Америкалык 24 жаштагы Эбби Эндрю таз экенин жигитинен жашыруу үчүн жарым жыл кийме чачын чечпей жүргөн. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Кыздын чачы эки жашынан баштап түшө баштаган. Ага алопеция деп диагноз коюшкан. Убакыттын өтүшү менен башы таз боло баштайт. Кыз чоңоюп калганда элден уялып дайыма кийме чач кийүүгө өтөт.
Бой жетип, жигит күткөн Эндрю башынын таз экенин көрбөсүн деп жарым жыл бою кийме чачын чечпей жүргөн. Бир күнү ал ачыкка чыгууну туура көрүп, Фейсбук баракчасына алопеция дартынан жабыркаарын жазган.
Жигити анын бул сүрөтүн көргөнүн, ал андан жүз буруп кетпегенин айтып, көпчүлүккө чачымдын бар-жогунун айырмасы деле жок экен деп кошумчалаган.
Динара Акимова
koom@super.kg