ЧИМИРИЛЕ БИЙЛЕГЕН ЖАМАЛ СЕЙДАКМАТОВА. АКТРИСА 80 ЖАШЫН БЕЛГИЛЕДИ

Өмүрүн кино жана театрга арнаган Кыргыз Республикасынын Эл артисти, II даражадагы «Манас» орденинин ээси, «Тунгуч» театрынын негиздөөчүсү жана көркөм жетекчиси Жамал Сейдакматова быйыл 80 жашка чыкты. Актрисанын юбилейи 8-сентябрда өзү туулуп-өскөн Ысык-Көл облусунун Темир айыл өкмөтүнө караштуу Кашат айылында Ысык-Көл облустук жана Ысык-Көл райондук администрациясы тарабынан уюштурулуп, белгиленген. Андан кийин Ош шаарында 15 театр катышкан «Арт ордо» эл аралык VII театр фестивалы актрисанын 80 жаш юбилейине арналып өткөрүлдү. Ал эми Бишкекте 11-октябрь күнү алгач «Манас» кинотеатрында расмий бөлүк өтүп, анда президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов баштаган өкмөт өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү сөз сүйлөшүп, актрисаны куттукташты. Андан кийин Жамал Сейдакматова башкы ролду ойногон "Күн акыркы" көркөм тасмасы көрсөтүлдү. Мындан соң тойканалардын биринде той болду. Биз да кыргыз элиталарын: жазуучу, режиссёр, актёр, актриса, саясий ишмер, депутаттарды бир жерге чогулткан мааракеге күбө болуп кайттык.

Той башында Жамал Сейдакматованын өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу "Менин атым Ысык-Көл" аттуу документалдык тасма көрсөтүлдү. Андан соң кыз-келинин ээрчитип, неберелерин жетелеп алып залга тойдун күнөөкөрү кирип келди да, коноктору менен учурашып, Ысык-Көл тууралуу ырдап берди.

Ордунан туруп тосуп алган конокторду аралап төргө өткөн актриса өмүрлүк жолдошу Садырбек Назаровдун жанынан орун алды.

Тойдун салтын бузбай, келген коноктор ортого чыгып, каалоо-тилек айтууга өтүштү. Бул күнү актрисанын дарегине жакшы тилектер менен кошо мактоолор жаады. Жамал Сейдакматова «мактоо уккуң келсе, той өткөр» деп сөз арасында тамашалай да кетти.

Алгачкылардан болуп сөз сүйлөөгө Кыргыз Эл жазуучусу Бексултан Жакиев менен белгилүү саясий ишмер Жумагул Сааданбеков чыкты.

Бексултан Жакиев: – Бир жерден окудум эле, Америкада аялзаты 25 жашка чыкканга чейин гана жашын айтат экен. Ал жаштан ашкандан кийин 25тен ашты деп коюшат экен. Анын сыңары Жамал 25тен гана ашты. Ал эми чыгармачылык, адамгерчилик жагынан жаш бойдон. Ден соолугуң болсун!

Ал эми Жумагул Сааданбеков актрисаны СССРдин Эл артисти, балерина Майя Плисецкаяга салыштырып, мындай деди:

– Жамакем кыргыз сахнасынын ханышасы. «Манастын уулу Семетейде» Каныкейдин ролун ойногондо мен ыйлап отурдум. Уялдым, бирок тегерегимди карасам бардык көрүүчүлөр ыйлап отурушуптур. Жамалдын үнүндө керемет бар, сыйкыр бар. Жамал Каныкейдин арманын айтып жатканда Манас 40 чоросу менен Аккуланы чаап, сахнага киргендей сезилет. Артисттин күчү деген ушундай.

Мааракеге аттуу-баштуу маданият өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү келишти. Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев:

– 80 жашка күүлүү-күчтүү чыгып, ушул курагында да роль ойноп, театр жетектеп, чет мамлекеттерди кыдырып жүргөн Жамал эженин тою өзгөчө той.

Өткөн жылы Лондон шаарында өткөн эл аралык театр фестивалында британиялык өнөр адамдары Жамал эженин ушул курагында роль ойногонун көрүп таң калып, эжеге дүйнөлүк мастер деген баа беришкен. Сиз театр тарыхында биринчи болуп Каныкейдин образын жараттыңыз. Бул ролуңузду көрүп, советтик партиялык жана мамлекеттик ишмер Динмухамед Кунаев бардык актёрлорго «Жамал Сейдакматовадай жүрөгүңөрдөн чыгарып ойногула» деп баа бергенин азыр да казак туугандар айтып жүрүшөт. Ошондо казактын атактуу артисттери «Жамал эженин жанында туруп сүрөткө түшкөнүбүзгө сыймыктанганбыз»деп айтышкан. Ошто өткөн фестивалда да Жамал эженин баркын көрдүк. Эже залга киргенде чет элдик театр актёрлору тизесин ийип таазим кылышканда эже ыйлап жиберди. Мына, сиздин баркыңыз. Маданиятыбыздын төрүндө Каныкейибиз, Умай энебиз болуп аман жүрүңүз.

Тойдун көркүн Мирбек Атабеков ачты. Ал ырдап жатканда Жамал Сейдакматова тамшанып угуп, аны менен бирге бийлей да кетти. Ырчыга батасын берип, кеңешин айтып, анын талантын баалай турганын белгиледи. Өз кезегинде ырчы да кеченин күнөөкөрүн кызуу куттуктады:

– Көрдүңүздөр, апабыз 18 жаштагыдай секирип бийледи, келечеги алдыда. Ал мага чоң апамдай мамиле кылат. Жамал апаны көрүп, чоң апамды эстеп кетем. Аман болсун. Үй-бүлөсүндө жакшылыктар болсун.

Буту-бутуна тийбей конок тосуп, чуркап жургөн Жамал Сейдакматованын келини актриса Асел Чоткараева болду.

Асел Чоткараева:
– Кайнене деп айта албайм, апа дейм. Элдин баары апамдай жөнөкөй, айкөл, кең пейил болсо жакшы болмок. Биздин келбетибизди да, мүнөзүбүздү да окшоштурушат. Экөөбүз тең эрке, эмоционалдуу, кыялкеч, өжөрбүз. Апамды жакшы көрөм. Өмүрү узун болсун!

Ажара Назарова, кызы: – Апам боорукер, сезимтал, эмгекчил, жүрөгү кенен адам. Ал ушул күнгө чейин балдарына катуу айтып, каккан эмес. Апам кесибин чын дили менен сүйөт. Апабызды жакшы көрөбүз, сыймыктанабыз. Өмүрлүү болсун!
Жамал Сейдакматова эл алдына чыгып бийлеп, башкаларды да бийге чакырып өзүн активдүү алып жүрдү. Тойдун аягында актриса конокторуна турмуштук монолог айтып берип, ыраазычылыгын билдирип узатты.

ЖАМАЛ СЕЙДАКМАТОВА: «МЕН ЖАКШЫ ЖАШООГО АРАКЕТ КЫЛАМ»

– Туулган күнүңүз кут болсун! 80 жашта да сиздей күүлүү-күчтүү болуу үчүн эмне кылыш керек?

– Мен кыймылды жакшы көрөм. Эртең менен суукка, ысыкка, карга, жаанга карабай чуркайм, транспортко көп түшпөй жөө басам. Тамакты тандап жейм, аз уктайм. Анан дайыма жакшылыкты ойлоп жүрөм. Бирөөгө жамандык санабайм, ачууланбайм, ак көңүлмүн.

– Жашоодон эмне алдыңыз?

– Көп нерсе алдым. Бийик сөздөр менен айтканда, элим, жерим, курбуларым, кинодо, театрдагы ишим, үй-бүлөм, балдарым, неберелеримди тапканыма бактылуумун. Неберелеримди жүрөгүм эзилип, ашыкча жакшы көрөм. Алар үчүн жүрөгүңдү бер десе бермекмин. Жашоону жакшы жашап өтүш керек. Мен аракет кылып жатам.

– Эмнени кыялданасыз?

– Жашоодо гармония болгонун, адамдар бири-бирин сыйлап, жакшы заманда жашашын кыялданам. Ошол заманды көрбөй өткүм келбейт. Анткени балдарым калат да. Маданият өсүп, адамдар кечинде театрда отурганын, Кыргызстанда дүйнөнү таң калтырган кинолор тартылышын кыялданам.

– Кыялдарыңыз орундалсын! Өмүрүңүз узун болсун!

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жаштардан кем калышпай бийледи. Жамал Сейдакматованын юбилейинен репортаж
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
aiba_00
2019-10-21 11:50:27
Жаш кезинде суп сулуу болсо керек,жакшы адам экени корунуп турат. Биздин да апа аталарыбыз 80ге чыгып берсе деп тилейм.
0
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-10-21 22:08:39
Кыйынды кыйын деш керек.
+1
Umutmurza78
2019-10-27 17:25:40
Аллахым омурун берсин
0
№ 885, 17-23-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан