Американын Мичиган штатынын тургуну Карлос Ороско 4 жылда 215 килограммга арыктаган. Анын окуясын "People" басылмасы жазды.
2015-жылы Карлос ден соолугунун начардыгын айтып ооруканага кайрылган. Ал ошол жылы 39 жашта жана 295 килограмм салмакта болгон. Ашыкча салмактын айынан Ороско подагра, жогорку кан басымы, целлюлит жана апноэ (уктап жатып бир нече секундга дем албай калуу) менен жабыркаган. Мындан улам ал 40ка жетпей өмүрү менен кош айтышып калары мүмкүн эле.
Врачтардын кеңешинен кийин ал спорт менен машыгып, жарым жылда 45 килограммга арыктаган. Муну менен катар Карлос фастфуд, куурулган, камыр тамактар, газдалган суусундуктар, спирт ичимдиктеринен баш тартып, жөө басууну адатка айланткан. 2016-жылы ага арыктатуучу операция жасалган. Учурда ал 80 килограмм болуп калганын мактаныч менен айтат.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg