"КАЙРА ЖАРАЛУУ: ЭРТУГРУЛ". Түрктөрдүн тарыхый сериалы тууралуу баян

"Кайра жаралуу: Эртугрул" түрк сериалынын чыныгы фанаттары кыргыздарда да көп. Дүйнөгө белгилүү болгон, 60тан ашуун мамлекетке сатылган, рейтинг боюнча жогору турган сериалда вандык кыргыздардын салымы чоң. Андан сиз боз үйлөрдү, комуздун үнүн жана монгол жоокерлеринин образын жараткан кыргыздарды көрө аласыз.

Жанры –
тарыхый драма

Продюсери – Мехмет Боздаг

Сценарийин жазган – Атилла Энгин

Режиссёру – Метин Гюней, Хакан Арслан

Узактыгы – 5 сезон, 150 серия (ар бир серия 1 саат 20 мүнөттөн), сериал 5 жыл эфирде көрсөтүлдү.

КЫЗЫКТАР...

► Эртугрулга Гази аттуу кошумча ысым мусулмандарды колдоп күрөш жүргүзгөнү үчүн титул катары берилген.

► Сериалда бир дагы эротикалык эпизод жок.

► Тасма мамлекеттин бюджетинин эсебинен тартылган.

► Тасмада ат, марал, элик, кой, тоту куш, каздардын баарын атайы фермага кармап багышкан.

► Ал эми учурда Эртугрулдун баласы Осмон Гази (Осмон империясын негиздеген адам) тууралуу “Курулган Осмон” сериалы эфирге чыкты. Мында Осмондун ролун атактуу Бурак Өзчивит ойногон. Бул сериалды "Кайра жаралуу: Эртугрулдун" уландысы десек болот.

«ДАҢАЗАЛУУ ДООРГО ЧЕЙИНКИ ТАРЫХ

“Даңазалуу доор” сериалы популярдуу болгондон кийин түрктөрдө тарыхый китептерге, тасмаларга, сериалдарга талап кескин өскөн. «Tekden Film» студиясы тартуулаган "Кайра жаралуу: Эртугрул" сериалында “Даңазалуу доорго” чейинки, Осмон империясы курула элек учурдагы түрк элинин тарыхы сүрөттөлөт.

1225-жыл. Көчмөн түрк-огуз уруусу монголдор басып алгандан кийин Орто Азияны таштап башка жерлерге көчүп кетүүгө аргасыз болушат. Кайи уруусунун башчысы Сулейман шахтын уулу Эртугрул мергенчилик учурунда византиялыктар туткундап бара жаткан үч адамдын өмүрүн сактап калат. Чыр ошондон башталат. Согушууда византиялыктардын даражалуу адамынын баласы каза болот. Бир жактан, византиялыктар, экинчи жактан, селжуктардын (түрк урууларынын бири) кол салуусу, үчүнчү жактан, элинин кыштаар кыштоосу жок, кайи уруусу оор күндөрдү башынан өткөрүп жаткан. Эртугрул элин кыштан аман сактап калуу үчүн Алеппонун шахына жер сурап барып, баатырлыгы, сөзүнө турган сапаты менен жагып, жер алат.

Үч туткундун бири Халиме аттуу кызды Эртугрул сүйүп калат. Эртугрулдун агасы Күндолду да амбициясы башынан ашкан жигит. Сулейман шах өлгөндөн кийин Эртугрул элди кыйын күндөрдөн куткарат. Эң күчтүү жана кубаттуу Осмон империясы Эртугрулдан баштап түптөлө баштайт. Сериалдын рейтингин тарыхый окуялар, жер талашуу, бир туугандардын келишпестиги, кыянаттык, анан, албетте, сүйүү темасы көтөргөн десек болот.

«ТҮРК КЫЗДАРЫНА КЫРГЫЗЧА БЕШ КӨКҮЛ ӨРҮШКӨН»

Тасманын өзөгүн түзгөн окуялар, доор тарых барактарында кандай болсо сериалды ошондой тартууну көздөшкөн. Тартуучу топ ушул учурда боз үйдө жашашкан Ван аймагындагы кыргыздар менен биргеликте тарта турган болушат. Сериалдан кыргыз оймолору менен боз үйлөрдү, боз үйдүн ички жасалгаларын, териден тигилген кийимдерди көрүүгө болот. Атүгүл түрк кыздарына тебетей кийгизип, чачтарын беш көкүл кылып өрүп коюшкан. Этникалык кыргыздар Ван аймагына Ооганстандан 1980-жылдары Рахманкул хандын демилгеси менен көчүрүлүп барып отурукташып калышкан. Учурда болжол менен 5 миң кыргыз жашайт. Түркия аларга жер бөлүп берип, жашоо шарттарын түзүп, Улуу Памир айылын негиздеп беришкен.

Тартуучу топ Ван аймагындагы Улуу Памир айылына келип тартуу иштерин жүргүзүшкөн. Режиссёрлор элестеткендей эле бул аймактагы жапайы табият чоң жардам берген.

Сериал эфирге чыккандан кийин вандык кыргыздарга кызыгуу жаралган. Кийизден жасалган кийимдери, асем буюмдары, сувенирлерине талап көп болуп, бизнестери жүрүшө баштаган. Ал эми кыргыз жигиттери сериалда монгол аскерлеринин ролун аткарышкан.

АЖОЛОР ЭРТУГРУЛ ТУУРАЛУУ

"Кайра жаралуу: Эртугрул” сериалынын чыныгы фанаты Венесуэла мамлекетинин президенти Николас Мадуро десек болот. Ал Стамбулга болгон сапарында тартуучу топко конок катары келип кеткен. Актёрлор менен маектешип, темир усталар менен барскан чаап устачылык кылып көргөн. Кийин президент жеке баракчасына Кайи уруусунун желегин, башында эски түрк башчыларынын баш кийимин, бармагына мөөр басыла турган шакек кийип сүрөткө түшкөн. Бул сүрөт түрк басылмаларында талкуу жаратып, сериалдын продюсери Мехмед Боздаг президент Мадурого социалдык баракчасы аркылуу ыраазычылык билдирген. “Биздин жараткан тасмабызга кызыгып, көргөнүңүз үчүн терең ыраазычылык билдиребиз” деп жазган ал өз билдирүүсүндө.

Ал эми Чечен Республикасынын президенти Рамзан Кадыров сериалды сындап чыккан. Анын айтымында, сериалда биринин аркасына экинчи адамдын бычак сайышы кыянаттыкты даңазалайт. “Агасы инисин, атасы баласын, аялы күйөөсүн сата берген кантип болсун? Эч кандай тарбиялык сабак ала турган сериал эмес. Эгерде түрктөр патриоттуулукту өнүктүрөбүз деп ойлошсо, башкача сценарий ойлоп табышы керек болчу. Акча, бийлик үчүн сатылбаш керек” деп сындаган. Кийин Кадыров пикирин өзгөртүп, тартуучу топ менен жолугушуп, кыска эпизодго өзүнүн 11 жаштагы уулу Адам Кадыровдун тартылуусуна уруксат берген.

Ал эми Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган сериал өтө мыкты деңгээлде тартылган деп баалаган. Ал тартуучу топ менен көп жолу жолугушуп, башкы каармандын ролун аткарган актёр менен селфи жасаган. Социалдык тармактарда “Эртугрул менен Эрдогандан селфи” деген талкуулар көп болгон. Эсиңиздерде болсо, Эрдоган “Даңазалуу доор” сериалы тууралуу төмөндөгүдөй терс пикирин айткан: “Кырк жыл бою белин чечпей Осмон империясын гүлдөткөн жана согушта өлгөн Султан Сулейманды сериалда гаремден чыкпаган, аялдардын маселеси менен башын ооруткан адам катары көрсөтүп койгонсуңар”. Ал эми “Эртугрулда” эр жүрөк жоокердин ролу мыкты чагылдырылганы тууралуу айткан. Кийимдер, декорация, тартылган жер да Түркия лидеринин купулуна толгон.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Mintip-menu-suybo
2019-11-11 09:37:58
Мага жагат сериал
+3
alaialaibekov
2019-11-11 11:50:47
Аябай жакшы тартылган сериал .
+3
Migrant-rf
2019-11-12 23:58:54
"Дирилиш Эртугрул" өтө мыкты тартылган. Эми "Курулуш Осмон" ду чыдамсыздык менен күтүп отурам))).
0
Akoga
2019-11-15 12:41:36
Абдан начар тажатма, мани маңызы абдан төмөн сериял.
-1
honeygirl123
2019-11-15 13:50:06
Урматтуу супер-инфонун журналисттер!
Мындай кичине эки жакты карап которсоңор боло!
"Тирилген Эртугрул" дейсиңерби? Таптакыр туура эмес которулган. Маанисине да көңүл буруп койсоңор. "Diriliş: Ertuğrul" деп аталат. "Тирилүү: Эртугрул", же "Кайра жаралуу: Эртугрул" , же болбосо "Тирилиш: Эртугрул" деп койсо да болот. Бул жерде өлүп анан тирилген Эртугрул маанисин берип калган. Фильм түрктөрдүн кайрадан күчкө ээ болуп, "тирилген&qu
+2
admin_portal
2019-11-15 14:38:30
honeygirl123, сунушуңуз эске алынды, рахмат.
0
honeygirl123
2019-11-15 13:53:25
Орустар болсо "Воскресший Эртугрул" деп коюшкан. Бир гана Иса пайгамбарды "воскресший" десе болот менин оюмча.
0
№ 888, 7-13-ноябарь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан