Учурда декоративдик косметикага караганда териге кам көрүүчү косметикалык каражаттар популярдуу. Косметикалык каражаттардын сыртында коллаген деген жазуусу барын сунуштоо сатуучулар үчүн да көнүмүш адатка айланган. Коллаген деген эмне жана ал эмне үчүн керек?
КОЛЛАГЕН ЭМНЕ ҮЧҮН КЕРЕК?
Косметикалык каражат өндүрүүчүлөр коллаген затын “жаштыктын белогу” деп аташат. Адамдын терисиндеги коллаген затынын деңгээли канчалык жогору болсо картаюу, бетке бырыш түшүү ошончолук кеч жүрөт дешет.
Организмдеги коллаген затынын жетиштүү курамда болушу теринин серпилгич, чоюлчаак, жылма жана ар дайым тонуста болуусун шарттайт.
Ал эми анын жетишсиздиги теринин серпилгичтигин азайтат, бет былбырак, борпоң болуп калат, бырыштар пайда болуп, беттин формасы бузулуп, тери ылдый тартыла баштайт (салаңдап). Бет эле эмес, моюн, колдун терилери да ушундай эле көйгөйлөргө жалпы туш болот.
Адамдын жашы өткөн сайын теридеги коллаген заты азая баштайт. Бул мыйзам ченемдүү фактор. Ал эми анын ого бетер азайышына күндүн зыяндуу нурлары (ошон үчүн SPF бет майларын колдонуу керек), суюктукту аз ичип терини кургатуу, спирт ичимдиктерин көп ичүү, чылым чегүү, уйкусуздук жана үзгүлтүксүз стрессте жүрүү, белоктун жетишсиздиги себеп.
КОЛЛАГЕН КӨП БОЛУШУ ҮЧҮН ЭМНЕ ЖЕШ КЕРЕК?
Адам ушундай компоненттер менен организмин толуктап тургандан тышкары, албетте, кам көрүүчү косметикалык каражаттардын да кызматынан пайдаланып туруусу кажет.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg