ЖҮГӨРҮ ЖАНА АНЫН ПАЙДАСЫ

Билип ал

СССР кезинде Никита Хрущёв “жүгөрүнүн атасы” атка конгон эле. Жүгөрүгө чоң маани берүүнү да элге ошол үйрөткөн. Жүгөрүдө кандай витаминдер бар жана алар организмге кандай таасир тийгизет?

Курамындагы витаминдер.
Жүгөрү жүрөк-кан тамыр системасынын калыптагыдай иштөөсү үчүн зарыл болгон К витаминине бай. Андыктан жүгөрүнү көп өстүргөн өлкөнүн калкы жүрөк-кан тамыр оорулары менен аз оорушат. Жүгөрү – эрте картаюунун алдын алып, чачтын жана теринин абалын жакшыртуучу Е витамининин казынасы. Нерв системасын бекемдөөчү В витаминин, иммунитетти көтөрүүчү С, сөөктү бекемдөөчү Д витаминин жана темир, калий, кальций жана магний сыяктуу пайдалуу заттарды да жүгөрүдөн табууга болот.
Диетологдор жүгөрүнү организмден ашыкча холестеринди чыгара алгандыгы үчүн баалашат. Жүгөрү майы тамакка болгон табитти төмөндөтөт. Андыктан аны арыктоодо да колдонушат.

Колдонулушу.
Жүгөрү илгертен тамак-ашка жана тоют катары кеңири колдонулуп келет. Мисалы, поп-корн кийинчерээк гана популярдуулукка ээ болсо, ал мындан 5000 жыл мурун эле америкалык индейлердин негизги тамагы болгон.
Жүгөрүнүн медицинада да өз орду бар экенин кошо кетели. Мисалы, жүгөрүнүн чачыгы боор менен өттүн иштөөсүн жөнгө сала тургандыктан, аны холецистит жана гепатит ооорусу барлар кайнатып ичишсе болот. Жараны айыктырууда да салымы чоң болгондуктан, дерматит оорусу барлар тамак-ашка (мисалы, салатка) колдонсо жакшы.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 407, 20-26-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан