Жеңишбек Сманов, актёр: “КУДАЯР ХАНДЫН ОБРАЗЫН ЖАРАТУУ МАГА СЫЙМЫК БОЛДУ”

“Курманжан датка” тасмасындагы Кудаяр ханды, “Чиркин өмүр” сериалындагы орус мүнөз бала Марленди же болбосо “Аталар керээзи” тасмасындагы Эркинди эстесеңиз бүгүнкү каарманыбыздын жүзү элесиңизге тартылат. Бул жолу белгилүү актёр Жеңишбек Смановдун бейнесин ачып берүүгө аракет кылдык.

“БИР ФЛЯГА МАЙ АЛАМ ДЕП ЭМГЕКТЕНДИМ ЭЛЕ...”

– Мен Нарын облусунун Төлөк айылынын кулунумун. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын экинчисимин. Төртөөбүз тең уул балдар болуп, улуу агам чоң ата, чоң энебиздин колунда өсүп калгандыктан ата-энемдин, кичүү бир туугандарымдын алдында жоопкерчилигим чоң эле. Сыртта атама, үйдө апама жардам берип үй жыйнап, идиш жуумай дегендер менин моюнумда болчу. Андан тышкары жайы менен чоң атабызга кол кабыш кылып жайлоодо болор элек. Бир ирет апам “ар бириң он күндөн кезектешип жайлоого барып келгиле, бир чакадан сары май берет экен” деп калды. Аны угарым менен ичимден “анда жайы менен жүрсөм мен бир фляга сары май алып келет экенмин да” деп ойлоп койдум. Ошол ой менен барып алып таң эрте туруп жылкыларды айдап келем, жеңелерим уй сааганда музоолорду кармап турам, бээ сааганга жардам берем, кой кайтарам, айтор, таң заардан күн батканча тыным жок. Чоң атам “айылга барып 3-4 күн эс алып келсең боло, чарчадың” десе да болбойм көгөрүп. Ичимден баягы бир фляга майды элестетип жүрдүм да. Ошентип жай өттү. Биз жайлоого барбасак деле берип жүргөн бир чака майды берип жөнөтүп коюшкан.

ТЕАТРГА КЕТКЕН КЫЙЫР ЖОЛ

– Театр менен киного кызыгуум бала кезимден эле ойгонгон. Кино тасмалардагы актёрлордун эмгегин суктануу менен карап отурчумун. Кийин шаарда бир аз убакыт окуп кеттим, ошол кезде бизди театрга көп алып барышар эле. Ал убакта “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтиги сахнада коюлчу. Андан театрдын корифейлери Күнболот Досумбаев, Советбек Жумадылов сыяктуу улуу агаларыбызды көрүп шыктануу пайда болгон. Ичимден актёр болсом деген ойду багып жүргөнүм менен, бир жылдай изденип жүрдүм. Кийин Үпөл деген таежем “Жамал Сейдакматованын “Тунгуч” театрына барып көрсөң кантет?” деп даректерин да жазып берди. Даярдана бар дегенинен бир тамсил жаттап алдым. Ал убакта “Тунгуч” театры аябай гүлдөп турган кез эле. Жамал эже мени сынап көрүп “оюң, боюң, үнүң, өң келбетиң баары бар экен, бирок билим алышың керек” деди. Ошол жерде ыраматылык Жаркын Балыкбаева эже бар экен, театрдын алдындагы окуу жайда мугалим болуп эмгектенерин айтып мени ээрчитип келген.

АЛГАЧКЫ РОЛДОР

– Окуумду бүтүп-бүтпөй учурдагы Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында иштеп калдым. Эң алгачкы дебютум режиссёр
Алмаз Сарлыкбековдун кол алдында, Мар Байжиевдин “Узак сапардагы поезд” чыгармасындагы лейтенанттын образы болду. Жыл өткөн сайын актёрлордун арасы суюлуп отуруп бүгүнкү күндө бул оюн сахнага чыкпай калды. Андан бери бир топ жыл өттү, бир топ спектаклдерде образ жараттым. Кийинчерээк ыраматылык Марат Козукеев агабыздун сунушу менен “Боромбай бий” чыгармасындагы Ормон хандын ролун, Бактыгүл Чотурованын калемине таандык “Томирис” спектаклинде Бактиярдын ролун ойнодум. Ошол эле “Манастын уулу Семетейде” Көбөш хандын ролун, Токтоболот Абдумомуновдун “Абийир кечирбейт” чыгармасындагы Нурдиндин образын жаратып жүрөм. Кыскасы, өз кесибибиздин ырахатын сезип, элдин кызматындабыз.

“ТЕРС КААРМАНДАРДЫН ОБРАЗЫНА СИҢИП КЕТПЕСЕМ ДЕЙМ”

– Кийинчерээк кино тасмаларга чакыруулар түшө баштады. Режиссёр Мурат Мамбетов агабыздын “Чиркин өмүр” сериалында орус чалыш каарман Марлендин образы менен экранга чыккам. Андан көп узабай Нурбек Эгендин “Аталар керээзи” тасмасында Эркиндин образын жараттым. Дагы бир оозго аларлык кинодогу ролдорумдун бири – бул Садык Шер-Нияз агабыздын режиссёрлугу алдында тартылган “Курманжан датка” тарыхый тасмасындагы Кудаяр хандын образы. Бул ролго жетүү, албетте, оңой болгон жок. Актёрлорду тандоо кастинги үчүн жарым жыл убакыт кетти. Алгач таптакыр башка роль үчүн кастингге баргам. Бирок видео сындан өтүп жатканда режиссёр “сизге бул роль жарабайт экен, андан көрө Кокон хандыгынын акыркы ханы Кудаяр ханды ойноп көрүңүз” деп калды. Буйрук экен, ушул роль менен тарыхый тасмага тартылып калдым. Албетте, бул мен үчүн сыймык. Адатта коммерциялык тасмаларда мындай 3-4 мүнөттүк кадрды 2 саатта эле тартып койсок, мында бир жума бою тартуу иштеринде жүрдүм. Андыктан эч кандай кемчилиги жок, жакшы деңгээлде ойной алдым деп ишенем.

Кинотасмаларга чакыруулар көп. Бирок баары эле терс каармандардын ролун сунуштай беришет. Ошол себептен терс каармандардын образына сиңип кетпесем экен дейм. Мындай ролдорду убактылуу жыйыштырып турсамбы деген ойдо жүрөм.

“БИР КҮНҮ КЕЛИНДИН, БИР КҮНҮ КЕМПИРДИН РОЛУН АТКАРА БЕРМЕЙ”

– Эл театрларга көп каттабай, зал толбой, сахналар бош калган кезде элге комедия жанрындагы чыгармалар тартууланса деген максатта “Дем” театры түзүлбөдү беле. Эң алгачкы концертибиз 2003-жылы өттү. Ал убактан бери бул театрдын алкагында кандай гана ролдорду ойнободук. Бир күнү кемпирдин, бир күнү жаш жигиттин, бир күнү келиндин ролундабыз. Бир ирет концертке камынып жатсак, мырзалардын костюмери кеткени жатыптыр. Алдымдан актёрлордун бири чыгып калып ага эскертип жатпаймынбы, “костюмдарыңды алып ал, мырзалардын костюмери кетип жатат” десем, “кетсе кетет да, мага айымдардын костюмери кетпесе болду, анткени жалаң айымдардын ролун аткарам” деп күлүп калды.

“БАЛДАРЫМДЫН АКТЁР БОЛУШУН КААЛАБАЙМ”

– 21 жашымда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда окуп жүргөн кезде Зинаида аттуу Ысык-Көлдүн сулуусуна жолугуп, 3 ай сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Кудайга шүгүр, бүгүнкү күндө үч уулдун ата-энесибиз. Балдарымдын улуусу Рамзан 7-класста окуйт, экинчиси Азирет, кичүүбүз Адильхан. Уулдарымдын сабактарын ар дайым өзүм көзөмөлдөп турам. Кесибиме байланыштуу гастролго көп кетүүгө туура келет. Шаарда болгондо балдарыма көбүрөөк көңүл бурганга аракет кылам. Сын көз менен караганда үчөөнөн тең актёрлук талантты байкоого болот. Үчөө тең кыска метраждуу тасмаларга тартылып жүрүшөт. Бирок балдарымдын актёр болушун ичимден каалабай турам негедир. Эгер өздөрүнүн тандоосу так ушул кесип болуп калса, анда айла жок.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Shef87
2019-11-11 11:41:43
Гентоболизим
0
sahara
2019-11-12 11:08:26
Shef87,
ал эмне
0
sahara
2019-11-12 11:08:01
Мыкты актер
+2
№ 888, 7-13-ноябарь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан