АЙЫМДАР ҮЧҮН 3 СУУСУНДУК

Эмнеге айымдар үчүн гана суусундуктар? Анткени келбетти, жүздү сулуу кармоого айымдар көбүрөөк далалат жасашат. Анын үстүнө тукум улоо үчүн аялдардын ден соолугу бекем, саламат болуусу шарт. А мырзалар аялзатына суктанып гана туруулары керек.

РEЦEПТ №1. МАЛИНАНЫН ЖАЛБЫРАКТАРЫ

Малинанын жалбырактарынан даярдалган чай аялдын тукум улоо жөндөмдүүлүгүн, саламаттыгын жөнгө салат. Мындай чайды көп ичкен аялдын жатыны бекемделет, айыз цикли, төрөт жана климакс жеңилирээк өтөт. Чай адамды сергек кармайт, андыктан кофени малина жалбырактарынан даярдалган чайга алмаштырса кыйла пайдалуу. Аны күнүнө 3 кружкадан ичип туруу кажет. Чайдын зыяны жок болгондуктан, дайымкы тамак рационуңузга кошуп алсаңыз болот.

Рецепт: Убагында малинанын жалбырактарын терип, кадимкидей эле кургатып алабыз. Чогултуп алган жалбырактарды майдалап идишке салып алуу керек. 1 аш кашык малина жалбырагына 200 грамм кайнак суу куюп 10 мүнөт коюп коюңуз. Уктаар алдында ичүүгө болбойт. Эртең менен жана күнү бою ичсе эффект болот.

РEЦEПТ №2. ЖЫЛУУ СУУ, ЛИМОН

Лимон салынган жылуу суу арыктоого салым кошот, организмдеги токсиндерди айдайт, иммунитеттин бекемделишин шарттап, бет терисин жана тамак сиңирүүнү жакшыртат. Лимон адамдын ток жүрүүсүн шарттаган лептин гормонуна таасирин тийгизет. Эгер бул гормондун балансы бузулса адамдын организминде майдын запасы ашыкча чогула баштайт.

Рецепт: Лимонду тең экиге бөлүп, анын жарымынын ширесин стаканга сыгып алыңыз. 80-90 градустагы ысык суу куюп, бир аз коё туруу шарт. Жылымык боюнча ичүү керек. Ар бир күндү ушул суусундук менен баштоо мыкты кадам.

РEЦEПТ №3. СҮТ ЖАНА КУРКУМА

Сүт жана куркума Аюрведанын (байыркы Индия медицина системи) эң популярдуу суусундуктарынын бири. Аны “алтын сүт” деп аташат. Бул микс бардык гормондорду баланста кармайт, иммундук системди бекемдейт, тамак сиңирүүнү жакшыртат, суук тийүүдөн айыктырат.

Рецепт: 200 грамм ысык сүткө 1 аш кашыктын жарымынан куркума салып, чаласыз. Татымына жараша бал кошсо болот. Уктаар алдында ичүү тынч уйкуну камсыздайт.


Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
tular
2019-10-28 10:21:14
Куркума деген эмне?
+3
sumaika
2019-10-30 09:09:30
tular,имбирдин порошогу
0
Isikkolumkeremet
2019-11-03 22:35:27
Куркума ото резкий жыты да даамы бар коп пайдалана албайт экенмин
0
№ 886, 24-30-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан