“ГИННЕССТИН РЕКОРДДОР КИТЕБИНЕ” КИРГЕН ЭҢ УЗУН ЧАЧТУУ ЯО ЭЛИ

Тарых, салт, ийгилик, байлык, жакшы жашоо – булардын баары яо элинин аялдарынын тутам чачына байланган. Алар чачтарын өмүрүндө бир гана жолу кыркышат жана ага күрүч талаасынан да артык кам көрүшөт.

Кызыл яо этникалык тобу Кытайдын түштүгүндөгү Гуанси-Чжуан автономдук районунда жана Вьетнамда жашайт. Жүргүзгөн чарбасы, кийген кийимдерине жараша яо эли мурун “тоолук яо”, “себеттүү яо”, “ак ыштандуу яо”, “кызыл яо”, “бапиндик яо” жана башка болуп бөлүнүшчү. Кытай Эл Республикасы түзүлгөндөн кийин жалпылаштырылып “яо” эли деп аталган.

Биз Кытайда жашаган кызыл яо этникалык тобу тууралуу сөз кылабыз. Алардын саны болжол менен 4600 адам. Күрүч өстүрүшөт жана туристтерге сувенирлерди сатып жан багышат. Салт боюнча, кызыл өңдөгү кийимдерди кийишет. Райондогу эң белгилүү айыл болуп Хуанло эсептелет. Айыл эң узун чачтуу аялдардын айылы катары "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген. Анда жашаган аялдардын чачынын узундугу орточо эсеп менен 1 метр 70 сантиметр.

Кыздары салт боюнча 18 жашка толгонго чейин чачтарын бир да жолу кыркышпайт. Качан 18ге толгондо балалык доору менен коштошуп, чоңдорго кошулат деп эсептелет да, чачы кыркылат. Кызыл яо элинин түшүнүгү боюнча, аялдын чачы аны Кудай менен байланыштырып турат. Чач канчалык узун болсо ошончолук ийгилик, байлык жана жакшы жашоо келет дешет. 18ге толгондо чачты кыркуу – Кудайга курмандык чалуу болуп да эсептелет. Чачты өстүрүү күрүчтү өстүрүү сыяктуу эмгекти жана камкордукту талап кылат. Чач канчалык узун болсо күрүчтүн да түшүмү мол болот, түшүм мол болсо жакшы жашоо да болот делет. Көпчүлүк аялдардын чачы 2 метрдин тегерегинде. Жылтырап сонун көрүнүп турат, ак аралаган чачты көрүү сейрек. Алар чачты жууш үчүн атайын каражат жасап алышат. Күрүчтү жууп, сууга апельсиндин кабыгы менен кошо салып кайнатышат. Кайнатманы 15-30 күн сактап, аны чачтарына сүртүп, 20 мүнөттөн кийин жууп салышат. Жыгач тарак менен тарашат. Түшкөн чачты эч качан ыргытышпайт. Аларды чогултушат. Чогултулган чачты чачтарына кошуп өрүп, же түйүп алышат. Ошентип аялдын жашы өйдөлөгөн сайын чачынын салмагы да оорлоп жүрүп отурат. Турмушка чыга элек кыздар чачтарын арт жакка чогултуп кызыл жоолук салынып жүрүшсө, турмушка чыккан бала-чакалуу аялдар чачтарын алдыга, чекеге топтоп түйүп жүрүшөт.

Аялдар токуу жана сайма саюу менен да алектенишет. Бир кийимди өтө кооздоп саймалап чыгууга 3 жылга чейин убакыт коротушат.

Кызыл яо эли бир жылда бир жолу Саньюэсань фестивалын өткөрөт. Фестивалды көрүү үчүн дүйнөнүн ар бурчунан көптөгөн туристтер барат. Анда кызыл яонун аялдары дарыянын жээгине бир катарга тизилип алып, дарыяга баштарын жуушат, тарашат. Айылдыктарга кирешени көбүнчө туристтер алып келет. Ошондуктан яо аялдары “узун чачтарыбыз бизге жардам берүүдө, биздин сыйынуубузду Кудай угат” дешет.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Nevestkaa
2019-11-11 13:24:04
Шумдуктуудай салт санаа го.
+3
akmanai
2019-11-11 14:26:17
Жакшы чыгарылыш. Кызыктуу.
+6
Nur777
2019-11-17 14:16:54
Ото кызыктуу экен.
0
№ 888, 7-13-ноябарь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан