Жаздын күнү болчу. Кытайдын чек арасынан бери эки фураны эки машинада коштоп келатканбыз. Алдыдагы фураны Арсен жигиттери менен коштоп, бизден бир топ эле узап, алдыга кетип калышкан. Баарыбызда «Уоки-токи» деген рация бар, байланышыбыз ушул рация аркылуу. Биз экинчи фураны коштоп эскирээк Тойотада, фурадан эки чакырымдай арттабыз. Рулда Кани, жанында Рустам деген жигит, артта мен. Тартип боюнча биздин машиналар бири-биринен тегиз жерлерде он чакырым, тоолуу жерлерде беш чакырымдан ашык алыстабашы керек, болбосо рация тартпай калат. Саат түнкү эки болуп калган, күн бүркөө болгондуктан айлана көзгө сайса көрүнгүс караңгы. Магнитофондо айтылуу Стиви Уандер сүйүктүүсүнө телефон чалганын айтып ырдап келатат. Бир маалда рациядан биз коштоп келаткан фуранын айдоочусу Игордун үнү чыгып калды:
– Менттер, балдар. Токто деп белги берип жатышат.
Рацияны алдыдагы Рустамдын колунан жулуп алдым. Артты карасам, бир да машинанын жарыгы көрүнбөйт. Бул жерде токтош кооптуу болчу.
– Игорь, булар ГАИ эмес, токтобо, катуу айдап өтүп кет.
– Самат, өтүп кете албайм. Автоматтар менен турушат.
– Макул, анда. Токтой бер. Биз өтүп кете беребиз да, бурулуштан кийин токтоп жөө кайтып келебиз. Ага чейин алаксыта тур...
Саматтын бактылуу жай турмушу атасы каза болуп, үйүн банк тартып алганда кыйрады. Тиричилик түйшүгү аны Казакстанга алпарып, таптакыр башка жашоого кошту. Сынады, коркутту. Бирок Самат жалгыз таянары – апасынын жакшы жашоосу үчүн баарына чыдоого аргасыз эле.