Германиянын Занд-ам-Майн аймагында полиция кызматкерлери 4 саат бою кожоюну качырып жиберген агрессивдүү уйду кубалашкан.
Фермердин качып кеткен уюн алгач соода түйүнүнөн көрүшкөн. Ал бирөөнүн күнөсканасын талкалап өтүп, унаа токтотуучу жайды көздөй багыт алган. Тынчтандырууга аракет кылган кожоюнун тээп, бир нече машина жана скутерге зыян келтирген. Уйду полиция кызматкерлери унаа жана тик учак менен кубалашкан. Жергиликтүү тургундарга уйдун жолунан чыкпоо эскертилген. Уй туюк жерге барып такалган бакчага кирип кеткен. Асманда тик учактагы кызматкер байкоо салып турган. Полиция кызматкерлери уйдун жолун тосушуп, мал доктур алыстан атуучу түтүкчөнүн жардамы менен уйга тынчтандыруучу дары сайган.
Динара Акимова
koom@super.kg