ТОТУ КУШКА 6 АЙДА 20дай СӨЗ ҮЙРӨТСӨ БОЛОТ

Ош шаарынын чок ортосунда зоологиялык дүкөн бар. Анда негизинен тоту куштар сатылат. Аларды сатуу, багып-кароо, ооруса дарылоо милдети орнитолог Мурот Мамарасуловго тапшырылган. Мурот бизге тоту куштар тууралуу маек куруп берди.

– Дүкөндө тоту куштардан тышкары аквариум балыктары, канарейка чымчыктары да бар. Келген эл эмнени жактырса, аны жеми менен кошо сатып алып кетишет. Кантип багуу керектигин айтып түшүндүрүп беребиз. Учурда дүкөндө сатыкка коюлган 2000ге жакын тоту куш, 100гө жакын канарейка, 10 аквариумда 20 чакты балык түрү, бөдөнөлөр бар. Кечинде жарык өчкөндө канаттуулар уктай башташат. Эртең менен эрте биринчилерден болуп канарейкалар менен бөдөнөлөр ойгонуп, сайрай башташат.

Эми сиздер кызыккан тоту куштар тууралуу айтып берейин. Алар негизинен Дубайдан жана Ташкенттен алынып келинет. Башка канаттууларга караганда тоту куштар назик жана камкордукту көбүрөөк талап кылат. Күн сайын алдыларын тазалап, убагында жемин беребиз.

Бизде жако, корелла, какаду, ара, неразлучник, волнистый, индиянын шакектүү тоту кушу, александр, розелла, аратинга, амадин жана башка түрлөрү бар. Айрымдарынын көлөмдөрү чоң болсо, кээ бирлери кичине.

Биз тоту куштардын кээ бир майда түрлөрүн фермада көбөйтүү менен да алектенебиз. Башында багып көбөйтүү сырларын интернеттен окуп үйрөнө баштаганбыз. Мисалы, волнистый, корелла, александр, индиянын шакектүү тоту кушун үй шартында көбөйтүүгө болот.

Жемин Орусия жана Казакстандан буюртма менен алдырабыз. Тоту куштарга жем, суудан тышкары жашылча-жемиштерди майдалап кесип беребиз.
Оорубай, ден соолугу жана сырткы көрүнүшү жакшы болушу үчүн атайын чыгарылган түрдүү витаминдерди жемине кошуп берип турабыз.

Буларды багууда керектүү бөлмө температурасы болбосо ооруп башташат. Суук тийсе мурдуларынан чимкирик агып, бүрүшүп калышат. Андай кезде суук тийгенге каршы атайын дарыны сууга кошуп беребиз. Буларда деле көз оорусу болот. Көздөрү шишип, кызарат. Андайда дары тамызбасак көзү сокур болуп калат. Буттары жана оозу грибок оорусуна чалдыгат. Дары май сыйпайбыз, дарылайбыз. Ичтери өтө баштаганда адамдар иччү линкас дарысын ичирип айыктырып алабыз. Иче турган суулары булганып калса да ичтери өтө баштайт, андыктан суусун дайыма жаңыртып туруу зарыл.

Эң көп чурулдай тургандары неразлучниктер. 1 капаста аларды 10-15тен кармайбыз, анан сайраганда дүкөндү ызы-чуу кылып жиберишет. Буларды эркек, ургаачы кылып жуп кармоо керек. Эгер экөөнүн бирөө өлүп калса, экинчиси да өлүп калат. Энергиялуу, куу, анан бир нерселерди чайнап, кемиргенге маш келишет.

Аралар катуу кыйкырышат. Какадулардын тумшугу катуу келип, калыңдыгы 1 сантиметрлик жыгачты тешип сала алат. Адам менен баарлашканды сүйүшөт.

Бардык тоту куштарды сүйлөгөнгө үйрөтсө болот. Бирок батыраак үйрөнгөндөрү волнистый менен индиянын шакектүү тоту кушу. Алардын балапандарын 2 айынан тартып сүйлөгөнгө үйрөтө баштоо керек. 6 ай тынбай машыктырсаң 20дай сөз жаттап калат.

Жаш узактыгы ар бириники ар башка. Волнистый менен корелла 10-15, неразлучник 10, жако 50, какаду 40, александр 45 жыл жашайт. Эң узак жашоочу бул – ара. Алар 65 жылга чейин жашай алат.

Бир чоң тоту кушту бакканга 1 айга 1000-2000, ал эми майдаларын бакканга 200-300 сомдой кетет. Биздин тоту куштарды Казакстан, Орусияга чейин алып кетишет.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 886, 24-30-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан