(Башы өткөн сандарда)
Бул арада Максат өз катасы үчүн Эржандан кечирим сурады. Жип уланган жерде түйүн калган сыңары, Эржан “кечирдим” дегени менен, экөөнүн мамилеси баштагыдай болбой, аралары алыстап кетти. Максат канчалык болуп өткөн окуяны унутууга аракет кылып, жакындагысы келсе да Эржан сыртын салып туруп алды. “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” болуп, Аселге сөйкө салуу жөрөлгөсү улам создуктурула берди. Бүгүн Аселдин туулган күнү, достор майрамдамай болушту. Ижарага үй алып, кечкиге даярдык көрө башташты. Аселдин курбу кыздарын, тайпалаштарын, Эржандын досторун чакырышты. Максатты Асел атайын чакырбады, болуп өткөн жагымсыз окуяны эске салып кайра ызы-чуу чыкпасын деп чочулады. Эржан менен досу Жакшылык туулган күн өтүүчү бөлмөнү даярдап, конокторду күтүп калышты. Аңгыча Асел кирип келди. Кыска, өзүнө жарашкан көйнөк кийип алыптыр. Сулуулук салонунан жасанып чыккан ашыгын Эржан тааный албай, сулуулугуна тамшанып турду. Көздөрү жайнап, Асел башкача бактылуу эле.
– Келдиңби, жаным? Дагы бир жолу туулган күнүң менен!- кучактап моюнунан жыттады. Атырдын жыты магдыратып, кучагынан коё бергиси келбей турду.
– Рахмат. Коё бер эми, карап калышты...- Асел белине имерилген колду акырын тартты. Көп өтпөй коноктор шарактап кирип келишти. Алып келген белек-бечкектерин Аселге тапшырышып, куттуктап жатышты. Туулган күн деп башталган кече ортолоп калганда тойго айланып кеткендей болду. Кызып калган жаштар Эржан менен Аселге бакыт тилеп, ар бир тостту “кармашкан колуңар үзүлбөсүн” деген сөз коштоп жатты. Ырдап, бийлеп көңүлдүү отурушкан. Кезеги келип, Эржан тост айтканы жаңы эле ордунан турган болчу. Аңгыча эшик шарт ачылып, колуна гүл көтөргөн Максат кирип келди. Маанайы жакшы, кебетеси чакырылбай калган коноктой эмес. Жайдары. Бөлмөнүн ичи бир саамга жымжырт боло түшүп, анан тааныган-тааныбаганы да учурашып, “кел, кел” деп ордуларынан козголо беришти. Аселдин өңү өзгөрүп кетти, Эржан болсо кыжыры келгенин билдирбеске тырышты. Максат түз эле төрдө отурган Аселдин жанына басып келди.
– Сулуу, туулган күнүң менен!- бетинен өөп, кыпкызыл розаларды колуна карматты.
– Өзүмдү тааныштырып өтөйүн, атым Максат, Эржандын досумун,- деди калп жылмайып. Жанатан бери тааныбай, “ким болду экен?” деп тургандар Эржанды карап калышты. Досунун чекеси бырышып, ылдый карап тиштенип турган болчу.
Максатка Бурулайдын жанынан орун беришти. Андан кийин Эржан тост көтөрдү:
– Жаным, туулган күнүң менен!- ушуну айткан соң Максатты бир карап койду, ал дагы Эржанды кадала тиктеп турган экен.
– Сени мага жолуктурган тагдырыма ыраазымын. Оорубай, дайым жаркылдап жанымда жүр. Биз сөзсүз бактылуу болобуз. Ортодо кандай гана тоскоолдуктар болбосун экөөбүз чогуу жеңерибизге ишенем. Биздин сүйүүнү көрө албастар, ою бузуктар жаныбызда болбосун. Андайларды Кудай өзү жазалайт...
Куттуктоо болуп башталган Эржандын сөзүнүн аягы Максат үчүн айтылган эскертүү болуп бүттү. Аны Асел түшүнүп турду, караса Максаттын жүзү кызарып кетиптир. Тост бүткөн соң Эржан Аселди бекем кучактап туруп, бетинен өөп койду. Бокалдагы ичимдиктер ичилип, кийинки тостту Максатка беришти. Тост сүйлөөдө ал кыйын болчу, тартынган жок.
– Туулган күнүң менен! Мен да сенин бактылуу болушуңду каалайм. Сендей адамды жолуктурган Эржан бактылуу экен. Эржандан бөлөк да көптөрдүн арзуусу экениңди билесиң...- деп келатканда Эржан сөзүн бөлүп жиберди.
– Рахмат, жакшы тост болду, достор, алып жиберели!- деди сыр бербей. Калгандары колдоп-коштоп кетишти, Максат сөзүнүн аягына чыкпай калганына ызалана түштү. Токтотпосо Аселди ал дагы жакшы көрөрүн, сүйүүдө күнөө жок экенин, ага каршы турууга алы жетпегенин айтып салмак. Анда ортодо дагы чыр чыкмак. Кече шаңдуу уланып жатты. Бир убакта Эржан менен Асел үйдүн үстүңкү кабатына чыгышты. Эржанды жапайы сезим, эркектик каалоосу азгырып бараткан. Сөзгө алаксып жатып Максат муну байкабады.
– Бүгүн сулуу болуп кетиптирсиң, периштем!- Эржан кызды белинен кармап өзүнө тартты.
– Негизи эле сулуумун го?- деди кыз кылыктана.
– Өзгөчө сулуусуң бүгүн.
– ...
Бөлмөдө экөө жалгыз калышты, достору астыңкы кабатта бийлеп жатышкан. Жигит кыздын эрдинен аяр өптү, эриндер чап жармашты. Жигиттин карылуу колу, ысык илеби кызды магдыратып баратты. Сүйүүгө балкыган экөө сырткы чөйрөнү унутта калтыргандай сезимдердин туу чокусуна жетеленип баратты. Асел адегенде каршылык көрсөтүмүш болгону менен, Эржандын каалоосунан баш тартууга алы жетпеди.
ххх
Максат жанынан чыкпай айланчыктаган Бурулайга жини келе баштады. “Бул эмне мынча жабышып алды мага?” Ага алаксып жатып ал Эржан менен Аселди таппай калды. Дүңкүлдөгөн музыка, так секире бийлеген жаштар.
– Эмне эле элеңдейсиң? Бийлебейсиңби!- Бурулай кулагына кыйкырды.
– Чарчадым окшойт. Өзүң бийлей берчи.
– Жигит да чарчайбы? Бийле!
– Мен азыр келем...- басып кетти Максат.
– Эк! Барчы ары! - кыз өзүнчө сүйлөнүп алып, топтун ортосуна кирип кетти.
(Уландысы кийинки санда)