ЧОЧКО ТУМООСУНУН ОРДУНА СУПЕРМИКРОБ. КОРКУНУЧУ ЭМНЕДЕ?

Медицина күндөн-күнгө өнүгүүдө дегенибиз менен, анын алы жетпеген оорулар да бар. Мисалы, СПИД. Эми болсо супермикроб деген пайда болду. Окумуштуулардын айтымында, буга каршы дары-дармек иштеп чыгуу ишке ашпоосу да мүмкүн. Демек, пандемияга айлануу коркунучу бар.

ЖАҢЫ МИКРОБДУН АЛГАЧКЫ КУРМАНДЫГЫ
Бельгиянын Брюссель университеттик клиникасында пакистандык жаран көз жумду. Аны эң күчтүү делген антибиотиктер менен алып калууга болгон врачтардын далалаты текке кетти. Пакистандыктын өлүмүнүн себепкери NDM-1 (Neu Delhi Metallo-Beta-Lactamase) ферменттүү бактерия болуп калды. Ошентип, чочко тумоосунан кийин учурда дүйнөнү коркунучка камай баштаган супермикроб алгачкы курмандыгын өлтүрүп тынды.

СУПЕРМИКРОБ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Супермикроб – NDM-1 ферменттүү (белок), бир клеткалуу организм. Мунун өзгөчөлүгү жана коркунучу – дүйнөдөгү эң күчтүү делген антибиотиктерге (мисалы, карбапенем) да туруштук бере алгандыгында. Башкача айтканда, супермикроб жуккан адамды аман алып калуу өтө кыйын. Супермикроб жугуштуу да болуп саналат.
Супермикробду өлтүрмөк тургай, аны аныктоо да мүшкүл болгондуктан, окумуштуулар "дүйнөгө бат тарап кетиши мүмкүн" деп чочулашууда. Ушул негизде жаңы микроб “жеңилбес микроб” деп да атала баштады.

КАЙДАН КЕЛИП ЧЫККАН?
Учурда супермикробду жуктуруп алгандар Улуу Британияда, АКШда, Австралияда, Нидерландыда, Канадада, Швецияда катталды. Ооругандардын саны Улуу Британияда 50нү, Индиянын эки штатында 60 адамды түзүүдө.
Медиктер өзгөчө микробду жуктуруп алгандардын көбү Индияга же Пакистанга барып, ал жактан жаракатка кабылып дарылангандар же пластикалык операция жасаткандар экендигин тастыкташкан. Ушундан улам эки өлкөнүн пластикалык хирургдары супермикробду жайылтуучулар катары каралууда. Айта кетсек, аталган өлкөлөрдө пластикалык жана трансплантациялык (органдарды көчүрүп жайгаштыруу) операциялар Европа өлкөлөрүнө жана АКШга караганда арзан. Ушундан улам сулуу же жаңы органдуу болгусу келгендер Индияга жана Пакистанга агылышат. Кыскасы, супермикроб медициналык туризмден жайылган.
Супермикроб алгач 2009-жылы Нью-Делиде (Индиянын борбору Делинин бир бөлүгү), тактап айтканда, Индияга барып пластикалык операция жасаткан швециялык аялда табылган. Ушундан улам супермикроб NDM-1 (Neu Delhi Metallo-Beta-Lactamase) аталышына ээ болгон. Кийинчерээк ал Индиянын башка шаарларында жана Пакистан менен Бангладеш өлкөлөрүндө табылган.
Индиянын парламенти: “Супермикробду биздин пластикалык хирургдар таркатып жатат” деген болбогон кеп. Анткени башка өлкөнүн хирургдары биздеги суроо-талаптын өсүп жаткандыгына ичи тарлык кылышууда. Ушундан улам биздин хирургдарды жаманатты кылып, бизге келем деген кардарларды үркүтүп, өздөрүнө тартып алгылары келишет”,- деген билдирүү жасады.

КАЙСЫ ОРГАНДАРДЫ ЖАБЫРКАТАТ?
Супермикроб изилденип бүтө элек. Андыктан аны жуктуруп алгандарды дарылоо үчүн атайын дары-дармек иштелип чыга элек. Бирок ооруну жуктуруп алгандарды антибиотик түрлөрү менен дарылоо жүргүзүлүүдө.
NDM-1 ферменти башка бактерияларда жашай алат. Андыктан ичеги ооруларын козгоочу ичеги таякчаларында, энтобактерияларда (ооруну козгоочу бактериялар тобу), протей бактериясында (заара чыгаруу жолдорунун оорусун козгоочу бактерия) жана башкаларда табылган. Демек, супермикроб дем алуу органдарын, ашказан-ичеги жана заара чыгаруу жолдорун, жумшак ткандарды жабыркатып, алтургай сепсиске (ириңдеп, кандын бузулуусу) алып келүүсү мүмкүн.
Супермикроб мутацияланууга абдан жөндөмдүү. Андыктан көпчүлүк окумуштуулар аны жок кылуучу дары-дармектин жаралышы күмөн туудурары жөнүндө айтышууда.

ЧЫНДАП КОРКУНУЧ ЖАРАЛДЫБЫ ЖЕ...
Жыл санап жер жүзүндө адамдардын саны көбөйүп баратканы жалпыга маалым. Анын үстүнө фармацевтика бизнесинде атаандаштык өсүүдө. Ушундан улам дүйнөнүн түркүн бурчунан «супермикроб адамдардын санын кыскартуу үчүн атайылап ойлонуп табылган нерсе. Же бул фармацевттердин кезектеги пайда табууну көздөгөн оюну» (чочко тумоосу ызы-чуусундагыдай абал жана көрүнүш) дешүүдө. Эмнеси болсо да баарын мезгил өзү көрсөтүп, өзү тастыктаар.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Адам
2010-08-21 03:56:16
...Ушундан улам дүйнөнүн түркүн бурчунан «супермикроб адамдардын санын кыскартуу үчүн атайылап ойлонуп табылган нерсе. Же бул фармацевттердин кезектеги пайда табууну көздөгөн оюну»...
толллук 0 кошулам!
0
jua
2010-08-21 16:34:05
Хоп хоп хоп.
0
№ 407, 20-26-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан