусу мүмкүн. Арткы жана төбө жактарына жайгашса жакшы. Анткени аталган жерлер жатындын кан менен жакшы камсыздалуучу булчуңдуу жана катуу чоюлууга кабылбоочу зоналары. Түйүлдүк жаракаттардан корголуп турат. Эгер тон ылдый жайгашып калса жатын моюнчасын, башкача айтканда, төрөт жолун толук же жарым-жартылай жаап калат да, өз алдынча төрөө мүмкүн болбой калат. Ылдый жайгашып калууга көбүнчө мурунку жасалган аборт, жатынга жасалган операциялар (мисалы, миоманы, эндометриозду алуу, операциялык ыкма менен төрөө) себепкер болот.

Расмий маалымат боюнча 2018-жылы Кыргызстанда 19 176 аборт жасалган. Катталбагандары канча дейсиз?! Жеке клиникалардын айрымдары акча табуу үчүн аборт жасатам деп баргандарга аборттун кийинки кесепеттерин түшүндүрбөй туруп эле жасап салышат. Аборттон жатындын бети, көбүнчө төбө жана арткы бети кайсы бир деңгээлде жаракатка учурайт, операция жасалганда жатында тырык калат. Жаракат жана тырык кийинки кош бойлуулукта баланын тонунун нормалдуу жерге жабышуусуна тоскоолдук кылып, ылдый жайгашууга же жатынга терең жабышып өсүшүнө алып келет. Эне басканда, иш кылганда ылдый жайгашкан түйүлдүк салмактанып, тонго күч келе берет да анын жатындан ажыроосуна, кан кетүүгө, бойдон козголууга жеткирет. Ушундай эле көрүнүшкө төмөнкү себептер да алып келет: жатын менен тондогу кан айлануунун бузулушу, аялдын кан басымынын жогорулугу, семирүү, кант диабети, курсактын жаракатка кабылуусу (аялдын жыгылышы же ур-тепкиге алынышы), оор көтөрүү, инфекция (жыныстык жактан жугуучу оорулар).

Тондун жатындан ажырап кетүүсүнүн түрлөрү

– Тондун ажыроосунун 3 түрү бар: жарым-жартылай, бирок өнүгүп кетпей турган; жарым-жартылай, бирок өнүгүп кете турган; толук ажыраган.

Биринчи түрүндө кан кеткен жерде уюган кан пайда болот, жарылган кан тамыр бүтөлөт. Кан агуу токтоп, ажыраган жер акырындап жабышат. Берки 2 түрүндө кан токтобойт, ажыраган жер жабышпайт.

Тондун жатындан ажырап кетүү коркунучу түйүлдүктүн алгачкы 3 айында көп жолугат. Ич ооруп, кан келе баштаганда дароо текшерилип, дарыланса, коркунуч артта калып бала өсүүсүн уланта берет.

Кош бойлуулуктун 4-6 айында тон ажырай баштаганда кан кеткенден тышкары жатындын тонусу жогорулап, ич чыңалып, катуу тартат. Түйүлдүккө кычкылтек жетишерлик түрдө барбай тумчугуп (гипоксия), катуу-катуу кыймылдайт. Эгер кан көп кетсе операция жолу менен баланы алып салуу керектелет. Тон толук ажырап кетсе, бойдон түшөт же ичтеги бала өлүп калат.

Кош бойлуулуктун акыркы 3 айында тондун ажыроосу көп катталат. Тон жатындан азыраак ажыраса дарылоо менен баланы аман сактап калууга болот. Эгер кан көп кете баштаса ичтеги балага кычкылтек жетпей тумчугат, жатынга кан толуп, ал жыйрыла албай калат. Бул учурда бала жатын менен кошо алынып салынат. Эгер балага 9 ай болуп калса, анда операция жолу менен төрөтүлөт.

ТӨРӨТТӨ ТОНДУН ТҮШПӨЙ КАЛУУСУ

-Балдардын төрөлүүсү жыл сайын өсүп жатат. Мисалы, өлкөдө 2000-жылы 95 000 бала төрөлсө, 2018-жылы 171 149 бала туулган. Операция жолу менен (кесарево сечение) төрөттүн саны 2005-жылы 5559ду түзсө, 2016-жылы 16 290го жеткен. Операция жолу менен төрөгөндөр мамлекеттик төрөт үйлөрүндө 100 пайыздын 18 пайызын түзсө, жеке клиникаларда 36 пайызын түзүүдө.

Операциялык ыкма ичтеги бала чоң же жатында кандайдыр бир оору болсо, аял бөйрөк же жүрөк оорусунан жабыркаса, бала буту менен келип калса, башкача айтканда оор учурларда гана колдонулушу керек. Жеке клиникаларда андай болбой жатат.

Операция жолу менен төрөөнүн кийинки кош бойлуулукка тийгизген зыяны эмнеде? Баланын тонунун жатында туура эмес жерде, көбүнчө жатын тырыгына жабышып калуусунда. Тырыкка жөн эле жабышпай жатындын булчуңдарын, көтөн чучук, табарсыкка чейин, жолундагы кан тамырларды кошо чырмап өсүп кетүүсү. Мындай коркунуч 1 жолу операция жолу менен төрөгөндөрдүн 10-11 пайызында, 2 жолу төрөгөндөрдүн 35-40, 3 жолу төрөгөндөрдүн 55-60 пайызында бар.

Тондун жатынга терең жабышып өсүүсүнүн даражалары

Тондун жатынга терең жабышып өсүүсүнүн 3 даражасы бар:

а) Жатындын керегесин эритип, миометрия булчуңуна өсүп кетүүсү;

б) Жатындын периметрия булчуңуна чейин өсүп кетүүсү;

в) Тон жатындын чегинен чыгып, коңшу органдарга, адатта табарсык, көтөн чучукка чейин өсүп кетүүсү.

Айтылган 3 даражада тең баланы, тонду операция жолу менен алып чыгуу керектелет. Анткени жатынга терең жабышкан тон өз алдынча түшпөйт. Өзгөчө 3-даражасына жасала турган операция өтө татаал. Тон кан тамырларга да жабышып калгандыктан, кан тамырларды байлоо, кесүү жана аларды тондон ажыратып туруп баланы алып чыгуу зарыл. Бул кан агуу, кандын уюшунун бузулушу менен коштолот. Кан токтобой койсо, жатын тон менен кошо алынып салынат. Аял кийин балалуу болгонго мүмкүнчүлүгү жок калат.

Тондун жатынга терең жабышып өсүп кетүүсүнө азыраак пайызда мурун жатынга жасалган операциялар (миома, эндометриоздон улам), аялдын жаш курагынын 35тен жогору болуусу, жатындын жыныстык жактан жугуучу оорулардан улам сезгенүүсү себеп болот.

Андыктан балалуу болууну пландаган соң алгач оорулардан дарылануу кажет. Операция жолу эмес, өз алдынча төрөгөнгө аракет кылуу зарыл. Эгер арга жок операция жолу менен төрөгөнгө туура келсе, кийинки кош бойлуулукта врачтын көзөмөлүндө болуп, тон, жатын, баланын абалын УЗИ аркылуу байкап туруу кажет. Кокустан жатынга жабышып өсө баштай турганы билинсе врач тарабынан керектүү чара көрүлүшү зарыл.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
miss2014
2019-10-21 11:27:55
Менин темам болуптур, 4-ду тородум кудайга шугур, торой электе 40 - аптада кан кетти анан экстренное кесерова сечение болдум, ойлонуп калдым,3-баланы тен, озум торогом, Эми ойлонуп жатам дагы торосом болобу? Болбойбу? Ниский плацент деген.
+1
AykaMer
2019-10-21 11:45:45
miss2014,4 балалуу болупсун болот ошол... эми ден соолука кам көрүп кенен жашасаң да болот...Ден соолук биринчи орунда,тем более эненин ден соолугу бар болсун...атпесе балдарга кыйын болот...
+10
№ 885, 17-23-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан