ДОСТУККА КЫЯНАТ (Кыйышпас достор, достуктун бузулушу, сүйүү үч бурчтугу тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

ххх

Көп күндөн бери Асел менен байланыша албаган Эржан шаарга жөнөп жаткан. Аңгыча сырттан апасы кирип келди. Маанайы жок экен, бирдеме айтчудай камданып калды.

– Тынччылыкпы, апа?

– Балам, Аселдин апасы жаңы эле телефон чалды.

– Тойду тездетели деген го,- апасын күлүмсүрөй карады.

– Асел турмушка чыгып кетиптир.

– Эмне?! Коюңузчу тамашаңызды.

– Тамаша эмес, балам. 2 күн мурун Максат ала качып кетип, отуруп калган имиш.

– Болушу мүмкүн эмес!- Эржандын өңү бозоруп, оозунан кеби түшүп шалак эте диванга отуруп калды. “Болушу мүмкүн эмес, отурбайт болчу” деп күбүрөнө берди. Апасы уулун аяп кетти, аны сооротууга аракет кылды.

– Балам, барып ызы-чуу салам деп жүрбө. Болор иш болду. Насип эмес экен...

– Жок, апа. Барып Аселге жолугуп, баарын өз оозунан угушум керек.

Уулунун айтканынан кайтпас мүнөзүн билген эне сөздү көбөйткүсү келбеди. Аргасыз “мейли, өзүң бил. Бирок тополоң салып кереги жок, акыл калчап иш кыл” деди. Аселдин апасы телефон чалып кызын ала качып кетишкенин, босогону аттап кирип калгандан кийин алып баса бере албастыгын айтып Эржандын апасынан кечирим сураган.

Максаттын үйүнөн конок үзүлө элек, келин көргөнү келгендер эки жашка бата тилеп жатышты. Максат сыртынан сыр бербегени менен, Эржан качан жулунуп кирип келип ызы-чуу саларын күтүп жатты. Келсе эмне дээрин, кандай кыларын миң түрлүү ойлонду. Күн түш ооп, коноктордун аягы суюлуп калган маалда Эржан короого кирип келди. Эч ким менен учурашпай түз эле эшик алдында турган Максатка жетип барып жакадан алды.

– Асел кайда?!

– Эржан, кел мындай, сүйлөшүп алалы,- деди жоошутуш үчүн.

– Сендей саткынга айтар сөзүм жок, кач жолдон!- Эржан үйгө кирүүгө умтулду эле, Максаттын жеңелери жабалактап эшикти тосуп калышты.

Ай жигит, эмне анчалык опурулуп? Кыз көңүлү менен отурду. Ачууңду бас,- деди шакылдаган жеңелердин бири. Эржандын Аселге жолукмайынча кайтпасын түшүнгөн Максат “киргизгиле” дегендей ишарат кылып, жеңелер эшиктин алдын бошотушту. Эржан кирип барганда Асел көшөгөдө отурган, жигит кирип келгенде ордунан ыргып туруп, моюнуна асылмак болуп кайра токтоду. Жигиттин көзүнө тике карай албай башын жерге салды. Көзүнөн салаалап жаш куюлуп жатты.

– Чыгып тур, мен Асел менен сүйлөшүшүм керек!- деди Максатка Эржан.

– Туура түшүн, мен чыга албайм.

Эржандын бул жоопко жаны кашайды.

– Э-энеңди...- Максатты беттен ары бир урду эле, ал жерге кулап түштү. Жанындагылар жабалактап аны тургуза калышты. Ызырынган Эржан кызга карап:

– Асел, жүрү кеттик!- деп колунан тартса, Асел кетенчиктеди. Эржан ызалана түштү.

– Асел? Биз эмне деп сүйлөштүк эле?

– Эржан, мени кечир...- кыз ушуну айтууга араң жарады. Көзүнөн мончок-мончок жаштар агып жатты.

– Эржан... Мен... Апам...- сүйлөй албай бышактайт кыз. Эржандын жүрөгү тилинип кетти, кыздын абалын көрүп дагы Максатка обдулду эле, бул ирет жанындагылар кармап калышты. Максат да бул жолу жөн турбай тап берди. Бөлмөнүн ичи ызы-чуу болуп кетти. Кыз экөөнүн мушташып, ызы-чуу болушун каалаган жок. Болгон күчүн топтоп туруп өктөм сүйлөдү. Башка арга таппады.

– Эржан, мен эми башканын жарымын. Баары бүттү. Кет бул жерден...

Жеңелер бири-бирин карап жылмайышып, Эржандын шаабайы сууп туруп калды. Оюнда Асел аны менен кетмек. Аны үйдөн алып чыгып, өз үйүмө алпарып жоолук салам деп ойлогон.

– Макул. Өзүң бил,- шарт бурулуп сыртка жөнөдү. Эшиктин оозунда турган Максатты тумшуктан ары бир урду да, артын карабай басып кетти. Артынан аны жемелеген күбүр-шыбыр үндөр узатты.

ххх

Асел көшөгөдө отуруп 2 күн мурунку окуяларды эстей баштады. Эмне болуп кетти? Бир күндө жашоосу астын-үстүн болду да, калды. Максат жолдон тосуп, ала качып кетти. Апасы анын каалоосунан да “эл эмне дейт?” дегенди бийик көрдү. Максаттын үйүнө алып келишкенде “кирбейм” деп чаң салды. “Сүйлөшкөн жигитим бар” деп жер тепкиледи. “Милицияга берип каматып жиберем” деп да коркутту. Эржандын да атын айтты. Болушкан жок. Акыркы үмүтү апасында калды.

– Апамды чакыргыла! Апам келсин!- деди кыз аягында деми кысылып. Ошентип артынан кубалап келгендер келип, жеңеси күйөө бала Эржан эмес экенин көрдү. Алдына түшүп баргандар Максаттын айылын айтканда эле Аселдин апасы Эржан ала качкан тура деп түшүнүп алып, батасын берип койгон эле. Эржан менен Максаттын айылы бир эмеспи. Бирок баарынан бата, элдин сөзү деген нерсе жогору турат белем, апасы келип “Батамды берип койдум, босогону аттап кирген соң кайра чыкпаганың жакшы. Жакшы эле жер экен. Максат деле жаман жигиттей көрүнбөйт. Багың ачылсын, эмне, сүйүшүп турмуш кургандын баары эле жыргап жатыптырбы?” деди. Кызын аяп турса да ал ушундай деди. Кыз так секирди. Апасына жалбарды. Бирок эне ырым-жырымга көбүрөөк ишенип, каада-салттан аттай албай турду. Кызы бул эшиктен чыгып кетсе эле бактысыз болуп калчудай чочулады. Көптө барып жоошуду кыз, апасы турмуш, тагдыр, үй-бүлө тууралуу кеп-кеңешин айтып, батасын берди. Асел аргасыз апасынын сөзүн кыя албай отуруп калды.

ххх

Эржан 3 күн үйдөн чыккан жок. Мээсине миң түркүн суроолор келип, жообун таппайт. Кечээ эле Эржансыз жашай албачудай көрүнгөн Асел бүгүн эч нерсе болбогондой башка үйгө бүлө болуп отуруп калды, башка жигитке жар болду. Болгондо да Максатка! Ата-энелер эмне үчүн балдарынын тандоосунан элдин сөзүн жогору көрөт? Азыр илгерки заман эмес экенин, балдар да тандоо укугуна ээ экенин качан түшүнүшөт?..

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Bekobala
2019-11-04 15:42:15
Азго көбүрөөк чыгарсанар
0
pero5184
2019-11-08 23:05:16
Максат деген ХХХХ экен
0
№ 887, 31-октябрь-6-ноябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан