ЖОЛБОРСТУН КУУЛУГУ

Илгери бир заманда токойдон алыс эмес жерде уйлар оттоп жүрүшчү экен. Алар дайыма чогуу жүрүшүп, бирөөсү да бөлүнчү эмес. Ал эми токойдо болсо жолборс жашачу. Ал өтө куу жана арамза болуптур. Көптөн бери бир уйдун кардын жарсам деп эңсеп жүрчү. Бирок уйлар дайыма чогуу жүрүшкөндүктөн, бир уйду бөлүп алуу мүмкүн эмес эле. Анда жолборс уйлардын ортосуна бүлүк салып, топту бузууну ойлонот. Бир жолу ал четте оттоп турган уйга келип мындай деп шыбырады:

– Эй, шукшуйган мүйүздүү, кулак түрсөң мага. Сен билесиңби, тетиги ийри мүйүз уй сени сүзүп салсамбы деп эңсеп жүрөт...

Анан жолборс башка уйга акырын жакындап келип, мындай дейт:

– Эй, узун куйруктуу. Байкасам, сен эч нерседен бейкапар оттоп жүрөсүң. Же сен көрбөй жатасыңбы тетиги чоң мүйүздүү уйду? Карасаң, ал тим эле керсейип, сени сүзүп гана салгысы бар!

Уйлар куу жолборстун сөздөрүнө ишенип, бир-бирине ишенбестик менен карай башташат. Көп өтпөй болбогон жерден чыр чыгып кетет. Ошондон баштап алар мурдагыдай чогуу жүрүшпөй, ар бири өз алдынча оттоп, өз алдынча сууга барып, бөлүнүп кетишет.

Жолборско ушул гана керек болчу. Ал шукшуйган мүйүздүүнү да, узун куйруктууну да, ийри мүйүздүүнү да, чоң мүйүздүүнү да чекесинен жей баштайт. Акыры ал бүт топту жеп бүткөн экен. Уйлар жолборстун куру сөзүнө ишенип тобун бузбаса, аларга эч ким тие алмак эмес.

Гулийпа Маметосмон кызы
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 886, 24-30-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан