ДЕЖАВЮ ЖЕ ИЙГИЛИКТҮҮ АВГУСТ

Жергиликтүү кабарлардан

Өткөн санда 8 спортчудан турган командабыз өспүрүмдөр арасында өтүүчү I Дүйнөлүк Олимпиадага сапар алгандыгы тууралуу айткан элек. Мелдеш башталган алгачкы эле күндөрү Сингапурдан сүйүнүчтүү кабар тарады. Грек-рим күрөшү боюнча барган 2 өкүлүбүз байгелүү орундарды ээлегендиги белгилүү болду.
58 килограмм салмактагы Урмат Аматов алтын, Шадыбек Сулайманов (50) коло медаль тагынышты. Бул чакан мамлекет үчүн болуп көрбөгөндөй ийгилик. Өспүрүмдөр арасында биринчи эле Олимпиадада өлкөбүз алтын медалга ээ болду. Кызыгы, бул жеңиш кандайдыр бир даражада дежавю десек жаңылышпайбыз.
Бээжин Олимпиадасында да грек-рим күрөшчүлөрүбүз Бегалиев менен Түмөнбаев ийгилик жаратышкан эле. Ошондо 12-августта Руслан коло, 13-августта Канат күмүш медаль тагынган. Минтип арадан туптуура 2 жыл өткөндөн кийин 15-августта алардын орун басарлары триумф жаратышты.

БӨРҮ МЕНЕН МОНГОЛДОН ҮМҮТ ЧОҢ
Бишкекте 27-28-августта кармашып мушташуу боюнча эл аралык мелдеш өтө тургандыгынан спорт сүйүүчүлөрүнүн кабары бар. КРнын Кармашып мушташуу федерациясынын маалыматы боюнча, мелдешке коңшу Казакстан, Тажикстан жана Орусиядан келген мушкерлер катышышат. Ортого 6 салмак боюнча чемпиондук наамдар коюлган.
Шоу демекчи, мушташтар белгилүү кыргыз ырчыларынын ырлары жана «тамашоучулардын» тамашалары менен коштолмокчу. Аталган мелдеште кыргыздын намысын татыктуу коргоого төмөнкү 5 спортчу убадасын берген.

ЧЕМПИОНДУК АМБИЦИЯГА УРУЛГАН КАТУУ СОККУ
15-августта КРнын футбол боюнча улуттук чемпиондугунун 2-айлампасынын алкагында кезектеги оюндар өткөрүлдү. Кантта жергиликтүү “Абдыш-Ата” “Нефтичини” кабыл алса, Бишкекте “Дордой”-“Алга” айыгышкан оюну болуп өттү. Канттагы оюнда 2-орунда бараткан кочкор-аталыктар күтүүсүздөн 0:3 эсебинде жеңилүү ызасын тартышты. Өз үйүндө дубалдар да жардам бердиби, айтор, канттыктар “Нефтичинин” чемпиондук амбициясына катуу сокку урушту.
Ал эми борбордук дерби (бир шаардын өкүлдөрү болгон клубдардын айыгышкан тирешүүсү) футболду кордогон орой оюн менен коштолуп (“Алганын” 2 оюнчусу майдандан четтетилген), 3:1 эсебинде “дордойчулардын” пайдасына чечилди.
Ошентип, 16-августка карата мелдеш жадыбалы төмөнкүдөй өзгөрүүгө дуушар болду:


Эл аралык кабарлардан

Жайкы трансфер 2010
ЭҢ АРЗАН ФУТБОЛЧУНУН БААСЫ – 100 ЕВРО
Европада трансфердик рынок 1-сентябрда аяктайт. Учурда бир топ клубдар жаңы оюнчуларды сатып алып, курамдарын чыңдоо менен убара. Алсак, өткөн жылы Роналдуну 84 миллион еврого сатып алып рекорд койгон испаниялык “Реал” өткөн аптада дагы бир кызык трансфер менен көпчүлүктү таң калтырды. 23 жаштагы тарбиялануучусу Маркос Тебарды “Жирона” командасына 100 еврого сатты. Соңку трансферлер менен жадыбалдан таанышып алууга болот:

СЫЙЛЫККА ТАЛАПКЕРЛЕР ЖАРЫЯЛАНДЫ
УЕФА 2009-2010-жылкы сезондун номинациялар боюнча мыктыларына талапкерлерди жарыялады. Жеңүүчүлөр 26-августта Монакодо өтүүчү Чемпиондор Лигасынын быйылкы тайпалык баскычынын чүчү кулак таштоо салтанаты учурунда сыйланышат.

МЫКТЫ ДАРБАЗАЧЫ
Сезар (“Интер”);
Льорис (“Лион”);
Вальдес (“Барселона”).

МЫКТЫ КОРГООЧУ
Лусио менен Майкон (экөө тең “Интер”);
Пике (“Барселона”).

МЫКТЫ ЖАРЫМ КОРГООЧУ
Хави (“Барселона”);
Роббен (“Бавария”);
Снейдер (“Интер”).

МЫКТЫ ЧАБУУЛЧУ
Месси (“Барселона”);
Милито (“Интер”).

КОЛУМБИЯДА ФУТБОЛЧУЛАРДЫ ӨЛТҮРҮҮ УЛАНУУДА
Аптанын ортосунда Колумбиядан футболду кордогон кабар тарады. Кезектеги оюндан кийин Акасиас шаарынын өспүрүмдөр командасынын машыктыруучусу Альваро Поведа стадиондон чыгып бараткан жеринен ага 5 жолу ок атылып, заматта каза болгон. Учурда бул факт боюнча иликтөө жүрүп жатат.
Эске салсак, 1994-жылы АКШда өткөн мундиалдын “АКШ-Колумбия” беттешинде Эскобар өз дарбазасына кокусунан гол киргизип алат. Ошол голдун айынан Колумбия АКШга жеңилип, мелдешти тайпалык раунддан кийин таштап кетүүгө аргасыз болгон. Ал эми башкы күнөөкөр Эскобарды Муньос аттуу ызаланган күйөрман 16 жолу ок атып өлтүргөн.

МАРАДОНА ОРОЗО КАРМАБАГАНДЫГЫ ҮЧҮН
КОМАНДАДАН АЙДАЛДЫ
Ирандык “Стил Азин” футболдук клубу орозо кармабагандыгы үчүн Али Карими менен келишимди үздү. Ошондой эле Кариминин командадан куулушуна анын команда жетекчилигин сындагандыгы да себеп болгондугу айтылууда.
Азиялык Марадона атка конгон Али Карими Азиянын атактуу футболчуларынын бири. 31 жаштагы Али 2004-жылы “Азиянын мыкты футболчусу” наамына ээ болгон. Ирандын курамында 112 беттеш өткөрүп, 36 жолу айырмаланган. Мындан тышкары 2005-2007-жылдары германиялык “Бавариянын” курамында ойноп келген.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 407, 20-26-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан