ПСОРИАЗДЫ АЛЛЕРГИЯ, ГРИПП, ИЧТЕГИ МИТЕ КУРТТАР ЖАРАТАТ

Кычыштыруу, орутуу менен коштолуп, тынымсыз көшөрлөнүп дарыланууга аргасыз кылчу илдет бар. Ал псориаз оорусу. Бул дарт жана анын алдын алуу тууралуу Республикалык дерматовенерологиялык борбордун кызматкери, врач дерматолог-венеролог Кундузбек Тургунбеков айтып берди.

ТЕРИНИН КЛЕТКАЛАРЫ МЕЗГИЛИНЕН ЭРТЕ ЖАРАЛЫП, ТОПТОЛО БАШТАЙТ

Псориаз – байыркы гректердин сөзү, бизче которгондо “кычыткы” дегенди билдирет. Теринин өнөкөт түрдөгү оорусу жана адамдан адамга жукпайт.

Теринин сырткы катмары “эпидермис” деп аталат жана ал кератиноцит клеткаларынан түзүлөт. Аталган клеткалар териге өң берүүчү кератинди бөлүп чыгарат. Кератиноциттер эпидермистин түпкүрүндө жаралып, акырындап жетилүү менен өйдөгө көтөрүлө баштайт. Эң акырында эпидермистин сыртына чыгып, канча бир убактан соң өлөт. Бул процесске 28-30 күн кетет. Өлгөн клеткалардын ордун жаңылары басат. Псориаз дартында аталган процесске 3-6 күн кетет. Өлгөн клеткалар түртүлүп түшүүнүн ордуна топтоло берет да кабырчыктуу жараны түзүп калышат. Кызаруу, кычышуу, кабырчыктуу жаралар эпидермисти гана эмес, теринин терең катмары болгон дерманы да жабыркатат. Жыйынтыгында дерма сезгенет жана шишийт. Дермада нервдер, кан тамырлар, лимфа бездери жайгашкан. Демек, алар да жабыркайт.

Псориаз оорусу мына ушинтип кератиноциттердин активдешип кетүүсүнөн жаралат. Алардын активдешип кетүүсүнө эмнелер себеп болору тууралуу медицинада так маалыматтар жок. Бирок болжолдуу факторлору бар.

ДАРТТЫН ПАЙДА БОЛУШУНА ТААСИР БЕРЧҮ ФАКТОРЛОР

1. Тукум куучулук

Ата-энесинин биринде псориаз болсо да айрымдар бул дарт менен оорубайт. Ген – бул лотерея. Оору кимге өтөт, кимге өтпөйт эч ким айта албайт.

2. Стресс, аллергия

3. Инфекциялар (вирустар, бактериялар, грибоктор жана алар жараткан оорулар. Көбүнчө ангина, гайморит, ашказан-ичеги, бөйрөк, өт оорулары, грипп)

4. Башка факторлор

Айрым дары-дармектердин, өзгөчө жүрөк-кан тамыр ооруларында ичилүүчү түрлөрүнүн терс таасири

Экологиясы начар жерде жашоо

Тамак-аштын жана кийимдин сапатынын төмөндүгү (синтетика жана жууганда боёгу көп чыкчу кийимдер)

Метаболизмдин начардыгы

Идиш жана кир жуучу химиялык каражаттарды көп колдонуу же аларды сатып иштөө

Теринин жаракатка көп кабылышы (тытылуу, чийилүү, сыйрылуу), күйүк

Ичтеги мите курттар

Климат алмаштыруу

ООРУНУН ЖАЛПЫ БЕЛГИЛЕРИ

Териде кызыл же кызгылт түстөгү тегерек тактар пайда болот жана алардын саны көбөйөт. Бети кургак кабырчыктар менен капталып, кычыштырат

Кабырчыктар калыңдап, жарага айланып, кычыштыруу күчөйт

Жаранын бети жарылат

Кабырчыктар сыйрылганда теринин бети кызарып, жылтырап канталап калат

Оору курчуганда...

Дене табы көтөрүлөт, ички бездер чоңоёт

Тырмактардын өңү өчүп калыңдайт, чуңкураят

Кайсы дене бөлүктөрүндө көп кездешет?

Баш, алакан, чыканак

Бел, жамбаш

Жыныстык органдардын аймагы

Тизе, таман

ПСОРИАЗДЫН ТҮРЛӨРҮ

1. Жөнөкөй псориаз. Ооругандардын 85-90 пайызы ушул түрүнөн жабыркайт (жаранын өңү кызыл түстө болуп, өлчөмү 1-2 миллиметрден баштап чоңоё берет. Көбүнчө чыканак менен тизеде кездешет).

2. Тамчы сымал псориаз (көп сандаган майда кабырчыктуу жаралар болот)

3. Экссудативдүү (кыпкызыл болуп нымдалышып турат)

4. Артропатиялык (псориаз алгач чоң, кийин майда муундарды жабыркатат. Муундар бир аз кыйшаят, адам көп кыймылдай албай калат)

5. Гипс өңдүү (жаранын бети ак-ала көрүнөт)

6. Папилломатоздуу (сөөл сыяктуу)

7. Эритордермиялык (кызыл өңдөгү жара түрүндө)

8. Себореялык (майлуу карт сымал көрүнүштө. Чачта, дененин түк өскөн жерлеринде кездешет)

9. Тырмак псориазы

10. Алакан жана таман псориазы

11. Географиялык форма түрүндөгү (майда жаралар чоңдору менен кошулуп отуруп жайылып, чоң аймакты ээлеп калат. Жалпы көрүнүшү географиялык картага окшоп калат).

ДИАГНОЗ

Терини, ички органдарды текшерүү

Кабырчыктуу жаранын бетин кырып алып текшерүү

Жаранын клеткасынан чымчып үзүп алып текшерүү (биопсия).

ДАРЫЛОО

Аллергияга, сезгенүүгө каршы жана иммунитетти калыпка келтирүүчү дары-дармектер

Терини нымдандыруучу каражаттар

Диета. Псориазда боорго көп күч келет. Андыктан куурулган, ачуу, майлуу, ышталган, туздалган, таттуу тамак-аштарды жебөө, газдалган суусундуктарды ичпөө керек. Жашылча-жемиш түрлөрүнөн врач сунуштагандарын гана жеш зарыл

Гормоналдык терапия

Ультра көк-сыя нурлар менен дарылоо (ультрафиолет лампасы)

Ашказан-ичегини тазалоо

Витаминдер жана башка

ООРУНУ ЭМНЕЛЕР КҮЧӨТҮП ЖИБЕРЕТ?

Суук жана кургак аба ырайы

Күн нуру алдында ашыкча жүрүү

Чаң, аллергияны чакыруучу чөптөр, ит-мышык жүндөрү

Идиш жана кийим жуучу каражаттар (кол кап кийип жуу керек)

Теринин тытылышы, кесилиши, курт-кумурсканын чагышы, күйүк, татуировка жасатуу

Спирттик ичимдиктер, тамеки чегүү

Стресс

Диетанын бузулушу

БЕЙТАПТАР ДАГЫ ЭМНЕЛЕРДИ БИЛИП, АТКАРЫШЫ ЗАРЫЛ?

Жылуу кийинүү

Башка оорулардан, суукка урунуудан өзүн сактоо

Салмакты көзөмөлдөө. Семирүү май бездеринин иштөөсүн бузуп, теринин абалын ого бетер начарлатат

Көнүгүүлөрдү жасоо. Күнүгө жок дегенде 30 мүнөт жасоо зарыл

Пахтадан тигилген жумшак, кенен кийим кийүү

Терини туура күтүп, нымдандыруучу каражаттарды колдонуу. Мончого түшкөндө катуу жышкычтарды колдонбой, аарчынганда сүлгүнү денеге акырындан басып кургатуу сунушталат

Суюктукту, кадимки сууну көп ичүү

Курортто, санаторийде дарылануу. Оору жазда жана күздө курчуйт. Андыктан жайында иммунитетти көтөрүү үчүн курортко, санаторийге баруу кажет. Мүмкүн болушунча деңиздин туздуу абасы менен дем алып, деңиз суусунда киринүү зарыл.

ЧҮНЧҮҮ МЕНЕН СТРЕССТЕН БАШКА ООРУЛАР ЖАРАЛАТ

Псориазды айыктыруу кыйын болгондуктан тынбай дарыланууну талап кылат. Бейтаптар денесиндеги жаралардан улам чүнчүп, элден корунат. Бул туура эмес, оору башкаларга жукпагандыгын эске алып, коомго аралаша берүү кажет. Оорудан уялуунун ордуна аны менен күрөшүү зарыл. Оорунун белгилери билинер замат текшерилип, дарыланып баштоо керек. Псориаз менен ооругандар кейип-кепчип, ойлонуп, стресске кабылышса оорусунун үстүнө жогорку кан басым жана кант диабетин кошуп алуулары мүмкүн. Психологдор “тери оорулары, анын ичинде псориаз адам өзүн сырткы дүйнөдөн жана чөйрөдөгүлөрдөн коргой албай жаткандыгынын белгиси. Тери оорусуна өз оюн ачык айта албаган, өзүн башкалардан төмөн сезген, тартынчаак, коркок, стресстен чыгуу жолдорун билбеген адамдар чалдыгат. Андайлар өзүн баалоону, оюн ачык айтууну, стресстен чыгуу жолдорун үйрөнүүлөрү керек” дешет. Андыктан психологдон да кеңеш алуу сунушталат.

ДАРТТЫН АЛДЫН АЛУУ

• Иммунитетти чыңдоо, спорт менен алектенүү

• Туура жана витаминдүү тамактануу

• Ооруганда дароо дарылануу

• Стресстин алдын алуу

• Жаман адаттардан арылуу

• Синтетика жана денеге чыпталышкан тар кийим кийбөө жана башка.

Канымжан Усупбаева
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 888, 7-13-ноябарь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан