МОМПОСУЙ ДАРАГЫ ЖЕ ТАТТУУ ГОВЕНИЯ

Субтропиктик өлкөлөрдө таттуу говения аттуу дарак өсөт. Адатта мөмө дарактарынын жемиштери желсе, мунун мөмөсү катуу кургак болуп, жегенге жарабайт. Бирок говениянын эттүү жемиш сабактары (плодоножки) тамак-ашка колдонулат. Даамы кычкыл мейизге окшошуп кетет.

Жемиш сабактары күздө даамына кирип “бышып”, жазга чейин түшпөй тура берет. Дарактын бийиктиги 12-15 метрге жетет. Бир чоңураак дарактан 30-35 килограммга чейинки жемиш сабактарын чогултууга болот.

Жемиш сабактарынын курамында 29-45 пайызга чейин кант болот. Ошондуктан кондитердик азыктарды жана даамы сырага окшошуп кеткен ичимдик түрүн жасоодо пайдаланылат.

Япония менен Кытайда элдик медицинада астма оорусуна дары катары колдонушат. Дарактын жыгачы эмерек менен музыкалык аспаптарды жасоого иштетилет.

Говениянын жемиш сабактарын алуу үчүн аны Индия, Кытай, Япония, Батыш Европа, Алжир, Түштүк Америка, Корея Элдик Демократиялык Республикасында өстүрүшөт. Крым менен Кавказда (Евразиядагы географиялык регион) да өстүргөндөр кездешет.

Канымжан Усупбаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 886, 24-30-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан