Япония соңку 60 жылдагы эң катуу делген «Хагибис» тайфунунан жабыр тартты. Тайфун алгач 12-октябрда Хонсю аралын каптаган. Суу каптоо ылдамдыгы саатына 225 чакырымды түзгөн шамал менен коштолгон. Темир жол жана автоунаа жолдору иштен чыгып, аба каттамы, электр энергиясы менен жабдуу иштери үзгүлтүккө учурап, айрым жерлерди суу каптаган. Андан каза болгондордун саны учурда 66га жетсе, 15 адам дайынсыз болууда.
7,3 миллион адам үйлөрүн таштап чыгып кеткен.
Андан тышкары нөшөрлөп жааган жамгырдан улам 200гө жакын дарыя нугунан чыгып, тосмолор кыйроого учураган. 10 миңдей үйдү суу каптаса, 900дөй үй талкаланган.
Динара Акимова
koom@super.kg