Илим Калмуратов тасмада кандай образды ойнобосун, сөзсүз элдин эсинде калат. «Теңри» (Франция-Германия), «Белгисиз маршрут», «Чайка» ("Мосфильм"), «Курманжан датка», «ЖинМэн», «Дарак ыры», «Кентавр», «Жөө күлүк» жана башка тасмаларда роль жараткан актёр менен маек курдук.
– Илим мырза, саламатсызбы? Өткөн жумада сиз тартылган Мирлан Абдыкалыковдун «Жөө күлүк» тасмасынын бет ачары болду. Тасмада аткарган ролуңуз купулуңузга толдубу?
– Саламатчылык! Жумушум чыгып, тасманын бет ачарына бара албай калдым. Чынында көпчүлүк учурда тартылган тасмаларымды көрбөйм. Анткени элдин оозунан биринчи укканды жактырам. Тасмалардын бет ачарына барбай калганымдын себеби да ошол.
– Өзүңүзгө сын көз караш менен карайт окшойсуз?
– Ар бир актёр өзүнүн кемчиликтерин сезе билүүсү керек. Же мен эле өзүмдү жей беремби, айтор... Театрда ойногон ролуң бүгүн болбой калса, эртең оңдоп алсаң болот. Ал эми кинодо бир тартылдыбы, болду, кемчилигиңди оңдогонго мүмкүнчүлүк жок.
– Сиз коммерциялык да, автордук да тасмаларга тартылып келесиз. Экөөнү салыштырганда кайсынысында иштеген көбүрөөк жагат?
– Тасмалардын идеясына көңүл бөлөм. Идеясы жакшы болсо, анын ишке ашуусуна көмөкчү болсом дейм. Эгер берейин деген ою, максаты жок болсо, миллиондогон каражат төлөсө да болбогон нерселерге тартылбайм.
– Сизди калың журтка тааныткан «ЖинМэн» тасмасын мисал кылалы. Ага идеясы үчүн тартылгансызбы?
– Алгач тасмага тартылууга сунуш түшкөндө жин деген сөзү үчүн макул болгон эмесмин. Карьерама кийин кедергиси тийип калбас бекен дегем. Кайра-кайра «сиз тартылып бербесеңиз болбойт» дей беришкенинен тасманын режиссёру Нурлан Мирзаматов менен жолуктум. Сүйлөшсөм маданияттуу, билимдүү, тыкан, кино тармагын түшүнгөн, жүрөгүндө жалыны бар жигит экен. Сценарийин окусам, өспүрүмдөрдү туура тарбиялоо, улуу-кичүүгө сый-урмат көрсөтүү тууралуу биздин көйгөйлүү темалар камтылыптыр. Актёрдун кубулуп турушуна, чеберчилигине басым жасалат экен. Ак ниет, ак иш аткарганга көмөк көрсөткөн каарман экенимди билгенден кийин макулдугумду билдирдим. Бирок «чогуу ой бөлүшөбүз, менин сунуштарымды да кабыл алгыла. Табиятыма, табитиме туура келбеген жерлерин сценарийден алып салалы» дедим, макул болушту.
– Профессионал режиссёрлор менен иштешкенде ушундай талаптарды коёсузбу?
– «Кыргызфильмден» тартылган кино мамлекеттин колдоосу менен, редакторлордон өткөндө гана иш жүзүнө ашат. Аларга диалог жагынан гана сунушумду айта алам. Кино жагынан өнүгүп келатканыбыз менен, биз сценарий жактан аксайбыз. Сценарийде турмуштук сүйлөмдөр аз жазылып калат, аларга сөзсүз тактоо кирет. Кыргыз тилинин жоголуп баратканы бул мамлекеттик чоң көйгөй.
– Тасмага тартылуу учурунда көп кызыктар болчу эле. Эсиңизде калган окуя?..
– Айбек Дайырбеков тарткан «Дарак ыры» тасмасында кар үстүндө күрөшкөн жерибиз бар. Көйнөк менен кышында Суусамыр жайлоосунда тартылып жатканбыз. Сууктан 2-3 дублдан кийин манжаларым тоңуп, ачышып, ыйлагым келип баштады. Ошондо Айбек «ошон үчүн актёр болгум келбейт да» деп күлгөнү эсимде. Көрсө, ал мени канчага чейин чыдайт деп сынаган экен. Аны мен кийин түшүндүм (күлүп).
– Сиз менен сүйлөшүп отуруп өзүмдү ыңгайсыз сезип кеттим. Нукура кыргыз тилинде сүйлөйт экенсиз. Үйдө деле ушундай талап барбы?
– Ооба, эки уулубуз менен сүйлөшкөндө шекер, кант, быштак сыяктуу кыргызча сөздөрдү колдонууга аракет кылабыз. Апасы экөөбүз үйдө нукура кыргызча сүйлөгөнүбүз менен, көчөгө чыкканда эле маселе башталып жатпайбы. Бизде жаман бир түшүнүк бар, орус мектебинде окуса акылдуу, кыргыз мектебинде окуса акылдуу эмес деп ойлошот. Биздин улуттун даңкын, баркын жоготкон орус системи болду. Жасалма тарых, жасалма пропагандадан чыга албай ушинтип тилибизди жоготуп жатабыз.
– Тилекке каршы... Эми келиңиз, маекти позитивдүү нукка буралы. Балалыгыңыз, үй-бүлөңүз тууралуу айтып бериңиз.
– Мен 8 бир туугандын төртүнчүсүмүн. Бала кезден сүрөт тартууга, музыка тармагына, уюштуруу иштерине кызыкчумун. Чоң атам Калмурат Нурдөөлөт уулу ырчы болгон. Анын «Алтын фонддо» бир-эки ыры сакталуу. «Аккан арыктан суу агат» дегендей, үйдө баарыбыз эле куйкум сүйлөп, тамашалашканды жакшы көрөбүз. Туугандар чогулуп калганда комуз кармап, эки тарап болуп айтыш да уюштуруп салабыз.
Актёрлук эмне экенин ыраматылык Советбек Жумадыловдон көрдүм. Бир ирет сыналгыдан Жумадыловдун президенттин монологун окуп жатканын көрүп, аябай таасирлендим. Бирок актёрлук кесипке мен ойлогондой оңой өтүп кетүү мүмкүн эмес экен.
Алгач Улуттук филармонияда сүйлөө жанры деген 2 жылдык курста окуп калдым. Жанызак Молдобаев деген агай окууну бүткөндөн кийин гана «сен киши болдуң, эми актёрлукка тапшырсаң болот» деди. 3-курста Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайга кабыл алуу болуп, ошол жакка өтүп кеттим. Азиз Мурадиллаев, Жеңишбек Жумакадыр, Нурдөөлөт Копоев, Тата Улан болуп бир курста ысык-суукка чыдап окудук.
– Актёрдун жашоосу сиз кыялдангандай болдубу? Көшөгө артында кандай жашоо сизди күтүп туруптур?
– Мен Сүймөнкул Чокморов, Советбек Жумадыловдорду сыналгыдан көргөндө «мен да ушинтип тасмага түшсөм» деп кыялданчумун. Бирок алардын экран артындагы жашоосу кандай экенин таптакыр билген да, кызыккан да эмесмин. «Артисттин бир көргөнүн хан көрбөйт, бир көргөнүн ит көрбөйт» дегендей, кесиптин азап-тозогу көп. Алган тыйының жакшырбай же өзүңдүн оокатың оңолбой, бир жагына тартсаң экинчиси калат. Ошондой турмушта жашап келебиз.
Мен 19 жылдан бери «Учур» жаштар театрында иштейм. Алгач 700 сом айлык алчубуз. Эми араң 5300 сомго жетти. Ал акча бала-чака, үй оокат бул жакта эле калып, жумушка барып-келгенге жетпейт. Эгер биз материалдык жагын көздөсөк, курулушта иштесек, жакшы каражат тапмакпыз. Бизге баарынан да кийин артыбызды кылчайып караганда уялбай, сыймыктана турган эмгек калтырганыбыз маанилүү. Ал эми үй-бүлөнү багыш үчүн 2-3 жерде иштейбиз.
– Жубайыңыз, кесиптешиңиз Гүлжамал Мамытбекованын кайсы сапатын жактыргансыз?
– Гүлжамалдын жөнөкөйлүгүн, тазалыгын жактыргам. Эгер ал чоёктоп, «аны каалайм, муну каалайм» деп турса, чыдай алмак эмесмин. Бактыма жараша, жубайым абдан түшүнүктүү. Экөөбүз кичинекей мамлекетибиздин пайдубалын бир кыштан тизип отуруп түптөдүк. Гүлжамал 8 жылдын ичинде көп жолу ай-күнүнө жетип калганда ден соолугу начарлап, балдарыбыз чарчап калып жатты. Ага карабай мага эки уул төрөп берди. Мен жубайымдын мындай эрдиктерин көрүп, басып кетчүдөй келесоо эмесмин да (күлүп). Экөөбүз бири-бирибиздин жумушубузду жакшы түшүнөбүз. Жубайым жумуштан кеч келгени маселе эмес, тамак жасап балдарды карап отура берем. Гүлжамал деле эркектин иши дебей, курулуш иштеринде мага кол кабыш кылып, жардамын аябайт. Андыктан мен чыгармачылыкта кандай ийгилик жаратсам, ал жубайымдын эмгеги. Же тескерисинче, анын ийгиликтеринин артында мен турам.
– Маегиңизге рахмат! Ийгиликтерди жарата бериңиздер!
Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg