“16 жаштагы окуучу жигит менен кыз асынып каза болушту” деген маалымат өспүрүмдөр арасындагы суицид темасынын кайра көтөрүлүшүнө себеп болду. 9-октябрь күнү Аксы районунда 16 жаштагы Азимбек аттуу окуучу жипке муунуп жанын кыйса, анын артынан сүйлөшүп жүргөн кызы 11-октябрда суицидге барган. Маркум Азимбектин апасы “уулум тартиптүү болчу. Мугалимдер аны өз жанын кыйганга чейин жеткире турган сөз айтышыптыр” дейт. Мугалимдер бул маалыматты четке кагууда.
“ӨСПҮРҮМДӨРДҮН АТА-ЭНЕЛЕРИ ЭЧ КИМГЕ ДОО АРЫЗЫ ЖОК ЭКЕНИН АЙТКАН”
Аксы райондук ички иштер бөлүмүнөн бул окуя тууралуу эч ким арыз жазбагандыгын билдирди.
– 9-октябрь күнү Аксы РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Аксы районунун Кашка-Суу айылында 9-класста окуган бала асынып каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ өспүрүм өз үйүнүн мал сарайында асынганын аныкташкан. Денеге алгачкы кароо жүргүзүшкөндө күч колдонуу белгилери болгон эмес. Териштирүү иштеринде окуядан 2-3 күн мурун мектептин мугалими окуучунун уюлдук телефонун сабак убагында колдонгондуктан алып койгону, “ата-энеңди чакырып кел, эмне себептен телефонду колдонуп жатасың?” деп, ага түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнү маалым болду. Кийин окуучу мектептен чыгып баратып досуна “көйгөйлөр көбөйүп кетти” деп айтыптыр. Окуучу болжол менен саат 14:00дө асынган. Ата-энеси бул окуя боюнча эч кимге доосу жок экенин айтып, арыз жазуудан жана баланын сөөгүн медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышкан. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “өзүн-өзү өлтүрүү” беренеси менен катталган.
11-октябрь күнү Таш-Көмүр ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө дагы бир өлүм тууралуу маалымат келип түшкөн. Анда 16 жаштагы кыз үйүндөгү мал сарайда асынып алган. Кыздын жанынан кат табылып, анда кыз апасынан кечирим сурап, каза болгон баланын артынан асынганын жазган. Кийинчерээк кыз менен бала сүйлөшүп жүргөнү аныкталды. Окуучу кыздын ата-энеси дагы эч кимге доосу жок экенин билдирди.
“МИЛИЦИЯ МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТТЫ ЖАШЫРУУДА”
Каза болгон окуучу баланын жакындары "милиция маанилүү нерсени жашырып койду" деп редакциябызга кайрылышты. Өзүн маркум жигиттин чоң апасымын деп тааныштырган Төрайым Сагынбаева буларга токтолду:
– Азимбек 16 жашта болчу. Ата-энеси арыз жазбай, дообуз жок деп коюшкан. Милиция маанилүү нерсени жашырып, толук эмес маалымат таратып жатат. Маалымат каражаттары туура эмес нерселерди жазып чыгышты. Мектептин тартибин көзөмөлдөөчү, өспүрүмдөр менен иштеген инспектор Азимбекти жаакка чаап, 15 миң сом алып кел деп талап кылганы тууралуу такыр сөз айтылбай жатат. Ал буга чейин балдарды экскурсияга алып чыктык деп 10000, 5000 сомдон акча чогултчу экен. Биз минтип айтып чыкпай, унчукпай койсок деле болмок. Бирок милиция туура эмес маалымат берип, күнөөлүүнү жашырып жатат.
“ФЛЕШ” ИЧКЕНИ ҮЧҮН 15 МИҢ СОМ ТӨЛӨЙСҮҢӨР ДЕПТИР”
Маркум баланын апасы Жазгүл Шадыбекова окуя болгон күнү уулун түнкү саат 11ге чейин күткөнүн, анын классташтары келип мектепте болгон окуяны айтып бергенин мындайча баяндады:
–Уулум окуган мектепте 2 жылдан бери тарбия иштери боюнча Динара деген инспектор аял иштейт экен. Окуучулар бир күн ак көйнөк кийип келбесе 100 сомдон айып пул салат экен. Унаасына балдардан акча жыйнап бензин куйдуруп жүрүптүр. Ал балдарга ушунчалык катуу мамиле кылгандыктан, окуучулар коркуп ата-энелерине айта албай жүрө беришиптир. Качан гана менин уулум каза болуп калганда классташ балдары келип, ал инспектордун жоруктарын айтып беришти.
Балам өз жанын кыйгандан бир нече күн мурун достору менен мектептен келе жатып үйгө жакын калганда дүкөндөн “флеш” (энергетикалык суусундук) деген суусундук алып ичишиптир. Ал алкоголсуз, сергитүүчү суусундук экен го? Ошондо инспектор келип калып, аны сүрөткө тартып алып коркутуптур. Ал сүрөттү WhatsApp’тан мугалимдерге таратыптыр. Анан алар атасына ошол сүрөттү жиберип, “инспекторго жолуккула” деп айтышты.
Атасы Кербен шаарына барып инспектор менен сүйлөшүптүр. Негизи күйөөм жетекчиге кирейин деп, бирок жетекчисине киргизбей коюшуптур. Ал "жетекчибизге кирсеңиз балаңыз каттоого алынат. Кирбей эле өзүбүзчө сүйлөшөлү. Уулуңуз "флеш" ичкен, ошол үчүн 15 миң сом айып салып жатабыз. "Флеш" деген тыюу салынган ичимдик” дептир. Күйөөмдүн чөнтөгүндө болгону 500 сому бар экен, ошону алып чыгып, "баламдын да, өзүмдүн да атымдан кечирим сурайм, ушуну менен эле бүтүрөлү" десе болбой коюшуптур.
“МУГАЛИМДЕРИ ЖАМАН СӨЗДӨР МЕНЕН БАСЫНТЫШЫПТЫР”
– Ошол окуядан 2-3 күн өткөндөн кийин мектептен баламдын телефонун мугалими алып коюптур. Улуу балам ооруп Бишкекте болчу. Азимбек ошол байкесине чалып акыбалын сурайын деген экен. Балам эжесине “операциядан чыккан байкем менен сүйлөшөйүн деп алып келгем, кечирип коюңуз” деп телефонун сурап барса, түшүнүк кат жаздырып, колундагы кагазын жулуп алып ыргытып, окуучулардын көзүнчө айтпаганды айтып тилдептир. Анын телефонун алып койгон мугалимдердин бири социалдык педагог, бири болсо окуу бөлүмүнүн башчысы экен. Балам окуядан кийин түз эле сарайга барып өзүн асып алыптыр. Ошол күнү түнгө чейин кечикти. Саат 11ге жакын баламдын классташтары келип, “мугалимдер аны телефон колдонгону үчүн урушуп, түшүнүк кат жаздырып, милицияга каттоого алдырабыз деп коркутканда кетип калган” дешти. Ошондон кийин Азимбекти ызы-чуу түшүп издеп жүрүп, сарайдан асынып алган абалда таптык.
Мектеп мугалимдеринин мындай мамилесинен улам тиешелүү жактарга арыз жазалы дедик. Бирок күйөөм "кечиримдүү бололу, Кудайга койдук" деп токтотуп койду. Ошентип милицияга да арыз жазылбай, иш ачылбай калды. Мугалимдери Азимбектин телефонун жеткизип келип уулумду тилдегенин бири-бирине шылтап, актанып кетишти. Өздөрүн суудан кургак чыгаруу максатында “Азимбек телефонун мектепке алып барып мугалимдерине алдырып ийсе, телефондун айынан атасы апасын сабап, бала ошон үчүн асынып алыптыр” деген сөздөрдү чыгарышыптыр. Классташ балдары инспектордун кылган мамилесин да, мугалимдердин айткан сөздөрүн да өздөрү келип айтып беришти. Мен алардан талап кылып айттырган жокмун. Мугалимдери болсо танып жатышат.
“СҮЙЛӨШКӨН КЫЗЫНЫН ТАЕНЕСИ УШУЛ АЙЫЛДА ЖАШАЙТ ЭКЕН”
– Балам мектепте жакшы окучу. Быйыл 9-классты бүтүрүп, архитектордун окуусун окуйм деп жаткан. Прокурор болом деп да калчу. Мектепте бейбаштык кылып, мугалимдер менен айтышкан, начар окуган балдар деле окуп бүтүрүп жатышат го. Балам тартипсиз же жаман окуган бала эмес эле. 4 уул 1 кызым бар, Азимбек үчүнчүсү болчу. Азимбектин артынан өзүн асып алган кызды тааныбайм. Биздин айылда анын таенеси жашайт экен. Каникулда ошол жакка келип-кетип жүргөндө таанышыптыр. Ал катына “Азимбек жок болсо мен да жашай албайм” деп жазган экен. Биз баламдын күйүтү менен жүрүп андай окуяны кеч уктук. Экөөнүн сүйлөшүп жүргөнүн деле билчү эмеспиз.
“АТА-ЭНЕЛЕР БАЛДАР МЕКТЕПКЕ ТЕЛЕФОН АЛЫП БАРЫШПАСЫН ДЕП ТАЛАП КЫЛЫШАТ”
Ал эми Азимбектин класс жетекчиси (атын атабоону суранды) айтылып жаткан маалыматтар жалган деп, буларга токолду:
– Азимбек окуган классты жетекчиликке алганыма 15 күн эле болгон. Азимбек тартип бузбаган, кулк-мүнөзү жакшы бала болчу. Мугалимдер кол көтөрүп, тилдей турган бала эмес эле. Ал күнү мектеп парламенти жалпы эле окуучуларды текшерип, телефондорун жыйнап жүрүшкөн. Бир эле Азимбектин телефонун алган эмес. Себеби ата-энелер комитетинин чогулушунда өздөрү балдарга телефон колдонгонго уруксат берилбесин деп чечишкен. Окуу бөлүмүнүн башчысы менен социалдык педагог Азимбекке түшүнүк кат жаздырышканын эртеси күнү окуучулардан уктум. Ага чейинки энергетикалык суусундук боюнча Азим суусундукту үйүнүн жанында, сабактан кийин ичкени үчүн мен аралашкан эмесмин. Канча сом айып пул салынганын билбейм.
Мектептин директору жетекчилик кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бирок ал өз предмети боюнча сабак берип иштеп жатат. Себеби ал тажрыйбалуу кадр, райондо төбөсү көрүнгөн тарыхчы. Азимбекке былтыр алгебрадан сабак бергем, "4кө" окучу. Бул жылы башка сабактарынан бирин-серин "3" аралашып баштаган. Бирок тартиби начар болчу дей албайм. Бир нерсе айтсаң макул деп дароо жасаган элпек бала эле. Менден мурдагы класс жетекчиси аны балдар кеңешинин жетекчиси кылып дайындаган экен. Мектепке маселе жарата турган окуучу эмес эле. Анын асынып алышына мугалимдердин тилдеп койгону себеп деп ойлобойм.
Инспектор кызматкери окуучунун энергетикалык суусундук ичкени үчүн айып пул салуусу боюнча ОИИБге кайрылдык. Алар бул окуя боюнча кызматтык иликтөө учурунда эч ким мындай көрсөтмө берген эмес деп, аты аталган инспекторго өзү тейлеген аймакта суициддин алдын ала албагандыгы үчүн кызматтык жаза берилгенин айтышты. Башкача айтканда, ал жетекчилик тарабынан сөгүш алып гана чектелген. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин “Өзгөчө бөлүгүндө” 136-берене (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) каралган. Бир эмес, эки өспүрүм каза болгон бул окуяда укук коргоо органдары "арыз келип түшкөн жок" деген жүйө менен гана чектелди.
Айпери Хожаева
koom@super.kg