Британиялык эң көп балалуу үй-бүлө учурда 22-наристесин күтүп жатышкан учуру. Түгөйлөр Сью Редфорд менен Ноэль наристенин жынысын билүүгө ашыгып жатканын билдирип, кубанычтарын социалдык тармактагы катталуучулары менен бөлүшүшкөн. Кош бойлуу эне учурда 44 жашта. Ал биринчи баласын 14 жашында жарыкка алып келген. Ата-эне 10 уул, 11 кызды тарбиялап келет. Улуусу 30 жашта болсо, кичүүсү 11 айлык. Көп балалуу болгону үчүн мамлекет тарабынан эч кандай жеңилдиктерге ээ эмес. Алар өздөрүнүн үй-бүлөлүк наабайканасын иштетип келишет.
Динара Акимова
koom@super.kg