КЫРГЫЗСТАНДА АЛГАЧКЫ ВИТРЕОРЕТИНАЛДЫК КЛИНИКА АЧЫЛДЫ!

2019-жылдын сентябрь айында Кыргызстанда алгачкы витреоретиналдык клиника “Kudret Göz Bishkek” ачылды. Витреоретиналдык хирургия жаатында адистештирилген тажрыйбалуу медицина кызматкерлери эми Бишкекте иш алып барышат. Ооруканада көз торчосунун ооруларын аныктоо жана дарылоо үчүн жаңы, сапаттуу технологиялык жабдыктар орнотулган. Алардын катарында DORC EVA бар. Витреоретиналдык хирургия жаатындагы бул жаңы жабдык мүнөтүнө 20дан 8 миңге чейин кесүү процессин аткара алат. DORC EVA хирургиянын ар бир этабында мыкты көзөмөл кылып, операциянын ар кандай баскычтарында туура чечим чыгарууга жардам берет. DORC EVA’нын аспаптары витрэктомия жана катарактаны алуу боюнча ФАКО операциялары учурунда да колдонулат. Бул кызмат көздүн катаракта жана витрэктомия дарты менен жабыркагандарга жардам берет.

ХИРУРГИЯДАГЫ АЛТЫН КОЛ

“Kudret Göz Bishkek” клиникасы Бишкектеги витреоретиналдык хирургия тармагында эксперт болуп эсептелет. Түркиядагы атактуу витреоретиналдык хирургдардын бири, офтальмолог Хусейн Авни
Санисоглу аталган клиникада ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Офтальмолог, хирург Хусейн Авни Санисоглу 30 жылдык иш тажрыйбасында офтальмологиялык хирургия тармагында 60 миңден ашуун операция жасаган. Алардын ичинен болжолдуу 20 миңге жакын операция – витреоретиналдык операциялар. Витрэктомия жаатындагы хирургиялык процедуралар витреоретиналдык хирургияда кеңири жайылган ыкма болуп эсептелет жана алар доктор Санисоглунун көзөмөлүндө аткарылат. Витрэктомия – бул витреоретиналдык хирургия тармагында адистештирилген врачтар жасоочу операция. Бул ыкмада айнек сындуу көз органы толук же жарым жартылай бошойт. Витрэктомия көз ичиндеги кан агууда, күчөп бараткан диабетикалык ретинопатия, көз торчосунун жана жаш каналдарынын бөлүнүүсүндө, макулярдык дистрофия (көрүү борборунда бырыштардын пайда болуусу), бөтөн телолордун кийлигишүүсү менен интраокулярдык зыян келүүдө, преретиналдык мембрана (көздүн нерв клеткаларында пайда болгон мембрана) учурунда жасалат. Көз аталган ооруларга кошумча катаракта менен да жабыркаса, анда витрэктомия катаракта хирургиясы менен биргеликте да жасалышы мүмкүн. Андан сырткары витрэктомия көздүн ичиндеги линза калдыктарынан жана катарактаны алып салуу операциясынан кийин пайда болгон эндофтальмиттен (көзгө операция жасалгандан кийинки инфекция) арылуу учурунда колдонулат. Мурун пациенттер көз торчосунун ооруларынан улам толугу менен көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышчу. Азыркы мезгилде витрэктомиянын жардамы менен көп учурда көрүүнү калыбына келтирүүгө болот.

КЫРГЫЗСТАНДА БИРИНЧИ!

“Kudret Göz Bishkek” өзүнүн технологиялык инфраструктурасы жана тажрыйбалуу адистери, башкаруу системасы жана кызматтары менен көңүл бурдура алат. “Kudret Göz Bishkek” жаңыдан ачылган жаш оорукана болгонуна карабастан, анын артында “Kudret” медициналык тобунун 18 жылдык иш тажрыйбасы турат. Пациенттерге көз ооруларын аныктоо жана дарылоо боюнча эл аралык стандарттагы сапатка туура келген кызмат көрсөтүүлөрү менен “Kudret Göz” клиникалар тобу 2001-жылы Анкара шаарында негизделген. Заманбап, сапаттуу жана ишенимдүү кызмат көрсөтүү максатында Анкарада клиниканын ачылышы менен 2005-жылы пациенттерге “Kudret Göz Istanbul” дагы өз эшигин ачкан. 2014-жылы Анкарада “Kudret International” да өз ишин баштаган. Бул клиника көп тармактуу кызмат көрсөтүп, пациенттердин бардык талаптарына жооп бере алат. “Kudret” медициналык тобунун башкы директору Седат Бахадыр белгилегендей, клиника сапаттуу жана ишенимдүү медициналык кызмат көрсөтүү принцибинде иш алып барат жана мындай кызмат көрсөтүүгө ар бир адам укуктуу. Мындан ары ушундай эле принцип менен “Kudret Göz Bishkek” клиникасы иш алып бармакчы. “Kudret Göz Bishkek” – Кыргызстандагы көз торчосунун ооруларын аныктоо жана дарылоо боюнча ачылган алгачкы клиника.

БАРДЫК ДООМАТТАР ҮЧҮН БИР ДАРЕК

Жалпы организмге коркунуч алып келе турган оорунун алгачкы белгилери көздө байкалат. Көз торчосунун ооруларын дарылоо бир гана көздүн саламаттыгы үчүн эмес, жалпы организмдин саламаттыгы үчүн чоң мааниге ээ. Ошондуктан “Kudret Göz Bishkek” клиникасынан пациенттер толук кароодон өтө алышат. Көз торчосун тыкыр кароодо гипертония, диабет жана баш мээнин шишиги сыяктуу организмге коркунуч жаратуучу ооруларды алгачкы стадиясында аныктаганга болот.

Көз торчосунун катмарында көп кездешкен оорулар: көз торчосунун жана жаш каналдарынын бөлүнүшү, диабетикалык ретинопатия, жаш курактык сары так оорусу (сары тактын дегенерациясы), макулярдык дистрофия, эпиретиналдык мембрана (көрүү борборунда пайда болгон мембрана), көз торчосунун венасынын окколюзиясы, көз торчосунун артериясынын окколюзиясы. “Kudret Göz Bishkek” аталган оорулардын баарын аныктоо, дарылоо кызматтарын жана ага кошумча катаракта, кератоконус, глаукома, увеит, кылый көз, жалкоо көз, көз айланасындагы эстетика дарттарында да жардам берет. Клиниканын жогорку квалификациялуу кызматкерлери көз оорулары боюнча бардык маселелерге жардам берүүгө даяр. Эгер сизде суроо жаралса, анда “Kudret Göz Bishkek” клиникасына кайрылыңыз.

Байланыш телефондору: (0312) 880088, 0706 885588, 0556 885588

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 886, 24-30-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан