Архитектура жана дизайн тармагындагы эл аралык сынакта мекендешибиз 1-орунду ээледи. Каарманыбыз эми дүйнөнүн 55 өлкөсүндө лампа чыгарган испаниялык компания менен келишим түзүү алдында турат.
“СЫНАККА КЫРГЫЗСТАНДАН ЖАЛГЫЗ КАТЫШУУЧУ БОЛДУМ”
Каарманыбыз Ильзат Каримов бул ийгиликке жетүүмө алдыга максатты туура, так койгонум себеп болду дейт.
– Мен 1994-жылы Чүй облусунун Петровка айылында туулгам. Балалыгым ошол айылда өттү. Үй-бүлөдө эң улуусумун. Атам, апам, 2 иним айылда жашашат. Өзүм бала кезден эле сүрөт тартканга кызыкчумун жана ойлоп табуучу болгум келчү. Мектепти бүткөндө архитектор болууну чечип, Бишкектеги архитектура жана менеджмент багытындагы кесиптик колледжге тапшырдым. Андан соң билимимди жогорулатуу үчүн Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине тапшырдым. Ал жакта архитектура багыты боюнча 4 жыл окуп, ушул жылы окуумду аяктадым. Азыр Бишкектеги жарнама агенттиктеринин биринде дизайнер болуп иштейм.
Ушул жылдын август айында интернеттен испаниялык лампа чыгаруучу “Mantra” компаниясы жарыялаган сынак тууралуу окуп калдым. Бул компаниянын 55 өлкөдө филиалы бар, өндүрүмдөрүнүн дүйнөлүк рынокто беделдүү орду бар. Сынак лампага дизайн ойлоп табуучулар арасында уюштурулуп, бардык каалоочулар катышканга мүмкүнчүлүк берилген экен. Көңүлүмө уюп катышууну чечтим. Жалпысынан КМШ өлкөлөрүнөн 127 катышуучу катталды. Кыргызстандан жалгыз мен катыштым.
Университетте кафедра башчыбыз, профессор Дүйшөн Өмүралиев менин устатым. Ал киши мен ойлоп тапкан шам чырактын үстүндө иштеп жатканда көп салым кошту. Интернет аркылуу видеороликтерден кытан куш (цапля) тууралуу көрүп, биринчи эле лампаны ушул куштун көрүнүшүндө элестеттим. Идеяны иштеп чыгып, эскизин 3D форматта чийип сынакка жибердим. Мен сунуштаган дизайнда кушту отурган, тик турган абалга келтирсе болот. Куштун моюну ийилчээк болуп, кыймылга келгендиктен жандуудай сезилет. Ал эми жарык анын тумшугунда жайгашкан. Шам чыракты каалаган тарапка буруп алып колдонсо болот.
“1-ОРУН АЛГАНЫМА АЛГАЧ ИШЕНГЕН ЖОКМУН”
– Сынак бир нече этаптан туруп, жарым финал, финал, жана супер финал баскычтары менен жеңүүчүлөр аныкталды. Супер финалга 13 катышуучу өтүптүрбүз. 15-октябрь күнү жыйынтыгы чыкты. Уюштуруучулар “биринчи орунду алдыңыз, куттуктайбыз” деп чалганда ишене албай нес болдум. Ошончо кишинин арасынан менин ишим мыкты аталып, эмгегим эми 55 өлкөдө сатыларын укканда өзүмдү абдан бактылуу сездим. Жадакалса азыр да ишенбей турам. Товар сатыкка чыкканда гана ишенем го (күлүп). Ушунча эмгек, 7 жылдык изденүү, кылган аракетим текке кеткен жок.
Сынактын шартына ылайык, биринчиликти алган авторлор өзү жасаган продукциянын сатылган акчасынан канча бир пайызын алып турушат. Учурда мен ойлоп тапкан лампа аталган компанияда иштелип чыгуу алдында турат. Бирок сатыкка качан чыгары белгисиз. Келишимге кол коюла элек болгондуктан азырынча күчүнө кире элек. Себеби компаниянын өкүлдөрү менен жүзмө-жүз көрүшө элекпиз, уюштуруучулар менен байланышып жатам.
Келечекте курулуш-архитектурага байланыштуу долбоор жазып, ошонун негизинде иштегим келет. Көпчүлүккө ыңгайлуу баадагы үйлөрдү куруу планым бар.
“ӨЗҮҢӨРДҮ ЧЕКТЕБЕГИЛЕ, ДҮЙНӨ КЕНЕН”
– Кызыккан жумушу менен алектенген досторго, жаш ини-карындаштарга өзүңөргө ишенгиле деп айтмакмын. Адам үчүн эң маанилүү нерсе – бул ишеним, ички даярдык. Өзүңөрдү, фантазияңарды Кыргызстан менен чектеп койбогула. Айрымдар биздин өлкөдө ийгилик жаратуу кыйын, мамлекетибиз кичинекей дешет, бирок дүйнө кенен. Өз дүйнө таанымыңарды кеңейтип, глобалдуу ойлоно билүүгө аракет жасаш керек. Интернеттин жардамы менен дүйнө жүзүнө чакырык таштоого мүмкүн. Кайсы бир жерде сөзсүз сени таанышат, тандашат. Эң негизгиси, социалдык тармактарда көп отуруп убактыңарды текке кетирбегиле демекчимин. Мен муну өзүмдөн улам мисал кылам (күлүп). Дайыма жаңы нерсени издөө керек. Өзүм бош убактымда бизнес тууралуу, шыктандыруучу, дүйнөгө белгилүү инсандардын ийгилик таржымалы жазылган китептерди окуйм. Окуган сайын баары адамдын өз колунда экенин түшүнөсүң.
Айпери Хожаева
koom@super.kg