ОРОЗО КАРМОО – ЧОҢ СООП

Рамазан айыңыздар кут болсун!

Ыйык Рамазан айы учурда өкүм сүрүүдө. Бул айда адамдар сооп иштерди жасоого аракет кылышат. Билбестиктен айрымдары туура эмес иштерге да барып алышы мүмкүн. Ошол себептен орозо тууралуу төмөнкү маалыматтарды берүүнү чечтик.

РАМАЗАН ОРОЗОСУНУН ПАРЗ КЫЛЫНЫШЫ
Рамазан орозосу кыбыланын Каабаны көздөй өзгөртүлүшүнөн (буга чейин мусулмандар Аль-Акса мечитине жүздөнүп намаз окушчу) бир ай өткөн соң Пайгамбардын (САВ) Меккеден Мединага көчүп келгенден кийинки 18-айында парз кылынган. Бул тууралуу Куранда мындай деп жазылган:
«Эй, момундар, силерден мурунку өткөндөргө парз кылынганы сыяктуу, силерге да такыба болушуңар үчүн саналуу күндөрдө орозо кармоо парз кылынды. Кимдир бирөө ооруп калса же сапарда болсо, анда (орозо кармай албаган күндөрүнүн) санагын башка күндөрдө кармайт. Орозо кармоодон кыйнала турган кишилер (карылык же алсыздыгы себептүү) бей-бечаранын бир күндүк тамагынын өлчөмүндө кайыр-садага берүүлөрү зарыл. Анан ким өз ыктыяры менен артыкча жакшылык кылса (зарыл болгондон артыгыраак садага кылса) өзүнө жакшы» (Бакара сүрөөсү).

ОРОЗОНУН ПАРЗЫ ҮЧӨӨ
Орозонун парзы үчөө. Алар – орозо кармоого ниет кылуу, белгиленген убакыт ичинде тамактануудан баш тартуу, жыныстык катнаштан алыс болуу.
Ниет кылбай туруп бир күн бою тамак ичпей-жебей, жыныстык катнашка жакындабай жүрсө, орозо кармады деп эсептелбейт.
Орозону көңүлү менен ниет кылгандан мурун, тил менен дуба кылган туура болот. “Навайту ан-асуума-савма шахри рамазана минал фажри илал магриби халисан лиллахи таала”,- деп айтып ниет кылынат. Бул болсо “Алла Таала үчүн орозону таң аткандан күн батканча кармоого чын ыкласым менен ниет кылам” дегенди билдирет.

ОРОЗО КАРМОО УЧУРУНДА ООРУП КАЛСАҢЫЗ…
Орозону билип туруп бузган (каффарат) адам бир кулду эркиндикке чыгаруусу керек. Ага кудурети жетпесе, 60 күн үзбөстөн (бир күн бузабы же андан көп бузабы) орозо кармоого туура келет.
Эгер оорукчан адам болсо, орозо кармабастан 60 жарды, бей-бечарага тамак-аш бериши керек.
Эгер бир адам орозосун каза кылып алып, 60 күн орозону кармай баштаганда бир күн ачып алса, үзбөстөн кайра 60 күн орозо кармашы зарыл.
Оозго кар же жамгыр кирип жутуп алса дагы орозо бузулат. Анда ал киши ошол күнү үчүн кийин бир күн орозо тутуп берет.
Эгерде адам баланча ишим орундалса, баланча убактысында орозо кармаймын деп назир (сөз берсе) айтса, ал киши айткан назирин (сөзүн) аткаруусу кажет.
Рамазан айынан тышкары орозо кармоо – чоң сооп.
Мухаммед пайгамбар Рамазан айынан сырткары жылдын башка убакыттарында аптанын дүйшөмбү, бейшемби күндөрү орозо кармаган. Ошондуктан өз ыктыяры менен орозо туткусу келгендер дүйшөмбү, бейшемби күндөрү кармаса, чоң сооп болот.

КАНДАЙ КҮНДӨРДӨ ОРОЗО КАРМОО МАКҮРӨӨ?
Орозо кармоо – чоң сооп. Бирок Орозо айт жана Курман айт майрамдарында орозо тутуу макүрөө (арам менен адалдын ортосундагы нерсе). Анткени бул күндөрдү Алла Таала бизге мейман күтүп бири-бирин сыйлашсын, жеп-ичип кубанышсын деп берген. Курман айттан кийинки үч күндө жана бир гана жума күнү (Рамазандан сырткары) орозо кармоо макүрөө болот. Жума күнүнө эки-үч күн кошуп орозо тутса, макүрөө болуп эсептелбейт.
Ниет кылуу менен Напил (Рамазандан сырткары) орозого киришкенден кийин бузса дагы макүрөө. Напил орозо кармаган күндөрү конокко барганда же үйгө конок келсе, мейман капа болбошу үчүн бешимге чейин бузса болот. Шариятта Напил орозосун бузууга болгону менен, Рамазан орозосунда катуу оору жана сапарга чыгуу себептеринин негизинде гана бузууга уруксат. Меймандын келишинен улам ачылган орозону башка күнгө кармап беришке милдеттүү. Бешимден кийин Напил орозонун бузулбаганы дурус.

СААРЛЫКТА ООЗДУ БЕКИТҮҮ ДУБАСЫ:
“Навайту ан асуума савма шахри рамадана минал фажри илал магриби, халисан лиллахи тьала, Аллаху акбар”.
Кыргызча мааниси:
“Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн таң аткандан күн батканга чейин Рамазан айынын орозосун кармоого ниет кылдым, Аллаху акбар”.

ИФТАРДА ООЗДУ АЧУУ ДУБАСЫ:
“Аллахумма лака сумту, ва бика ааманту, ва алайка таваккалту, ва алаа ризкика афтарту, фагфирли ма коддамту ва маа аххарту, бирохматика йа архамар роохимиин”.
Кыргызча мааниси:
“Аллахым, өзүң үчүн орозо кармадым, өзүңө чындап ишендим, өзүңө таяндым, өзүң берген ырыскы менен ооз ачуудамын, баштан-аяк кетирген ката, күнөөлөрүмдү кечир”.
Рамазан айынын 26сынан 27сине караган түн – Кадыр түн.
Көрсөтүлгөн убакыттар Бишкек убактысы менен берилди. Ош аймагы 15 мүнөт кийин.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
askim
2015-06-18 13:36:11
шилекейди жутса орозо бузулабы..(
0
№ 407, 20-26-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан