«KUDRET GÖZ» САЛАМАТТЫКТЫ САКТООНУ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ САЛЫМ

18 жылдык тажрыйбасы бар “Kudret” медициналык тобу тарабынан негизделген “Kudret Göz Bishkek” ооруканасы 2019-жылдын сентябрь айында өз ишин баштады. “Kudret Göz Bishkek” Кыргызстандагы көз торчосунун ооруларын аныктап, дарылаган эң алгачкы оорукана болуп эсептелет. Бул оорукана көз торчосунун түрдүү ооруларын, мисалы, көз торчосунун бөлүнүүсү, диабетикалык ретинопатия, макулярдык дистрофия, көздүн сары так оорусунун өөрчүп кетүүсү жана башка көзгө тиешелүү бардык дарттарды аныктап, дарылоо кызматтарын аткарат.

ТАЖРЫЙБАЛУУ МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИ

“Kudret Göz Bishkek” клиникасында витреоретиналдык хирургия тармагында адистешкен түрк жана кыргыз врачтары эмгектенишет. Стамбул жана Анкара шаарларында филиалдары бар “Kudret” медициналык тобу 2014-жылы иштеп баштаган. Медициналык топтун максаты – кыргызстандык пациенттерге да эл аралык стандартта иш алып барган тажрыйбалуу врачтардын кызмат көрсөтүүсүн жана жогорку технологиялык инфраструктура менен колдоно алуусун камсыздоо болгон.

“Kudret Göz Bishkek” клиникасында эмгектенип жатышкан кыргыз офтальмологдору Стамбул шаарындагы филиалдан атайын багыттамадан өтүшкөн. Алар Стамбулда колдонулган дартты аныктоо жана дарылоо боюнча ыкмаларды өздөштүрүп, тематикалык изилдөөлөрдү жүргүзүп, ага түрк кесиптештер менен бирге баа берип, ар кандай операцияларга катышууга да мүмкүнчүлүк алышкан. Көп жылдык изилдөөлөрдүн аркасында топтолгон тажрыйба менен алар кыргызстандык пациенттерге тажрыйбалуу түрк врачтарынын көзөмөлүндө кароо жүргүзүшөт. Медициналык кызматкерлерди жетектеген витреоретиналдык хирург Хусейн Авни Санисоглу. Санисоглу 30 жылдык иш тажрыйбасында офтальмологиялык хирургия боюнча
60 миңге жакын операцияларды жасаган.

РЕВОЛЮЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР

Азыркы учурда оорулардан улам көрүүнү жоготуунун көп учурларын алдын алса болот. Дартты эрте аныктоо көздүн эле эмес, жалпы организмдин саламаттыгын сактоо үчүн маанилүү. Кан басым, диабет, рак, баш мээнин шишиги жана башка оорулар көздүн саламаттыгына да таасир берет. “Kudret” медициналык тобунун башка филиалдары сыяктуу эле “Kudret Göz Bishkek” клиникасы да изилдөөлөр үчүн алдыңкы технологиялык жабдыктар менен камтылган. “Kudret Göz Bishkek” бул багытта эң мыкты делген бренддердин жабдыктарын: УЗИ, биометрия, ангиография FFA, ОСТ, көрүү талаасынын компьютерлештирилген тести, авторефрактометр жана тонометрди колдонот. Бул аппараттар көз торчосунун бөлүнүүсүн, көздүн шишигин, кан тамыр обструкциясын аныктоодо, катарактаны дарылоодо ылайыктуу линза тандоо, глаукома, миопия, гиперметропия, көз ооруларынын аномалиясын текшерүүдө, астигматизм жана башка көз ооруларын аныктоодо колдонулат.

ЖУМУШКА ЖАҢЫ КӨЗ КАРАШ: БИЙИКТИК!

“Kudret Göz Bishkek” клиникасында витреоретиналдык хирургияда маанилүү жабдыктардын бири Dorc EVA аппараты колдонулат. Dorc EVA мүнөтүнө 20-8000ге чейин кесүү операцияларын аткарат. Ылдамдыкка кошумча бул аппарат врачтарга так көзөмөлдү берет. Бул күтүлбөгөн оорчулуктарды алдын алат. Вакуум жана агым режиминде жеткиликтүү болгон аппарат ар бир хирургиялык этаптарга жардамга келет. Витрэктомияга кошумча Dorc Eva аппараттары ФЭК жана катаракта операцияларында колдонулат.

САНАРИП ПЛАТФОРМАСЫНДАГЫ ЧЕКТЕН АШУУ!

Ишенимге, ачык-айкындуулукка, сапаттуулукка байланган эки тараптуу байланыш түзүүгө аракет кылган “Kudret Göz Bishkek” өз пациенттерине санарип платформасында да кызмат көрсөтөт. Пациенттер Kudret Göz Bishkek веб-сайтындагы чат аркылуу каалаган суроолорун берип жана кароого жазыла алышат. Андан сырткары “Kudret Göz Bishkek” өзүнүн катталуучулары менен Facebook жана Instagram баракчалары аркылуу байланышта болот. Социалдык тармактар клиникада болуп жаткан акцияларды, жаңычылдыктарды жарыялоо, оорулар жана аларды дарылоо жолдору тууралуу, сунуш угуу жана диалогдун аркасында эки тараптуу ишеним платформасын түзүү үчүн колдонулат. Кошумча пациенттердин жүзүнө жылмаюу тартуулоо үчүн ар түрдүү байгелүү сынактарды уюштуруп турмакчы.

“Kudret” медициналык тобунун башкы директору Седат Бахадыр: “Башкаруу, врачтар, медайымдар, пациенттер, Түркия жана Кыргызстандын адистеринен куралган кызматкерлерибиз биригип чоң үй-бүлө. Биримдикте болгон үй-бүлө бактылуу жана күчтүү. Сиз биз менен санарип платформалары аркылуу каалаган убакта жана каалаган жерде байланыша аласыз”.

Байланыш телефондору: 0312 88 00 88; 0706 88 55 88; 0556 88 55 88.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 888, 7-13-ноябарь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан