Ырчы Самара Каримова 23-октябрда Москва шаарындагы Кремль ак сарайында жеке концертин берет. Бул концертте ал италиялык ырчы Ингрид менен дуэт ырдайт. Буга чейин кыргыз ырчыларынан Кремлдин аталган сарайында Мыскал Өмүрканова “Алымканды” созгонун билебиз. Концертке даярдык кандай жүрүп жатканын сурап Самара Каримова менен байланыштык.
– Үч ай калды, эки ай калды деп жатып бул күнгө деле келип калдык. Бүгүн Кремлде концертимди өткөрүүгө даярданып жатам. Толкундоо бар, бирок даярдык аябай мыкты. Конок катары чакырылган италиялык ырчы Ингрид айым Москвага учуп келди. Буюрса, 2 ырды француз тилинде дуэт аткарабыз. Ингрид менен ырдоо менин идеям. Европага таанымал дүйнөлүк ырчы менен ырдайын деген максатым бар эле. Өзүңөр байкагандай, Ташкент шаарында берген концертим аншлаг менен өттү. Ошондон кийин Кремлге концерт койсом деп кыялданып, бул тилегимди ишке ашырганга аракет кыла баштадым. Мекендештериме жакшы маанай тартуулап бир нече тилде ырдайм деп турам.