ПЕРИШТЕНИН КӨЗ ЖАШЫ (Мигранттын балдары, кичинесинен бири-бирин жоготуп алган наристелер тууралуу баян)

(Башы өткөн сандарда)

– Айымкүл, бала урушат, кайра табышат, эмне болуп жатасың?- деди таене акырын гана. Бирок улуу небереси Кадыржанга да боору ачый тиктеп турду. Келин дагы күүлөнүп баштады эле, дарбазадан таятасы менен Айдар кирип калды. Келин кандай болсо да кайнатага үн ката албады. Көзүн ылдый түшүрүп, Кадыржандын колдорун бекем кармап туруп калды. Кечке маал тамак үстүндө отурганда таятасы Садырбек олуттуу кеп баштады.

– Кадыржан, сен туура эмес кылдың. Бул бир деп тур, экинчиден, Айдар биздин үй-бүлөдө бөлөк эмес. Сен бөлөксүнтпө. Керек болсо бул үйдөн сен кетишиң мүмкүн, атаң кетиши мүмкүн, атүгүл мен кетишим мүмкүн. Бирок Айдар калат! Муну баарыңар эсиңерге түйүп алгыла. Айдар, сенин дагы мындай жиндилигиңди экинчи көрбөйүн.

Баары үн катпай кабыл алышты. Айдар ушул окуядан кийин ачыла баштады. Катып калган каректери жылып, мурункудай күлгөндө күйүп кете турган көздөргө алмашты. Таенесине тамашалай сүйлөп, шайыр күлкүсү чыгып, өзүн эркин алып жүргөнгө өттү. Таятасы үчүн да кызы кайтып келгендей эле. Ар күнү небересинин жүзүн карап кызы үйүндө жүргөндөй бактылуу болчу. Адатта эркектер уул каалаганы менен, жүрөгүнүн тереңинде ар дайым кыздарын жакшы көрүшөт. Садырбек дагы үч уулдун ичиндеги жалгыз кызын жакшы көрчү. Айдарды эки эсе жакшы көрдү. Тез эле таякелери, жеңелери, балдар да ага тартылып, мурункудай коомай, өгөй мамиле жасабай чын дилден кабыл алып кетишти. Эгерде балдар үйүндө калганда, же таята-таенеси мээрим төгүп жан дүйнөсүнө киргенге аракет кылбаганда Айдар кандай бала болмок, ким билсин? Азыр болсо кимге болсо да жадырай караган, жакшы мамиле кылган, жайдары, боорукер, жароокер, эркин балага айланды. Айылда улуу-кичүү дебей “биздин Айдар” дечү. Анын райондук, облустук сынактарда жетишкендиктерине өздөрү жетишкендей сүйүнүшчү. Анткени жүрөгүндөгү жылуулукту ар кимге чачып үйрөндү. Кайгысын жүрөгүнүн түпкүрүнө катып, кубанычын эл менен бөлүшкөндү билди Айдар. Жүрөгүндөгү коркунуч, жалгыздык, санаркоо жоголуп, ишенимдүү колдо тарбияланып жатканына ишене баштады. Бала үчүн ишеним кандай маанилүү. Өзүн бирөө аябай жакшы көрөрүн билүү ар бир баланы бактылуу кылат. Ал бактылуу болчу.

Жашоосундагы 10 жыл жоготуулардын жылы болсо, кийинки 8 жыл бактылуу жылдар болду. Арадан ошентип сегиз жыл өттү!

ххх

Эрнис түрмөдөн чыкты.Түрмөдөгү 10 жыл ичинде баары өзгөргөн экен. Бишкектин жолдорундагы чымын куюн болгон машиналардан баш адашат. Башка шаарды аралап жүрүп адашып кеткендей сезилди. Колундагы кагазга жазылган даректи карап коёт. Айтор, кыйналып жатып дарек боюнча издеп келди. Бул анын балалык кезиндеги досу эле. “Чыкканда менин үйүмө кел” деген эле бул даректи жазып жатып.

Босогодо турган Эрнисти көрүп кубанычтуу кыйкырып жиберди.

– Сенби? Келдиңби?

– Мен.

– Аа, баатырым десе,- кучактап бири-бирин далысынан таптап жатышкан экөөнү үй-бүлө мүчөлөрү таң кала карап калышты. Досу Кубан илгери эле жайланышып очор-бачар болуп калган. Аялын, балдарын чакырып бирден тааныштырып жиберди.

– Бул Эрнис аяш атаңар. Тээ төркү үйдө экөөбүздүн сүрөтүбүз турбайбы, ошол жигит ушу. Кана, кызым, алып келе калчы,- деди кызын жумшап.

– Окшобойт го сүрөттөгү жигитке,- деди аялы астейдил гана.

Чын эле сүрөттөгү көздөрү балбылдаган, керилген кара каштуу, сымбаттуу жигитке Эрнис таптакыр окшобой турду. Бубак баскан чачтуу, суусу какшып калган кудуктай нурсуз көздүү, жүзү ак шапак адам менен бул толуп-ташып турган жигиттин ортосунда эч окшоштук жоктой эле. Эрнис өзүнүн сүрөтүнө тиктеп турду. “Ушу мен белем?” деген ой.

– Менде дагы толтура сүрөттөр бар, студент кездеги. Шашпай көрөбүз,- деди досу бапылдап. Чай ичилип, тамак желип бүткөндөн кийин эки дос сыртка чыгып узакка сүйлөшүп отурушту.

– Эми жашооңду кандай кылайын деген оюң бар?

– Билбейм, досум,- деди тунжураган Эрнис.

– Балдарымды издейм.

– Ой, издетпей эле табылат Айдарың. Бул жакта, борбордо да. Келгенине бир жыл болду.

– Койчу...

– Чын, аяш атам деп өзү издеп келиптир, азамат десе, сүйүнгөнүмдү сураба. Уулуң мыкты жигит болуптур. Сөзү орундуу, өз күчү менен мыкты деген жогорку окуу жайына өтүптүр. Чет тил адистиги менен эл аралык мамилелер дедиби... Айтор, ушундай бөлүмдө окуп жатыптыр. Мен аяшыңа айтып келсем “ал окуу жайына кантип өтүптүр? Бул жакта репетитор жалдап окуткан балдарыбыз өтпөй, алыскы Баткенден келип өтүп кетиптирби?” деп аябай таң калды. Мен ага “таң калба, Эрнис деген келечектин генийи болчу, бул анын баласы да” дедим. Ээ, досум, уулуң сени жазбай тартыптыр. Жүзү, күлгөнү Асияга куюп койгондой окшош. Бирок акылы, жөндөмү так эле сен.

Түрмөдөн жаңы чыккан досун турмушка аралаштырыш үчүн ала чаап мактап жатты. Эрнис жүрөгү дүкүлдөп, чекеси тердеп кетти.

– Коё турчу, ал сени кайдан билет экен?

– Калыс ата борборго келгенде, мага алып келип тааныштырып кеткен. Ошондо эстеп калган тура. Өзүм да чочудум.

– Мени сурадыбы, мага эмнеге келген жок?- деди Эрнис алдастай.

– Сурабай коймок беле, дал сени сураш үчүн келиптир. Мен сага жиберген жокмун. Эрнис, жаш бала бара турган жай эмес, ошол атың өчкүр жерди көрбөй эле койсун дедим. Жакында чыгат атаң, өзүм ээрчитип келип сага жолуктурам десем муюп калды. Акылдуу жигит. Биринчи курсту бүткөнү жатат.

– Ким менен турат?

– Батирде. Ким экенин билбейм, Кадыржан деген бирөөнү айтты. Бөлөсүбү ушул сыяктуу. Таятасы төлөп турат экен. “Экинчи курстан өзүм иштей баштайм” деген ал азаматың.

Эрнис алкымын бууп бараткан жашка араң ээ болуп турду.

– Досум, мени бир аз жалгыз ташта. Анан кирип жатайын,- деди ал үнү буулуп.

Ал үйгө кирип кеткенден кийин гана араң кармап турган көкүрөгү бошоп кеткендей сезилди. Көзүнүн жашын аарчып бир күлүп, бир ыйлап жатты. “Демек, чоңойду, жакшы жигит болду. Жогорку окуу жайында окуп жатат! Азаматым менин! Мени издептир. Мени көргүсү келиптир, демек, мага таарынычы жок тура. Кудайга шүгүр, жок дегенде ал өз жолун тааптыр. Жок дегенде бир балам жакшы турмуш кечириптир”. Көзүндөгү жаштар агып жатты. Досунун сөздөрүн кайра-кайра эстеп жатты. Бул кубанычтын көз жаштары эле.

ххх

– Айдар!

Кара тору, бою узун, балбылдаган көздөрү менен курсташ кыздарынын жүрөгүнө чок салган жигит болчу. Кылчайып өзүнө келе жаткан Диананы көрдү.

– Кандайсың, чогуу кетели дегем, жолубуз бир го,- деди ойноктогон кыз.

– Сен машинаң менен кетесиң го.

– Ала кетейин.

– Жок, бүгүн башка жерге бармакмын. Аяш атам чакырды.

– Эмнеге чакырыптыр?- деди кыз жини келе.

– Билбейм, кеңсеме келе кал деди.

– Менимче, шылтоо.

– Кайдагы шылтоо, чындап эле бүгүн колум бошобойт. Эмки жолу сөзсүз.

– Макул.

Айдар терең дем алды. Кыздар ага көңүл кош эместигин өспүрүм кезинен баштап билет. Кайсы бир кыз ага да кээде жагып калчу. Бирок алар ойлогондой, жактырып калуу эмес болчу. Мээсинде да, жүрөгүндө да бир гана максаты бар эле. Ал – карындашы Аруукени табуу. Эгерде башка бир кызга алаксып калса, жүрөгү кимдир бирөөгө байланса бул максаты экинчи планга жылып кетчүдөй коркунуч бар эле.

Ошентип Айдар эч нерседен капары жок аяш атасына бара жатты...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Aiperi-17
2019-10-28 10:18:08
Айдарды жолуктуруп бүтүп калбаса эле Аруукеге жолукса экен
0
aizirek...
2019-10-28 11:13:36
Диана Арууке
0
melissa-ba
2019-10-28 11:40:04
aizirek...,ал курсташы да а арууке 5 6 жашка кичуу эмес беле ?демек 13 12 жашта да ал
0
Jazka_1991
2019-10-28 11:39:57
Koburook ele jazylsa go toiboi kaldyyyym
+1
Umutmurza78
2019-10-28 18:25:14
Дагы бир жума күтмөй
0
Shef87
2019-10-29 19:49:38
Жашоо жакшы жакка бурулду
+1
Baatirbek81
2019-10-31 16:04:48
Мен акыркы
0
№ 886, 24-30-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан