Канат Жумадылов, хирург: “ЛАПАРОСКОПИЯДАН КИЙИН БЕЙТАП 3-4 СААТТА ЭЛЕ БАСЫП КЕТЕТ”

Мамлекеттин өнүгүшү үчүн калктын саламаттыгы башкы орунда. Медицина тармагы өнүккөн, керектүү аппараттары, жабдыктары жетиштүү өлкөлөрдүн элинде ден соолукка байланыштуу маселе оңоюраак чечилет. Мисалы, Кыргызстанда оор операцияларды жасатуу үчүн бейтапты чет өлкөгө алып баруу керек деп жардам сурагандарды көрүп эле жүрөбүз. Андыктан өлкөнүн медицина тармагына керектүү аппараттарды алуу учурдун талабы болуп турат.

“ЛАПАРОСКОПИЯ – МЕДИЦИНА ТАРМАГЫНДАГЫ ӨНҮГҮП ЖАТКАН ЫКМА”

Адамдын өмүрүндөгү эң башкы байлык – ден соолук. Адамдын саламаттыгы болбосо өмүр да коркунучка кептелет. Ошондуктан калктын саламаттыгына инвестиция жасоо – бул эң негизги маселе болуп саналат. Бул үчүн өз ишин билген билимдүү адистер, медициналык дары-дармек жана жабдыктар жетиштүү болушу керек. “Кумтөр Голд Компани” Кызыл-Суу айылындагы райондук ооруканага Германияда жасалган лапароскоп жабдыгын алып берип, учурда бейтаптарга ар түрдүү операциялар жасалууда. Лапароскоп аппараты алынгандан кийин Ысык-Көл облусунун бардык райондорунан келип дарылангандар да көбөйүүдө. Лапароскоп аппараты менен операция жасоо медицинадагы заманбап ыкма болуп саналат. Мунун артыкчылыгы – адамдын ички органдарына операция жасоодо денени медициналык жабдыктар бата тургандай кылып чоң кесип отурбастан, кичинекей тешиктен эле операция жасоо болуп саналат. Лапароскопия ыкмасында бейтаптын денесинде 0,5-1,5 сантиметрге чейин гана жер тешилет. Бейтап операциядан кийин тез калыбына келип, тешилген жер ылдам айыгышы да шартталат. Канат Жумадылов учурда аппаратты колдонуп бир топ бейтаптын саламаттыгына салым кошуп жаткан учуру. Ал жасалып жаткан иштер тууралуу буларга токтолду:

– "Кумтөр" компаниясы белек кылып берген лапароскоп аппараты райондордон бизде гана бар. Балыкчы жана Каракол шаарларында бар, бирок Орусия чыгарган аппарат дешти, ал эми биздики Германия чыгарган акыркы үлгүдөгү жабдык. Бул аппараттын жардамы менен биз бардык хирургиялык жана гинекологиялык операцияларды жасайбыз. Лапароскопия ыкмасы дүйнөдө өнүгүп келе жаткан ыкма. Ал эми биздин район үчүн дүйнөлүк стандарттагы ыкманын келиши эң чоң жетишкендик десем болот. Алгач бейтаптын кайсы органына операция жасалышы керек экенин аныктап алабыз. Дарт аныкталган тушту тешип, аппараттын жардамы менен операция жасап баштайбыз. Мисалы, кечээ бир бейтаптын өтүнө операция жасалган. Түштөн кийин наркоздон ойгонуп, 3-4 сааттан кийин өз алдынча басып кетти. Бүгүн өз алдынча отуруп, өйдө-ылдый болуп кыймылдап басып жүрөт.

“АППАРАТ 70 МИҢ ЕВРО ТУРАТ”

Канат Жумадылов бизди 1-2 бейтап менен жолуктуруп, алардын абалы менен тааныштырган соң шашылыш кезектеги операцияга кирип кетти. Биз болсо Жети-Өгүз районунун акиминин биринчи орун басары Уланбек Далиев менен маектештик.

– Жети-Өгүз районунда калктын саны 100 миңден ашып калды, айылдардын саны – 43. Биз турган райондук ооруканадан тышкары бул жакта 6 ФАП (фельдшердик-акушердик пункт), 6 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бар. Канат Жумадылов биздин ооруканага башкы врач катары келген. Ал жогорку категориядагы дарыгер, медицина илимдеринин кандидаты. Биздин районго мындай дасыккан адис келгенден кийин ага тиешелүү шарттарды түзүп беришибиз керек да. Бул себептен биз район жетекчилиги комиссия түзүп, “Кумтөргө” сунуш бергенбиз. Алар дагы биздин сунушту карап чыгышып, маселенин актуалдуулугун байкап, лапароскоп аппаратына акча бөлүп берди. Болжол менен 70 миң еврого алып келинди (5 783 824 сом). Буга чейин керектүү жабдыктар жетишсиз болгондуктан операцияга муктаж бейтаптардын көпчүлүгү Бишкекке барышчу. Ошондой эле Караколго барып дарыланышчу, бирок облус чоң болгондуктан кезек күтүп, адамдардын саны да көп болчу. Азыр, тескерисинче, башка райондордон биздин районго келип операция жасаткандар бар.

Гүлжан Асанкожоева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 887, 31-октябрь-6-ноябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан