БАДЫРАҢ БӨЙРӨКТӨГҮ КУМДАН АРЫЛТАТ

Элдик медицинадан

Алгач бышкан чоң бадыраңдардын уругун чогултуу зарыл. Жууп, кургатыңыз. Анан 1 стакан урукту майдалап, аны термоско салыңыз. Эми үстүнө 1 литр кайнак суу куюп, демдеңиз. Буга бал кошсо да болот. Тундурманы бир күндө бөлүп-бөлүп ичип, түгөтүү сунушталат. Тундурма бөйрөктөгү кумду чыгарып, тазалайт. Муну 3-4 жылда бир гана жолу жасоо кажет.

АРЫКТАП ЖАТКАНДАР ҮЧҮН СУЮК ТАМАК
Айранга кайнаган суу кошуп, ага укроп же петрушка кошуңуз. Буга 1 жумуртка, шалгам, жаңы бадыраң кошсо да болот. Болгону, туз, мурч, калемпир кошпоо керек. Мындай суюк тамак табитти кандайдыр бир деңгээлде басат. Анан дагы ичеги менен боорду тазалайт.

АРИТМИЯ ҮЧҮН ДЕСЕРТ
Аритмияда (жүрөктүн кагышынын бузулушу) бирдей өлчөмдөгү алма менен пиязды сүргүчтөн өткөрүү керек. Анан даяр дарыны 1 күндө 2 маал 1 аш кашыктан кабыл алуу зарыл. Дарылануу курсу 1 ай. Жыйынтыгында, жүрөктүн кагышы калыпка келет.

ТАМАНГА СӨӨЛ ЧЫКСА...
Сөөлдөн арылуу үчүн орус элдик медицинасы ылайдан токоч жасап тартууну сунуштайт. Болгону, топуракка суу эмес, сүттүн сары суусун кошуу зарыл. Акырын аралаштыруу менен буга калемпир кошулат. Таманга тартылган ылай токочту кургагыча кармоо кажет. Муну сөөл кеткиче кайталоо керек.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Mekush87
2016-09-10 16:37:08
бадырандын уругун канча ай или кун ичиш керек жазып коюнуздарчы
0
№ 407, 20-26-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан