АКЫРКЫ АДАМ-ЖАПАЙЫНЫН АРЗУУСУ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Өзүнүн буту. Эти куурап, сөөгү даана билинип турат. Сөөккө кошо өзү мергенчиликке кийген өтүгү жатат. Эми өмүр бою бир бутсуз жүрөрүн, аңчылык күндөрү аягына чыкканын эстеп селт эте түштү. Бутту кайра корумдап кирди. Кызык, муну ким корумдады экен? Муну ким бул жерге жашырды? Алар неге мергенди алып кетпеди? Артынан шакирт мергендер келип мылтыгын алып кетишип, бутун таап, корумдап жашырыштыбы? Же муну жанагы жапайы киши жасадыбы? Түшүнө албады.
Азыр мылтыкты тапканда эле эмне, киши-кийик болобу, адамноо болобу, жез тырмак болобу, неси болсо да үңкүргө келери менен так маңдайга басып-басып албайт беле?! Өлбөсөчү?! Өзүн өлтүрүп салсачы?!
Ошондо чагылгандын огу чала чарпып өткөндө кансырап жаткан өзүн ушул жапайы адам өлүмдөн алып калып, жакшылык кылбадыбы? Ал эми канча жыл аткан кийик, кулжа, аркар эти менен багып келген алматтарынын издеп келгени, артынан жоктоп чыкканы болбодубу? Ошол жети үйлүү алматтарынан көрө бул түктүү жапайы киши адам экен да…

***

Таң атып, кайра кеч кирип, мезгил көчкөн булуттардай кайдадыр шашып жылып жатты. Мерген көбүнчө үңкүрдүн түпкүрүнө кирип уктайт. Ал жерде таңдын атканы да, күндүн батканы да сезилбейт. Уктап жатканда адам-жапайы андан көзүн албай, каректерин кадалтып карап отурат. Кээде түктүү, тырмактары өскөн колун адамдын бешенесине тийгизип чачтарынан сылайт, жондорунан сылайт, жалгыз бутун сылайт. Мындайда адам-жапайынын да, мергендин да бүт бедени ысып, көөдөндөрүн жылуу бир нерсе тээп, денелери чыңалып чыгат.
Адам-жапайы мурдагыдай шеригин издөөнү токтотту. Атүгүл бул үңкүрдө жашаган адамга да, анын отуна да, отко бышырган этине да үйрөнүп калды.
Кишини көтөрүп алып, адам-жапайы тоолордун бийик чокуларына чыгарат, мөңгүлөрдү аралап муз тээп, шар аккан муздак сууларды кечип ойной да кетет. Адам турмушу менен жапайы адам турмушу аралашып, кимиси кимисине ооп баратканы түшүнүксүз, бири-бирине окшошуп, бири-бирин толуктап барат.
Бул ургаачы адам-жапайы эркеги менен жүз жылдай жашаса да, балалуу болбоду. Жараткан, балким, буларды эң акыркы адам-жапайы болсун, ушулар менен алардын тукуму үзүлсүн деп каргаганбы, ким билет?
Мерген да карып баратат. Али үйлөнгөн жок.
Бул алматтардын салты ушундай, өз уруусундагыларга гана үйлөнөт. Башка уруулардан жар күтүү буларга буйрулбаган, туугандарын алып, туугандарына тие беришет. Алматтардан аял алгандар же алматтарга күйөөгө чыккандар бир туугандардай ысык жашаганы менен, балдары анчалык токтобойт, көбөйбөйт. Үйлөнүү үчүн же кыздар, же эркек балдар жетпейт. Төрөлгөндөр да оорукчан болуп жарык дүйнөгө келип, көпкө жашабай калышат. Ошондонбу, өзгөлөр гана эмес, өздөрү да «алматтар жоголуп барабыз» дешет. Ошон үчүн жети тамда, болгону, тогуз жан бар. Алардын көбү жалгыз бойлор же карыгандар.
Мерген катын алып көрмөк турсун, өмүрү ургаачыга жакын барган жан эмес.
Адам-жапайы менен мерген бийик чокулардан алыска-алыска көз жүгүртүшүп, күндүн чыкканын жана батканын сонуркап карашат. Кийиктерди чубамада тосуп, эттүүсүн баса калышат. Асманда учкан бүркүттөргө көз сала көпкө тиктеп турушат.
Анан экөө ээрчишип ным жыттанган, караңгы бирок өздөрү үчүн кызык сезилген үңкүргө кирип кетишет.

***

Токой ээси күн сайын эки маал ордо жаткан адам-жапайыны көргөнү менен, ага даап эч нерсе дей албайт. Деген менен анысын тигил түшүнмөк беле? Киши өз кыялы менен гана жашап, ошол кыялында адам-жапайыны куду Отунчуну жумшагандай жумшап алганын элестетет. Жаңгак башына чыгып бир силксе, жаңгактын баары топурап түшүп, анан аны бир паста каптап, каптардын үчөө-төртөөнү бир көтөрүп төөгө артып, кербендерге кошуп берет. Ордуна мата алып, байларга көтөрмөлөп алтын, күмүш берип, атактуу болуп калууну кыялданат. Атүгүл бир жолу ой дегендин ооздугу жок белем, адам-жапайыны үйлөндүрүп коюуну да ниеттенген.
Бир мертебе токой ээси ордо жаткан адам-жапайыдан кабар алганы келе жатса, ор оозунда төмөндү карап Отунчу туруптур. Жакындаганда урушуп, кууп салайын деди. Кулагы оор неме укпай жатат го деп катуу жөтөлдү, бутун сүйрөп шырпылдатып басты. Аны тигил угуп, сезе бербеди. Дал маңдайына барып карап тура берди. Отунчунун өңүнө кызыл жүгүрүп, башкача болуп тамылжып алыптыр. Сүйлөп, ырдап ийчүдөй талпынат. Колун чапкылап, секирип да коёт.
Отунчунун ушул турушун көрүп, токой ээси адам-жапайыны ордон чыгаруунун кези келиптир, анын колу-бутуна кишен салып чыгарып алып, ит байлагандай эшик алдына байлап коюу керек деди. Шарт бурулду да он чакты балбан жигиттерди алып келип, аларга Отунчуну кошуп, адам-жапайыны ордон сууруп чыгышып, короосуна жакын өскөн жаңгак башындагы балаканага алып келип байлап ташташты.
Токой ээси «жаңы тууганга» тамак берүү ишин Отунчу гана аткарсын. Башкаларыңар ал тарапка басып да барбагыла» деп катуу эскертти.

***

Токой ээсинин үйү жаңгактуу дөбөдө, бийикте жайгашкан. Дөңсөө жерлер өтө көп болсо да, токой ээсиники өзгөчө дөңсөөдө. Ал дөңсөө башкаларды карап туруу үчүн атайын орнотулган сыяктанат. Ал жердин тегерегин курчаган кайнар булактар тегерек-четке жагымдуу серүүн берип турат. Дөңсөөгө ийри-буйру жолдор менен кыялап, тегеренип чыгуу керек, ошол жолдор жаанда, селде чуңкурайган. Кара топурактуу кыртышты суу жууп, жолдун ар кайсы жеринен жаңгактын, чынар теректин, талдардын, долонолордун, алмалардын, алчалардын тамырлары чыгып калган. Жолдун жака-бели шибер менен капталган, ал шиберди мал оттогону да, адам басканы да билинбейт. Анан жолдун эки жагынан шагын ийип алча, алма, алмурут жерге ийиле самсааласа, жерден боюн көтөрө албаган кулпунай, бүлдүркөн, чие дегендер тим эле төшөлөт.
Адам-жапайынын балаканасы беш миң жыл жашаган жаңгактын башында.

Тойчубай Анаркулов

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 407, 20-26-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан