ЖАШ БАРПЫ АТЫККАН ЭЛАМАН КЕЛДИБЕКОВ КАЗАКСТАНДАН БАЙГЕЛҮҮ КАЙТТЫ

9-октябрда Казакстандын Алматы облусунда Карасай районунун 90 жылдыгына карата “Карасай – ыйык жерим” аталышындагы эл аралык төкмө акындар айтышы өттү. Аталган айтышка кыргыз төкмөлөрүнүн ичинен жаш Барпы аталган Эламан Келдибеков катышып, 3-орунга ээ болуп келди. Алгачкы ирет Казакстанга барып айтышып, байгелүү орунга татыган төкмө кубанып турганын айтат:

– Айтыш Каскелен шаарында өттү. Мени казак туугандар жакшы тосуп алышып, жакшы коноктошту. Айтыш бир айлампа менен өттү. Мен казак төкмө акыны Жалгас Садыр уулу менен айтыштым. Жыйынтыгында упайыма жараша 3-орунга ээ болуп, 300 000 теңге байгеге ээ болдум.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 885, 17-23-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан